Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Путиндин санаалаштарына иш козголду


Москва
Москва

Испаниянын улуттук соту орусиялык азыркы жана мурдагы бир катар аткаминерлерди камакка алуу чечимин чыгарды. Арасында президент Владимир Путин менен жакын санаалаш бир катар саясий ишмерлер бар.

Тизмедеги ар бир шектүү адамга оор кылмыштарды жасоо, анын ичинде адам өлтүрүү, мыйзамсыз курал жана маңзат жүгүртүү, арам акчаны адалдаштыруу жана коррупция сыяктуу кылмыштарга барганы тууралуу олуттуу далилдер бар экени айтылууда. Кремл бул боюнча реакция жасай элек.

Судья Хосе де ла Мата орусиялык саясатчыларды камакка алуу чечимин январь айында эле чыгарган. Бирок бул тууралуу коомчулукка 2-майда гана маалым болду.

El Mundo басылмасы кабарлагандай, алардын арасында Маңзатты көзөмөлдөө федералдык кызматынын жетекчисинин орун басары Николай Аулов жана Мамлекеттик Думада “Единая Россия” партиясынан депутат Владислав Резник да бар.

Сот чечиминде Резник “Тамбов уюшкан кылмыштуу тобунун” анабашчысы саналган Геннадий Петровдун кызыкчылыгы үчүн иштегени айтылат. Ал эми Аулов испан сотунун версиясы боюнча, Петровго зыян алып келе турган адамдарды өз кызматынан пайдаланып, коркутуп-үркүтүп келген.

Мындан тышкары сот Аулов менен байланышы бар экени айтылган Леонид Христофоровду жана Орусиянын тергөө комитетинин мурдагы жетекчи орун басары Игорь Соболевскийди да камакка алуу чечимин чыгарган.

Прокуратуранын баяндамасында кылмыштуу топ саналган орусиялык чиновниктерге төмөнкүчө мүнөздөмө берилет:

- Геннадий Петров башында турган кылмыштуу топ мыйзам чыгаруучу Владислав Резник менен эле иштешпей, дагы башка бир нече министрлерди өзүнө тартып, өлкөсүндөгү мамлекеттик түзүмдөрдүн ишмердигине тикелей киришкен.

Материалдарда вице-премьер-министр Дмитрий Козактын, Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкиндин, мурдагы коргоо министри Анатолий Серюдковдун ысымдары да бар экени айтылууда. Андан тышкары, 2007-2008-жылдары Медведевдин президенттигинин тушунда премьер-министрдин биринчи орунбасары болгон Виктор Зубков да бул тизмеге кирген. Шектүүлөрдүн катарын мурунку маалыматтык технологиялар министри Леонид Рейман толуктайт. Алардын да кайсы бир деңгээлде Петров менен алака-катышта болгону жазылган.

Орус мафиясы тууралуу 2008-жылы Испанияда “Тамбов уюшкан кылмыштык уюму” менен байланышы бар деп бир нече орусиялык жаран камалгандан соң маалым болгон. Анда Геннадий Петров өзү да кармалган. Бирок 2012-жылы Орусияга убактылуу чыгып келүүгө уруксат алып, кийин Испанияга кайтып барган эмес.

Аты аталып жаткан Петров 1998-жылы ROSSIA банкынын ээлеринин бири болгон. Аны менен бирге аталган банкка Путиндин жакын санаалаштары Николай Шамалов, Виктор Мячин жана Юрий Ковальчук да ээлик кылган. Бул үч киши 1996-жылы Ozero деп аталган ири курулуш кооперативин да негиздешкен. Алар Санкт-Петербург шаарына жакын жерге курдурган үйлөр чиновниктердин жана ишкерлердин жабык жолугушуулары өтчү жерге айланганын орус оппозиционери Алексей Навальный айтып чыккан жайы бар.

“Тамбов уюшкан кылмыштык уюму” Санкт-Петербургда 1980-жылдардын аягында пайда болгон. Анын мүчөлөрү сойкулук бизнеси, маңзат сатуу, акча уурдоо жана рекетчилик менен алектенгени тууралуу маалыматтар бар. 2008-жылы Болгарияда 1 миллиард евро уурдоо операциясын уюштурган деп кылмыш иши да козголгон.

Азырынча Испания сотунун орусиялык аткаминерлерди камакка алуу чечимине Кремл үн ката элек. Күч органдарынын өкүлдөрү шектүүлөрдүн баары Орусиянын аймагында жашап жүрүшкөнүн маалымдады.

XS
SM
MD
LG