Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Тажик оппозиционери Стамбулда өлтүрүлдү


Умарали Кувватов атып өлтүрүлгөн жер. Стамбул.
Умарали Кувватов атып өлтүрүлгөн жер. Стамбул.

Оппозициячыл тажик саясатчысы, ишкер Умарали Кувватов 5-мартта Стамбулда киши колдуу болуп өлдү. Кувватов акыркы жылдары Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду активдүү сындап жүргөн.

Түркиянын бийликтери Умарали Кувватов атып өлтүрүлгөнүн тастыктады. Расмий Дүйшөмбү качкын саясатчынын өлүмү боюнча билдирүү жасай элек.

Президент Эмомали Рахмондун элдешкис саясий сынчыларынын бири 47 жаштагы Умарали Кувватовду бейшемби күнү түнкү 10:30 ченде Стамбулдун Аксарай бөлүгүндө белгисиз бирөө атып кетти. Бул жөнүндө “Азаттык” радиосуна маркумдун жакын санаалаштарынын бири Шарофиддин Гадоев билдирди.

Түркиянын маалымат булактарынын маркумдун туугандарына таянып кабарлашынча, 4-мартта кечинде Кувватов үй-бүлөсү менен кафеге конокко чакырылат. Сый тамак маалында Кувватов өзүн начар сезип, эшикке чыкканда капилет пайда болгон белгисиз бирөө башка атып кеткен.

Умурали Кувватов
Умурали Кувватов

Анын зайыбы жана эки наристеси да тамактан ууланып, ооруканага жеткирилгени кабарланды. Ал эми Кувватов менен кафеде чогуу болгон Сулайман деген киши ордунан "кайып" болуп кеткен.

Стамбул шаардык полициясынын терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгын өкүлү 6-мартта “Азаттык” радиосуна: “Умарали Кувватовдун иши боюнча азыр тергөө жүрүүдө. Ошон үчүн эч кандай маалымат берилбейт” деп билдирди.

Умарали Кувватов бир жылдары президент Эмомали Рахмондун жакын туугандарынын соода өнөктөшү болгон. Бирок ортодо коммерциялык чатак чыгып, ишкер 2012-жылы Тажикстандан Москвага чыгып кеткен жана оппозициячыл “Группа 24” тобун негиздеген.

Кувватов элди 2014-жылы 10-октябрда Дүйшөмбүдө антиөкмөттүк митингге чакырганда, бийликтер коопсуздук чараларын күчөтүп, ордо шаардын кире бериш жолдоруна бронетранспортерлер күзөткө коюлган. Ондогон социалдык сайттар жабылган. Ошол болбой калган митингден кийин “Группа 24” экстремисттик уюм деп жарыяланып, ишмердигине Тажикстанда тыюу салынган.

Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода 16-январда жасаган билдирүүсүндө Кувватов жасаган финансылык жана экономикалык кылмыштары үчүн жоопко тартуу максатында Түркияга кайрылуу жөнөтүлгөнүн билдирген. Орусияда “Группа 24” уюмунун сегиз мүчөсү камакка алынып, аларды экстрадициялоо жараяны жүрүп жатканын да кошумчалаган.

Буга чейин Кувватовду Бириккен Араб Эмирлиги жана Түркиянын полициясы кармап, бирок ата журтуна өткөрүп берүү үчүн тажик тарап берген далилдер жетишсиз делип, коё берилген.

Дүйшөмбү
Дүйшөмбү

4-мартта Дүйшөмбү шаардык соту береги оппозициячыл топтун мүчөсү Үмөтжан Салиховду экстремист жана президент Рахмонду кемсинтип шылдыңдады деп айыптады жана 17, 5 жылга эркинен ажыратканы маалымдалды.

Тажикстандык талдоочу Раджаби Мирзо “Азаттык” радиосуна берген интервьюда Умарали Кувватовдун өлүмүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жакында Австриянын түрмөсүндө өлгөн экс-күйөө баласы Рахат Алиевдин тагдыры менен салыштырды.

- Бул эки окуя биздин бийликке сын айткан диссиденттерди жана оппозиционерлерди эмне күткөнүн көрсөтөт. Алардын өмүрү үчүн Дүйшөмбү же Астанадан башка жактар да кооптуу. Мындай окуялар үчүн Москва, Астана жана Дүйшөмбүдөгү расмий бийликтер жооптуу деп айтам. Себеби, алардын жарандары өз келечегин өздөрү аныктай албай жатканда, алардын тагдыры үчүнчү же төртүнчү күчтөр тарабынан аныкталат.

Ал эми Тажикстан компартиясынын төрагасы Шоди Шабдолов өлкө ичинде жана сыртында кырдаалды кемедей чайпалтууну көздөгөн күчтөр Умарали Кувватов сыяктуу инсандардын өлүмүн өз максатында пайдаланышы ыктымал деп боолгойт.

XS
SM
MD
LG