Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:47

Борбор Азия

Тажик түрмөсүнөн качкан айыпкерлер кармала элек

Taжикстанда коркунучтуу кылмышкерлер тобу менен түрмөдөн качыптыр деген кабардан кийин, Кыргызстан бул өлкө менен чек арасын бекемдеген. Мындан төрт күн мурда качкан 25 кишиден алигиче эч кимиси кармала элек.

Тажикстанда түрмөдөн качкандардын сүрөттөрү
x
Тажикстанда түрмөдөн качкандардын сүрөттөрү
Текст көлөмү - +
Тажикстандын коопсуздук кызматтарынын маалыматы боюнча, 25 айыпкер Коопсуздук министрлигинин түрмөсүнөн 22-августтун түнүндө качып чыккан. Бул окуядан бир нече саат мурда Акыйкаттык министрлигине тийешелүү болгон түрмөдө атышууда беш түрмө кайгуулу окко учкан эле.

Качкан айыпкерлердин көбү бийликти кулатуу аракети деген айып менен кесилгендер болгон. Аларга дагы терроризм, маң заттарынын аткезчилиги, исламдык согушкер аракеттер боюнча кинелер коюлган. Арасында өзбек, ооган, Түндүк Кавказдан, бардыгы 11 чет элдик болгон.

Алардан эч кимиси кармала да элек, катуу кайтарылган коопсуздук министрлигинин абагынан алар кандайча качып чыккандыгы да түшүнүксүз. Качуу айыпкерлер тарабынан даярдалганбы, же сырттан жардам болгонбу, бул дагы бүдөмүк. Айрым эксперттер түрмөдөн 25тен көп адам качкан болушу мүмкүн деп шек санашууда.

Тажик бийликтери качкындардын көбүнүн кичи мекени жана исламдык оппозициянын бир кездеги таянычы болгон өлкөнүн чыгышындагы Тавил-Дара жана Рашт өрөөнүнө кошумча аскер жиберди.

Дүшөмбүдө өкмөт качкандарды колго түшүрүү үчүн атайын жумушчу тобун түздү, Интерполго, Орусияга, коңшу мамлекеттерден «коркунучтуу кылмышкерлерди» кармоого жардам суранды. Экс-президент Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиев Тажикстандын аймагында болушу мүмкүн, мындан тышкары июндагы калабага тажикстандын исламчык күчтөрдүн тийешеси бар деп шектенген кыргыз бийликтери Тажикстан менен чек арасына кошумча аскер жиберди. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бир түндө эле Тажикстандын баш калаасына жана коңшулаш Согдий дубанына баруучу жолдо бойлото аз эле дегенде жети текшерип-өткөрүү бекеттери орнотулду.

Исламдык оппозициянын мурдагы мүчөсү жана мурдагы президенттик талапкер Давлати Усмон качкындар «ар кыл күчтөр менен» күчүн бириктириши толук мүмкүн деп эсептейт:

- Тажикстанда учурда түзүлгөн кырдаалдан алганда, бул адамдар кандайдыр бир конкреттүү максатта биригишип, өкмөткө коркунуч келтире албайт. Бул өтө кыйын, бирок мүмкүн. Өкмөт да алар көп баш ооруну жаратат деп тынчсызданып жатат.

Дүйшөмбүлүк саясат таануучу Парвиз Мулложоновдун пикиринде, бул качкындар дароо эле бийликке каршы чыга албаганы менен, келечекте аларды өкмөткө каршыккан ар кандай күчтөр колдонуп кетиши ажеп эмес.

Орусиялык айрым баяндамачылар бул айыпкерлердин качышына бийлик чөйрөлөрүнөн кимдир бирөөлөрдүн тийшеси болгон болушу мүмкүн экендигин белгилешүүдө. Ал эми Давлати Усмондун ишениминде, бул окуя кооопсуздук саясатын кайра карап чыгуу зарылдыгын айгинеледи.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Айбек каяктан: Тажикстан
29.08.2010 18:39
Атуулдук согушту башынан откоргон бул кошуна элдеги кыргыз этносунун абалын да унутпаш керек. Жети жыл граждандык согуш журуп жатса да Акаев бийлиги конул бурган эмес. Тыянагында 1999-2000-жылдары боевиктер так ушул Тавилдара ороонунон кирип келгени маалым. Азыр да боевиктер тараптан коркунучтун илеби бар. Алдын алуу чараларын, чалгындоо жана контрчалгындоону эфективдуу алып баруу - кесепеттен сактап калат деп ишенем.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)