Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Алтымыш үчүнчү жандоочтун жаралышы


Сатурндун космостон көрүнүшү.
Сатурндун космостон көрүнүшү.

Дүйнөнүн автомобиль гиганты – “Тойота” роботтордон баш тартты. Сатурн планетасынын шакекчелеринде жаңы жандооч байкалууда. Америкалык инженерлер болсо ашказанга сиңип кетчү микрочиптерди ойлоп табышты.

Америкалык окумуштуулар ичкен дарыны тийиштүү органга эффективдүү жеткирген жана ткандарды көзөмөлдөй турган, ашказанда тез эрип кетчү биобатареяларды ойлоп табышты.

Чикаго жана Массачусетстеги биомедицина инженерлери ойлоп тапткан силикон чиптин көлөмү – бир чарчы сантиметр.

Advanced Materials илимий журналы кабарлагандай, биобатареянын курамында магний, темир, молибден жана вольфрам бар. Бул металлдардын баары ашказанда кадимкидей ажырап, акырындык менен организмден чыгат. "Акылдуу" батарея полиангидрид полимери менен капталган жана 2.4 миллиампер кубаттуулукту берет. Окумуштуулар келечекте мындай биобатареялар дагы өрчүп, кеңири жайылат деген ишенимде.

"Тойота" роботтордон баш тартты

Акыркы отуз жылда автомашина өндүрүүчүлөр өтө көп сандагы роботторду ишке колдонгон. Дүйнөдө роботторду эң көп иштеткен өлкөлөр – Түштүк Корея менен Жапония. Бирок жапон автомобилин жасоочулар айрым заводдордо роботтордон баш тартууда. "Тойота" компаниясы жумушчулардын кылган ишин так билүү максатында роботторду адамдар менен алмаштырууда.

"Тойотанын" президенти Катсуаки Ватанабе, Токио, 10.10.2006.
"Тойотанын" президенти Катсуаки Ватанабе, Токио, 10.10.2006.
"Тойота" билдиргендей, роботтор жумушту аткарганы менен ага чыгармачылык менен мамиле кылбайт. Жүз роботтун ишин адамдар кайра аркалагандан бери машиненин цилиндрин өндүрүүдөгү чыгым 10 пайызга азайган жана дөңгөлөктүн айлануу огун чыгаруу убактысы кыскарды. Компания автоматташтырылган функциялардан тышкары тапшырмаларды да жасай алганы үчүн тирүү адамдарга басым жасай баштаганын ачык айтууда.

Компания учурда жапон элинин "кайзен"- туруктуу өнүгүү, "монозукури", - бир ишти сапаттуу аткаруу өңдүү улуттук канондорунан турган корпоративдик философияга кайтууда. Дүйнөдө сатылган машинелердин саны боюнча "Тойота" биринчи орундан түшпөй келе жатат.

Сатурндун жаңы айы жаралууда

Күн системасындагы шакекчелери менен белгилүү Сатурндун жаңы жандоочусу жаралууда. Бул тууралуу Американын улуттук космос агенттиги кабарлады.
Сатурн.
Сатурн.
НАСАнын "Кассини" космос аппараты Сатурн менен анын шакекчелеринин ортосунда кичинекей муз объектисин байкаган. Сатурндун илимге белгилүү 62 жандоочусу бар. "Кассини" 15-апрелде Сатурндун эң тышкы "А" шакеги узундугу 1200 чакырым жана туурасы 10 чакырымга барабар аянтка жантайганын байкаган. Бул шакекче жаңы жаралып жаткан жандоочтун тартылуу күчүнө кабылганын айгинелейт.

Изилдөөчүлөрдүн бири Лондондогу Ханыша Мэри университетинин окутуучусу Карл Мүррей: "Биз "төрөлүү жараянына" күбө болуудабыз. Бир объект жаралып, шакекчелерден тыш чыгып, өз алдынча жандооч пайда болуп жатканын мурда көргөн эмеспиз", – дейт. Жаңы жаралып жаткан жандоочко Пэгги деген ат ыйгарылды.

Пэггинин диаметри болгону бир чакырым. Белгилей кетчү жагдай, Сатурндун көпчүлүк жандоочторун муз каптап турат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG