Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:43

Дүйнө

Орусия Араб Лигасын сынга алды

Орусия Араб Лигасын Сирия миссиясын токтоткону үчүн сынга алды. Лига кечээ Сирияда кан төгүү күчөшүнөн миссия иши токтотулганын жарыялаган.

Сирия -- Дамаскинин Аин Тарма аймагын кайтарган аскерлер. 2012-жылдын 26-январы.
Текст көлөмү - +
Анын аралыгында Сириянын баш калаасына жакын аймактарда өкмөттүк аскерлер менен армиядан качып, демонстранттар колдоп жаткан дезертирлердин ортосунда оор салгылаш жүргөнү кабарланды.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Араб Лигасы Сириядагы байкоочуларынын ишин токтотуп жатканына таң калганын билдирди. Жекшемби күнү Брунейде болгондо Лавров Лига жаңы эле миссиянын мөөнөтүн бир айга узарткандыгын белгилеп, тескерисинче Сирияда байкоочулардын санын көбөйтүш керек деди.

Араб Лигасынын тышкы иштер министрлери бул күнү байкоочуларды Сириядан толук чыгаруу маселесин бир жумадан кийин, 5-февралда талкуулоого макулдашты. Өткөн ишемби күнү Лига 100 чакты байкоочунун иши кан төгүүнүн күч алышынан улам дароо токтотулуп жаткандыгын жарыялаган.

Сириянын бийликтери бул чечимди бир чети «таң калуу» менен, бир чети «өкүнүү менен» кабыл алгандыгын билдирүүдө, ал эми мамлекеттик САНА кабар агенттиги «миссиянын токтотулушу Сириянын иштерине тыштан кийлигишүүгө болгон кысымды күч алдыруунун амалы» деп жазды.

Кечээ жекшембиде Сириядагы кагылыштарда аз дегенде 16 аскер, үч жайкын тургун набыт болгону кабарланды. Лондондо жайгашкан Сириядагы Адам укуктарын көзөмөлдөө уюму Сириянын түндүгүндөгү автокербенге кол салууда 10 аскер окко учту деп билдирди. Уюм бул күнү Дамаскиден 10 чакырым аралыктагы кагылышта үч карапайым жаран курман болгондугун да кошумчалады. Бул аймакта ишемби күнкү салгылашта 11 аскер, 6 карапайым сириялык набыт болгондугу айтылган эле.

Ал эми өкмөттүк САНА кабар агенттиги «куралданган террорчулар» аткылаганда Дамаскинин жака-белинде бараткан автобустун ичинде алты аскер кызматкери күм-жам болду деген маалымат таркатты.

Жума күнү бир нече араб мамлекети Араб Лигасынын сунушуна негизделген, президент Башар ал-Асаддын кызматтан кетишин талап кылган резолюциянын долбоорун БУУнун Коопсуздук Кеңешине тапшырган. Бул планга каршы болгон Орусия 11 айдан берки кан төгүү үчүн жоопкерчиликти Асаддын аскерлери менен оппозицияга теңме-тең ыйгарууну караган резолюзиянын долбоорун сунуш этти. Мындай сунушту Батыш өлкөлөрү четке какты.

Орусиянын Асаддын режими менен соода ымаласы жакын жана Жакынкы Чыгышта орус армиясынын дал ушул Сириянын жээгинде гана аскер базасы бар.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)