Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Тажик адвокаттарын бошотуу талабы


Дүйшөмбү, Тажикстан
Дүйшөмбү, Тажикстан

Адам укугун коргоо боюнча эки эл аралык уюм - Human Rights Watch менен Норвегиядагы Хельсинки комитети биргелешкен билдирүүсүндө тажик бийлигин ар кандай себеп менен камалган төрт адвокат менен бир адвокаттын эки уулун тезинен бошотууну талап кылды. Аталган уюмдар тажик адвокаттары саясий негизде камалган деп эсептейт.

Эл аралык эки укук коргоо уюмунун 4-майда жарыяланган биргелешкен билдирүүсү “Тажикстан: адвокаттарды бошоткула” деп аталат. Анда 2014-жылдан азырга чейин бул өлкөдө кеминде беш адвокат - Шухрат Кудратов, Фахриддин Зокиров, Бузургмехр Ёров, Нуриддин Махкамов, Дилбар Дододжонова жана дагы бир белгилүү адвокат Исхак Табаровдун Фируз менен Далер аттуу эки уулу камалганы айтылат.

Ошондой эле бул адвокаттардын арасынан Фахриддин Зокиров гана бошотулуп, калгандары шектүү айыптар менен жаза мөөнөтүн өтөп жатканы, же ойдон чыгарылган күнөө менен тергөө абагында отурганы белгиленет.

Аталган эки эл аралык укук коргоо уюму тажик бийликтерин адвокаттарды куугунтуктоо менен кысмактоону токтотууга да чакырган.

Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия маселелери боюнча аналитиги Стив Свердлов бул билдирүүнүн маани-аңызын мындайча чечмеледи:

- Тажик бийликтерин эл аралык милдеттенмелерин сактоого, тактап айтканда юристтер боюнча негизги принциптерди сактоого чакырдык. БУУнун бул документи юристтер менен адвокаттар ишмердигине, ишине байланыштуу жапа чекпеши керектигин эске салат. Биз тажик бийликтерин азыр юрист катары өз ишмердигинен жапа чегип жаткан алты адамды токтоосуз түрдө бошотууга чакырып жатабыз.

Аналитик Стив Свердлов бул адвокаттар саясий негизде камалганы айкын көрүнүп турганын да кошумчалады:

- Алардын камалышында саясий негиз бар экени ачыктан ачык эле көрүнүп турат. Маселен, 2014-жылдын июнунда камалган Шухрат Кудратов бийликтин башкы оппоненти Зайид Сайидовду коргоп жаткан. Ал камалар алдында олуттуу басым-кысымга кабылып жатканы, атүгүл камалып кетүү коркунучу да бар экени тууралуу эл аралык уюмдарга эскерткен. Дагы бир адвокат оппозициялык Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрүн коргоп баштаган учурда камалган.

Биргелешкен билдирүүдө акыркы жылдары тажик бийликтери саясий оппоненттерин такай аңдыганга өткөнү, оппозиция мүчөлөрүн жана тарапкелерин кармап, кыйноого алып жатканы, сыртка чыгып кеткен оппоненттерин экстрадициялап алганга аракеттенип, эгер ал аракети ишке ашпай калса тек гана уурдап кетери да белгиленген.

Мындан тышкары Тажикстанда адвокаттарды камоо 2014-жылы оппозициялык саясатчылардын бири Заид Сайидовдун кызыкчылыгын коргогон Шухрат Кудратов менен Фахриддин Зокировду камоо менен башталып, анын артынан белгилүү адвокат Исхак Табаровдун эки уулу камалганы айтылат.

Андан соң 2015-жылы Ислам кайра жаралуу партиясынын кармалган мүчөлөрүн коргомокчу болгон дагы үч адвокат камалган. Муну менен бийлик бул партия мүчөлөрүн коргоого ниеттенген башка адвокаттарга да эскертүү жасаган.

Ошондой эле бийлик адвокаттардын ишмердигин чектеген чараларды да кабыл алган. Маселен адвокатура боюнча жаңы мыйзамга ылайык, аларга Юстиция министрлигинен сынактан өткөндөн кийин гана лицензия бериле турган болду. Ага чейин мындай лицензия бийликтен эмес, адвокаттардын көз карандысыз бирикмесинен эле берилчү.

Тажик адвокаттары аталган эки уюмга Юстиция министрлигиндеги сынакта юриспруденция эмес, тарых, саясат жана маданият боюнча суроолор берилерин, бул бийликтер туура көрбөгөн адвокаттарды ишмердигинен четтетүүнүн бир амалы экенин айтышкан.

Human Rights Watch менен Норвегиядагы Хельсинки комитети биргелешкен билдирүүнүн соңуңда АКШ, Евробиримдик баштаган эл аралык шериктештерин да тажик бийликтеринен адвокаттарды токтоосуз бошотууну талап кылууга чакырган.

Норвегиядагы Хельсинки комитетинин Борбор Азия боюнча өкүлү Мариус Фоссум азыр темир тор артында отурган адвокаттар Тажикстандагы көз карандысыз жана эң активдүү адвокаттар болгонун белгилейт. Анын айтымында, расмий Дүйшөмбү алардын айыптуулугу боюнча ынанымдуу далил сунуштай алган эмес, андыктан алар тез арада бошотулуп, өз ишмердигин жүргүзүүсүнө кепилдик берилиши шарт.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG