Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:48

"Талибандын" тагдыры кандай болот?


"Талибан" жолбашчысына абадан сокку урулган жер. 21-май, 2016-жыл.
"Талибан" жолбашчысына абадан сокку урулган жер. 21-май, 2016-жыл.

"Талибандын" жолбашчысы Актар Мансур жок кылынганын Кошмо Штаттар да ырастады. Президент Барак Обама окуяны Ооганстанга тынчтык алып келүү аракеттериндеги “бурулуш учур” катары сыпаттады.

Айрым талдоочулар талип жолбашчысынын өлүмү тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн мүмкүнчүлүк жаратарын белгилешүүдө.

АКШ президенти Барак Обама "Талибандын" жолбашчысы Актар Мансур жок кылынганын Вьетнамда иш сапарда жүргөн жеринен ырастады:

- Актар Мансур өлгөнү ырасталды. Ал "Талибандын" башчысы катары Ооганстандын ичинде биздин миссиянын алкагында жүргөн АКШнын кызматчылары менен аскерлерин бутага алууга өзгөчө көңүл бурган. Мен айткандай, Ооганстандагы биздин миссиябыз - контртеррористтик платформаны колдоо, ооган күчтөрүн машыктырып, окутууга жардам берүү, - деди президент Барак Обама Ханойдогу басма сөз жыйында.

АКШга чейин Актар Мансур АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагы жасаган соккунун натыйжасында жок кылынганын ооган бийликтери ырастаган эле.

Аба соккусу Пакистандын түштүк-батышындагы Балужистан провинциясынын Ооганстан менен чек арага абдан эле жакын бөлүгүндө 21-май күнү жасалган.

Пакистан бийликтери алардын аймагында жасалуучу аба соккусу тууралуу күн мурунтан маалымат берилбеди деп ырастоо менен муну өлкө суверенитетин бузгандык катары кабыл алышты.

АКШ өзү буга дейре учкучсуз башкаруудагы учактар же дрондор менен "Талибан" жана “ал-Каида” согушкерлерине аба соккуларын негизинен уруулар жашаган Түндүк жана Түндүк Вазиристан аймагында жасап келген. Ал эми Балужистан аймагына, маалыматтарга караганда, аба соккусу биринчи ирет урулду.

Ооган тарап "Талибан" жолбашчысынын Пакистан аймагында жок кылынышын Кабул менен каршылашкан террорчулар коңшу өлкөдө жашырынып жүргөнүнүн дагы бир далили катары сыпаттады:

- Согушкерлердин “Хаккани” түйүнү Пакистанда жайгашкан. "Талибандын" мурдагы жолбашчысы молдо Омор, “ал-Каиданын” башчысы Усама бин-Ладен Пакистанда жайгашкан эле. Эми молдо Мансур да Пакистанда өлтүрүлүп отурат. Андыктан, Ооганстанда согуш жүргүзүп жаткан бул адамдарга башпаанек бергендин ордуна Пакистан Ооганстан менен кызматташса жакшыраак болмок, - деди ооган Коргоо министрлигинин өкүлү, генерал Давлат Вазири.

Генерал Вазири ооган өкмөтү Актар Мансурду тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тартуу үчүн “колдон келгенди” жасаганын, бирок ал буга көнбөгөнүн кошумчалады.

"Талибан" менен ооган өкмөтүн сүйлөштүрүү боюнча аракеттер азыр негизинен токтоп турат. Анын үстүнө жанкечтилердин өткөн айда Кабулдагы ири чабуулунан кийин ооган бийлиги да аскерий операцияларга ыктаган эле.

Актар Мансур
Актар Мансур

Кабулдук саясий талдоочу Мир Харуун "Рейтердин" кабарчысы менен маегинде "Талибан" жолбашчысынын өлүмү үчүн жанкечтилердин жаңы чабуулдары менен өч алуусун жокко чыгарбайт.

Бирок ал ооган өкмөтү Мансурдун өлүмүн "Талибандын" ичинде тынчтык сүйлөшүүлөрүн жактаган тайпаларын ага тартуу үчүн колдонуусу зарылдыгын белгиледи:

- "Талибан" азыр чачыранды болуп турат. Ооганстандын ичинде андан ажырап кеткен топтор ортосунда уруштар жүргөн. Эми алардын арасында биригүү жагынан кыйынчылыктар болот, биз лидерликке ким келерин азырынча билбейбиз да. "Талибандын" жетекчилиги азыр коркуп турат, анткени аларда да биз дагы бутага алынабызбы деген чочулоо бар.

"Талибандын" жетекчилиги өзү Актар Мансурдун өлүмүн билдирүү аркылуу ырастай элек. Бул кыймылдын ичиндеги ажырымды күчөтпөө аргасы катары бааланууда.

Бирок Батыш маалымат агенттиктеринин жазганына караганда, "Талибандын" жогорку органы - Шура кеңеши жолбашчылыкка талапкерлерди караштырып жатат.

Сиражуддин Хаккани боюнча ФБР чыгарган баракча.
Сиражуддин Хаккани боюнча ФБР чыгарган баракча.

Алардын арасында Мансурдун орун басары Сиражиддин Хаккани жана мурдагы жолбашчы молдо Омордун уулу молдо Мухаммед Якуб бар.

АКШ башы үчүн беш миллион доллар сыйлык жарыялаган Сиражиддин Хаккани – 1980-жылдары советтик аскерлерге каршы күрөшкөн жоочулардын колбашчысы Жалаллудин Хакканинин уулу.

Актар Мансур "Талибандын" башчылыгына келгени былтыр июлда кыймылдын мурдагы жолбашчысы молдо Омор эки жыл мурда эле Пакистандын Карачи шаарында өлгөнүн ооган өкмөтү ырастагандан кийин белгилүү болгон. Бирок "Талибандын" айрым колбашчылары Мансурду тааныбагандыктан, анын лидерлиги боюнча талаш дагы чыккан.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG