Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Аркадагдын кийинки мөөнөтүнө кам көрүү башталды


Гурбангулы Бердымухаммедов
Гурбангулы Бердымухаммедов

Түркмөнстан Конституциясын өзгөртүүгө кайрадан камынууда. Жаңы өзгөртүүлөр азыркы президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун кеминде дагы эки мөөнөт бийликте калышына жол ачат деп күтүлүүдө.

Президент Гурбангулы Бердымухаммедов бул аптада өзүнүн кичи мекени - Мары облусун кыдырган кезинде президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жергиликтүү аксакалдар кеңештерин өз сунушун берүүгө чакырып, алардын ойлору Конституциянын жаңы редакциясын даярдоодо эске алынарын убада кылды.

Бердымухаммедов бийликке келгенден бери Конституция буга чейин бир ирет 2008-жылы өзгөргөн. Баш мыйзамды кайрадан жаңылоо демилгеси былтыр көтөрүлүп, президент Конституциялык комиссия түзгөн эле. Бирок кандай багыттагы өзгөрүүлөр кирери эми ачыкка чыгып жатат.

Түркмөн парламентинин төрайымы Акджа Нурбердиева Конституциялык комиссиянын президент жетекчилигинде өткөн жакындагы жыйынында мамлекет башчынын бийлик мөөнөтүн узартуу сунуштары утур-утур түшүп жатканын билдирди:

- Түркмөнстандын президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн беш жылдан жети жылга узартуу жөнүндө сунуштар түшүп жатканын сизге жеткирип коюуну зарыл деп эсептейбиз.

Мындан сырткары азыркы конституциялык реформа алкагында жаш курагы жетимишке чейинки гана адам президент боло алат деген чектөөнү алып салуу сунушталууда.

Бозгунда жашаган түркмөн саясатчысы, Улуттук банктын мурдагы төрагасы, “Ватан” коомдук-саясий кыймылынын негиздөөчүсү Худайберди Орозовдун пикиринде, Конституциянын кайрадан жаңыланышы Гурбангулы Бердымухаммедовдун президенттикте кеминде дагы эки мөөнөт калышына жол чабат:

- Бул жерде эми эч жаңылык жок да. Борбор Азиянын калган республикаларында, Түркмөнстандын өзүндө буга чейин болгон нерселер кайра кайталанып жатат. Муну диктатураны улантуу үчүн шартты жакшыртуу деп атасак жарашат. Бердымухаммедов өзүнө-өзү шарт түзүп жатат. Эми анын экинчи мөөнөтү бүткөндө баары кайра жаңыдан башталат. Жети жылдан эки мөөнөт десек он төрт жыл.

Түркмөндөр Аркадаг деп кайрылган, жакында Ашхабадда ат минип, алтын жалатылган эстелиги коюлган Бердыммухамедов азыр 58 жашта. Экинчи бийлик мөөнөтү аяктай турган 2017-жылы ал алтымышка чыгат. Эгер Конституция өзгөрүп, дагы эки мөөнөткө укук алса, Бердымухаммедов 70тен ашканча президенттикте тура алат.

Гурбангулы Бердымухаммедовдун ат минген эстелиги 25-майда ачылды.
Гурбангулы Бердымухаммедовдун ат минген эстелиги 25-майда ачылды.

Ал өзү Конституциялык комиссиянын соңку отурумунда Баш мыйзамга Түркмөнстандын бейтараптуулук макамын мурдагыдан да бекемдеген жоболорду киргизүүнү, мамлекеттик бийлик органдарынын максаты - адамды колдоо жана ага кызмат кылуу экенин, адам укуктары жана эркиндиктери жаатындагы базалык нормаларды так көргөзүүнү сунуш кылды.

Тажыгул Бегмедова - Болгарияда эмиграцияда жашаган түркмөн укук коргоочусу. Ал “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, түркмөн бийликтеринин Баш мыйзамда адам укуктары боюнча жоболорду бекемдөө ниетин көргөзгөнү жакшы жышаан:

- Биринчиден, бул менимче Батышка жүз буруп, өлкө демократиялык жол менен кетүүгө аракеттенип жатканын, бийлик эл аралык уюмдар менен диалогго барганын көргөзүү. Экинчиден, балким өлкөдөгү кырдаалды оңдоо максаты чындап эле барбы деп, биз, адам укугун коргоочулар да үмүттөнөбүз. Өз сунуштарыңарды бергиле деп элге кайрылганы да абдан жакшы. Бирок президенттин сөздөрү менен иши дал келеби? Адам укугун коргоочулар буга ишене албайбыз.

Укук коргоочу Тажыгул Бегмедова “Азаттык” менен маегинде Гурбангулы Бердымухаммедов сегиз жылдай мурда бийликке келгени менен адам укуктары жаатындагы кырдаал Сапармурад Ниязов кезиндегиден өзгөрдү деп айтуу кыйын экенин кошумчалады. Муну эл аралык уюмдардын баяндамалары, тыянактары да жапырт ырастап турат.

Маселен, “Фридом Хаус” Түркмөнстанды ушул аптадагы жаңы баяндамасында “авторитардык режимдин” колундагы өлкө деп атады. Ал эми АКШ Мамлекеттик департаменти адам укуктарынын дүйнөдөгү абалы боюнча жаңы докладында Түркмөнстанда жарандык эркиндиктер сакталбай турганына, адамдар укук коргоо органдарынын эрки менен камалып, кыйноого кабыл аларына, ошол эле учурда укук бузган коопсуздук кызмат өкүлдөрү, чиновниктер эч жазаланбай турганына көңүл бурду.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG