Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:45

Кордук көргөндөрдүн келечеги талкууда


Грециянын аралына келген качкындар
Грециянын аралына келген качкындар

Түркияда Дүйнөлүк биринчи Гуманитардык саммит өтүп жатат. Улуттар уюмунун демөөрчүлүгү менен уюштурулган эки күндүк форумда лидерлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, бардыгы болуп 6 миңдей катышуучу глобалдык кризиске жооп кайтаруу жолдорун талкуулашууда.

Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун 23-майда конференцияны ачып жатып, "биз башкача келечекти куруу үчүн чогулдук" деп билдирди.

Баш катчы бардык катышуучуларды уруштардан, кырсыктардан улам жер которууга аргасыз болгон адамдардын санын 2030-жылга карай эки эсе кыскартуу аракетин көрүүгө үндөдү.

Ал эми "Чоң жетиликке" кирген өлкөлөрдөн келген жалгыз лидер, Германиянын канцлери Ангела Меркел убадалар көп айтылганы менен долбоорлорго акча бөлүнбөй келатканын, мындай көрүнүшкө чекит коюш керектигин айтты.

Айрым эксперттер түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган конференциядан пайдаланып, 2,7 миллиондой качкынды өз жерине батырган өлкөнүн салымын баса белгилейт деп алдына ала боолголоп келишкен болчу. Айткандай эле Эрдоган Түркия башка мамлекеттер “эбегейсиз жүктү адилет бөлүшүшөт” деп күтөөрүн билдирди.

Саммиттен бир көрүнүш
Саммиттен бир көрүнүш

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнө жүзү боюнча ар кыл жаңжалдар менен жаратылыш кырсыктары 60 миллиондой кишини жер которууга аргасыз кылган. Болжол менен 125 миллион киши жардамга жана коргоого муктаж. Бул максатта талап кылынган 20 миллиард доллар алардын 20 пайызына гана жетет.

Стамбулдагы жыйынга чогулган 60 чакты өлкөнүн жетекчилери жана бейөкмөт, гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү, донорлор чукул чара көрүү мурда болуп көрбөгөндөй аракеттерди талап кыларын бир добуштан колдошууда.

Форумдун алдында БУУнун баш катчысынын орун басары Ян Элиасон буларды айтты:

- Менимче бул конференция бүтүндөй адамзатка кызмат өтөө керектигин эске салган коңгуроо болууга тийиш. Адам баласын көңүл чордонуна алып чыгууга убакыт келди. Мен ар дайым Улуттар уюмунун хартиясына шилтеме кылып келем. Документтин алгачкы сөздөрүн окусак “Биз, элдер” деп жазылган. Стамбулдагы жолугушууда азап көргөн адамдарды эстен чыгарбашыбыз керек. Бул жыйын кыйналган, жапа чеккен адамдарга арналган. Аларга жардам берүүнүн жолдорун натыйжалуу кылуунун үстүнөн иштөө зарыл.

Качкындар лагери
Качкындар лагери

Дипломат айрым учурларда гуманитардык мыйзамдар, Женева конвенциясы көз жаздымда калып жатканына да басым жасап, мисал катары Сирия жана Йемендеги ооруканаларга, карапайым калк жашаган аймактарга сокку урулушун келтирди.

- Гуманитардык иш аракеттер куралдуу жаңжал же табигый кырсыктар болобу, акыркы баскычта эмес, эң башынан эле көрүлүүгө тийиш. Бул – Стамбул жыйынынын негизги максаттарынан болууга тийиш. Экинчиден, эл аралык гуманитардык мыйзамдарды карманууга тийишпиз. Гуманитардык жоболор урматталбай, одоно бузулган учурларга күбө болуп келатабыз. Бул – дүйнөгө чоң залакасын тийгизүүдө. Жай тургундар корголбой жатат, бейтапкана, мектептер чабуулдарга алынууда. Женева конвенциясы жана эл аралык гуманитардык мыйзамдарга көңүл кош мамиле кылынган учурлардын узун тизмегин келтире алам.

Форумга белгилүү маданият, коомдук ишмерлер да катышууда. Айтылуу Жэймс Бонддун ролун аткарган британиялык актер Дэниэл Крэйг миналар жылына 15-20 миңдей кишинин өмүрүн кыйып жатканын, өзгөчө жашы жетелек балдар, карылар менен аялдар миналарга көп кабыларын, канчалаганы майып болуп каларын баса белгиледи.

Ошондой эле конференция катышуучулары 2020-жылга карата өз жардамдарынын төрттөн бир бөлүгүн мамлекеттик жана жергиликтүү агенттиктер аркылуу көрсөтүшөрүн жарыялайт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG