Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Тажикстан: аскердик базадагы митинг


Тажикстандагы Орусиянын 201-базасы
Тажикстандагы Орусиянын 201-базасы

Орусиянын Тажикстандагы аскер базасында иштеген тажик жарандары митингге чыгышты. Кулябдагы базада эмгектенген ондогон жергиликтүү тургун жарым жылдык маянасын төлөп берүүнү талап кылышууда.

15-апрелдеги митингдин катышуучусу Базаралы Балтабаев базанын командири аларга "эмгек акыңар төлөнөт" деп убада кылганын “Азаттыкка” билдирди. Балтабаевдин айтымында, мындай убадалар көп болгон, бирок карыз айлыктар төлөнбөй келатат.

Ал эми базада короо тазалаган Марзия Умарова карыз маяналар боюнча көз боёмочулуктар болуп жаткан болушу мүмкүн деген шектенүүсүн "Азаттыкка" билдирди:

- 2014-жылы бизге үч айдын айлыгы төлөнгөн эмес. Быйыл январда төлөштү, бирок калгандарын ала элекпиз. Февраль үчүн жарым айлык төлөйбүз деп жатышат. Биздин айлык туруктуу эмес. Мисалы, мурда 800-850 сомониден эле. Кийин аны 700-750 сомониге чейин азайтышты. Биздин балдар кол койгон ведомстводо мөөр жок экенин байкашкан.

Тажикстандагы Орусиянын 201-базасы
Тажикстандагы Орусиянын 201-базасы

Базадагы Орусиянын мартабалуу өкүлү Игорь Щербаковдун жакында билдиришинче, жергиликтүү жумушчулар "Бит сервис плюс" деп аталган ортомчу фирма аркылуу жалдангандыктан маяналар үчүн база жооптуу эмес. Ал эми аталган фирма маяна акчасын орусиялык база которбой жаткандыгын айткан.

Тажикстан менен Орусия жалпысынан жылуу мамиледе. Жүз миңдеген тажик жарандары Орусияда көбүнесе кара жумушта иштешет. Орусия өз кезегинде Ооганстандагы согуштун жана экстремизмдин жайылышын чектөөдө Тажикстандын колдоосуна муктаж.

Тажикстандын аймагында 7 миң чакты орус аскери бар. Алар Орусиянын чет өлкөлөрдөгү эң ири согуштук 201-базасында жайгаштырылган.

Бул базанын бөлүмдөрү Кулябда, Коргон-Төбөдө жана баш калаа Дүйшөмбүдө турат. Аларда 200 чакты тажик жараны негизинен тейлөө тармагында иштейт.

Ооганстандан былтыр батыш күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү чыгарылгандан бери Орусия Тажикстандагы коопсуздук кырдаал курчуйт деген тынчсыздануусун билдирип келет.

Владимир Путин жана Эмомали Рахмон
Владимир Путин жана Эмомали Рахмон

Тажикстан мындан тышкары Орусия үстөмдүк кылган алты өлкөдөн турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө. Тажикстандын Ооганстан менен 1300 чакырымдай келген чек арасы бекем тосмолонгон эмес.

Орусиянын коргоо министринин орун басары Анатолий Антонов өткөн айда Москва ЖККУнун түштүк чек араларындагы кырдаалга «өтө тынчсызданып» жаткандыгын айткан эле. Ал "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлери Орусия союздаштарынын, анын ичинде Тажикстандын түштүк чек ара аймактарында пайда болгондугун эскерткен.

Антоновдун "тажик армиясынын ЖККУнун Борбор Азиядагы калканчы болуп кызмат кылуусуна Орусия кызыкдар" деп айткан жери бар.

Ал конкреттүү сандарды атабаганы менен, орус куралдуу күчтөрүнүн башкы штабындагы булактарга шилтеме берип, "Коммерсант" гезити Москва Тажикстанга бир нече жыл ичинде 1 миллиард 200 миллион доллар аскердик жардам берүүгө даяр экендигин жазган эле.

Тажикстандагы орусиялык күчтөр
Тажикстандагы орусиялык күчтөр

Орусиялык расмий өкүлдөр ошондой эле Москва Тажикстанда турган аскерлеринин санын беш жыл ичинде 9 миңге жектирип, аларды кошумча согуштук техника менен жабдый тургандыгын айтып келишет. Бирок акыркы айлардагы бир катар чуулгандуу окуялар жергиликтүү тургундар менен Тажикстанда жайгаштырылган орус аскерлеринин ортосундагы мамилени начарлатты.

Февралда орус офицери баш калаа Дүйшөмбүдө такси айдоочуга кол салып, анын машинасын уурдап кеткен деген шек менен кармалды. Андан бир канча күн мурда орус аскерине Куляб шаарындагы ресторанда чайчыга кол көтөргөн деген айып коюлган эле. Ал эми өткөн жайда эки орус офицери Дүйшөмбү калаасында жергиликтүү тургунду өлтүргөн деген кине менен камакка алынган.

XS
SM
MD
LG