Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Түркия: качкындарды капаланткан сунуш


Түркиядагы качкындар
Түркиядагы качкындар

Сириялык качкындарды өткөрбөй өз аймагында кармоо келишими үчүн Түркия койгон шарттардын бири аткарылганы калды. Еврокомиссия түркиялыктарга Шенгенге визасыз кирүүнү сунуштады. Бул арада грек-македон чегинде тынч өлкөлөрдөн башпаанек издеген мигранттар чечимге нааразылык билдиришүүдө.

Ушул күндөрү Еврокомиссия Түркия жарандарына виза режимин жоюуну чечип, Евробиримдик өлкөлөрүн бул чечимди кубаттоого чакырды.

Март айында Түркия-Евробиримдик апааттан качкан мигранттарды Европага өткөрбөө келишимине жетишкен. Виза жеңилдиги Түркиянын ошондогу талаптарынын бири эле.

Сириялык качкын Ибраим Муса апааттан качып келген алар Европага кире албай, тынч заманда жашаган түркиялыктарга уруксат берилгенине кыжырдануусун жашырган жок.

- Түркиялыктарга виза берилди. Биз дагы деле эки оттун ортосунда калдык. Биз согуштан качып чыкпадык беле? Эми биз эмей эле түркиялыктар Европага камынып жатышат. Алар Европада ээн-эркин жүрө алышат. Биз дале мында тыгылып турабыз.

Жакынкы Чыгыштагы апаатта турак жай, мекенин таштай качкандарды макулдашууга ылайык Түркия өз аймагына жайгаштырууда. Бирок азыр Түркиянын өзүндө деле тынч эмес. Күн алыс жардыруулар болуп, өлкө түштүгүндөгү шаарларда түрк аскерлери менен күрттөр, "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу кагылышууда. Укук коргоочулар качкындар үчүн Түркия деле толук коопсуз эместигин айтып чыгышкан болчу.

Мухаммад аттуу качкын Түркиядан баш калка алынганы менен Европаны шыкаалаган мигранттар азайбай жатканын белгилейт:

- Европалыктар Түркия менен соодалашып, чек араны жабуу чечимине келишти. Ошол эле учурда адам аткезчилиги менен алектенгендерге кайрылып, биякка жөнөгөн сириялыктар тыйылган жок. Түркия менен келишүү Европага жеңилдик берген жок. Мында Түркия утту.

Качкындар Евробиримдик убада кылган сандагы адамдар кабыл алынбай жатканын улам эске салууда. Өткөн жылы эле Евробиримдиктин көпчүлүк өлкөсү эки жыл ичинде абалы эң жаман делген 160 миң качкынды кабыл алууну макулдашкан. Бул ар өлкөгө алына жараша бөлүнмөк. Бирок квотага ылайык качкындарды кабыл алууга Словакия, Венгрия, Чехия, Польша, Хорватия каршы чыккан.

Financial Times гезити Еврокомиссия бул талапты аткарбаган өлкө ар бир мигрант үчүн 250 миң евро айып пул саларын жазып чыкты.

Мисалы, 6200 качкын кабыл алышы керек болгон Польша андан баш тартса 1,5 млрд. еврого жакын жазана төлөшү ыктымал.

Бул арада укук коргоочу уюмдар грек-македон чегинде акыйган бозгундар ооруп-сыктап, аба ырайынын начарлыгы, антисанитария ага кошул-ташыл болуп, абал мышык ыйлагыдай деп коңгуроо кагып келишет.

Ал эми Сирияда болсо тынчтык келишими кайрадан бузулуп, ок атылып, ондогон карапайым адамдардын өмүрү кыйылууда. Андан кем эмес сандагы адамдар согуш соккусунан майып болушууда.

XS
SM
MD
LG