Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Зыяратка барган тажик ырчылары сынга кабылды


Фарзона Хуршед абактагы жигитин сот залынан качырууга көмөктөшкөнү үчүн 2010-жылы эки жылга эркинен ажыратылган.
Фарзона Хуршед абактагы жигитин сот залынан качырууга көмөктөшкөнү үчүн 2010-жылы эки жылга эркинен ажыратылган.

Тажикстанда эстрада жылдыздары саналган, ошол эле маалда улам бир чуулгандуу иштерге аралашып таанылган эже-сиңди ырчылар Шабнам Сурайе менен Фарзона Хуршед Мекеге зыяратка барышты.

Тажик эстрадасынын жылдыздары, бир тууган эже-сиңдилер Шабнам Сурайе менен Фарзона Хуршед Мекеге барып, ыйык Орозо айында Каабаны айланып, сыйынып жүргөн видеосун социалдык тармактардын бирине жайгаштырышкан. Кыздар өздөрү белгилегендей, алар «кичи ажылык» деп аталган Умра зыяратына барышкан. Ырчылар менен кошо алардын улуу эжеси Рузигүл дагы Мекеге чогуу барган.

Тажик эстрадасынын жылдыздары, бир тууган эже-сиңдилер Шабнам Сурайе менен Фарзона Хуршед.
Тажик эстрадасынын жылдыздары, бир тууган эже-сиңдилер Шабнам Сурайе менен Фарзона Хуршед.

Өздөрүн өтө эле заманбап алып жүргөн эже-сиңдилердин эми минтип мусулманча баштан аяк жабык кийим кийип, Каабанын тушунда түшкөн сүрөтүн айрымдар аябай жактырса, башкалар катуу сындашууда.

Исламдын салттары бекем сакталган Тажикстанда ырчы кыздар башка аткаруучулардан айырмаланып ашкере ачык кийингени, коомго өөн учураган жүрүш-турушу менен өзгөчөлөнүп келишкен.

Мекеде зыярат кылган эже-сиңди Душанбеге 30-июлда кайтып келет деп кабарланган. Ал ортодо кыздары алыста жүргөндө Тажикстандын эл артисти Сурайе Касымованын үйү өрттөндү. Жалпы фарсы тилдүү дүйнөгө таанымал ырчынын Куляб шаарындагы эки кабат үйүнүн отуз пайызын жалын каптаптыр.

«Мен биринчи кабатта уктап жаткам. Өрт экинчи кабатта тутаныптыр. Коңшуларым көрүп калып, мага жетип ойготушту. Өрт өчүрүүчүлөр дагы тез эле жетип келишти. Эгер алар кечиккенде, коңшуларым көрбөгөндө жалын биринчи кабатка жетмек» - деди «Азаттыктын» тажик кызматына Сурайе Касымова.

Жергиликтүү милиция менен өрт өчүрүүчүлөр болсо атактуу ырчынын үйүндөгү өрт бирөөлөр тарабынан уюшулган деген шектенүүсүн «Азаттыкка» билдиришти. Тергөөчүлөр дагы "тилсиз жоо" карасанатай бирөөлөр тарабынан каптаган деген жоромолун айтышты.

Фарзона Хуршед абактагы жигитин сот залынан качырууга көмөктөшкөнү үчүн 2010-жылы эки жылга эркинен ажыратылган. Чуулгандуу бул окуядан кийин 21 жаштагы ырчынын аты Тажикстандан ары алыска тараган.

Фарзона көз боёмочулук үчүн 10 жылга кесилген жигити Фаррух Рузиевди аны кайтарган сакчылардан сурап алып, соттун имаратынан ээрчитип чыгып, машинеге салып Душанбеге чукул Варзоб өрөөнүнө кетип калган жеринен кармалышкан. Бир жарым жыл абакта отурган Фарзона Хуршед мунапыс алып, эркиндикке чыккан.

Умра зыяратына баруу кыргыз ырчыларынын арасында дагы кеңири тарап бараткандай. Былтыр кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчылары Омар, Мирбек Атабеков, Замир Арыкбаев жана бийчи, шоумен Бакыт Байсариев Сауд Арабиясынын Медина шаарына зыяратка барып келишкен.

XS
SM
MD
LG