Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:49

Дүйнө

Ющенко: Мен беш жыл үчүн башымды жерге салбайм

Украинадагы “саргылтым ыңкылаптан” кийин Виктор Ющенко өлкөнүн президенттигине келгенден бери беш жылдан ашуун убакыт өттү. Быйыл 17-январда өтө турган президенттик шайлоого ал дагы бир ирет ат салышат. Бирок беш жыл мурдагыдан айырмаланып, бул ирет Ющенко элдин колдоосуна ээ болбой калышы айкын болуп турат.

Виктор Ющенко 17-январдагы шайлоодо элдин колдоосун ала албайт өңдүү
Текст көлөмү - +
Виктор Ющенко үчүн Украинадагы башкы мамлекеттик кызматка келүү оңой болбоду. Ал шайлоодогу массалык бурмалоолордон эле эмес, андан саал мурдараак дээрлик өлүмгө тете уулануудан да аман калды.

Булар бийликке келсе, эркиндик, демократия жоголот
Бирок 2004-жылдагы ыңкылаптан берки алгачкы президенттик шайлоого ал дээрлик куру-жалак катышканы турат. Анткени андан бери түгөнбөгөн саясий талаш-тартыштардан, Москва менен каяма айтышуулардан чарчаган украиналыктар Ющенкону бул ирет колдошпойт өңдүү. Ошентсе да акыркы беш жылдагы иши үчүн президент өкүнбөй турганын айтты.

“Мен беш жылда президент катары кандайдыр бир катачылыктарга жол берип, жеңилдим деп эч качан башымды жерге салбайм. Украин эли муктаж болгон нерсени бере алдым, - деп айтты ал. - Эгер эл аны түшүнсө, бул анын куткарылганы, түшүнбөсө, анда Янукович Тимошенко сыяктуулар менен Кремлдин кол астында 15-20 жыл кала берет. Бул ошого тете нерсе”.

Коом пикирин бирүү үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыгы көргөзгөндөй, Виктор Янукович менен Юлия Тимошенко бул жолку шайлоодо жеңишке жетиши мүмкүн болгон башкы атаандаштардан болуп калышат.

Баса, Юлия Тимошенко “саргылтым ыңкылап” учурунда Ющенконун жакын санаалаштарынан болгон.

Ыңкылаптан бери Тимошенко айым президент менен далай ирет жаңжалга түшүп, кайра бириге калышкан учурлары да болду.

Жөнөкөй эле тандоо

Бүгүн эми шайлоо алдынан Ющенко башщкы эки атаандашын катуу айыптап, непадам Янукович менен Тимошенконун бири өлкө башына келсе, украин мамлекети орустардын басымы астында калат деди.

“Булардын бийликке келиши авторитаризмдин орношуна алып келет. Анткени алар экөө тең Москванын кол астында болушат, - деп ойлойт украин президенти. -  Эркиндик, демократия дегенди жоготуп, “украинчилдик” деген түшүнүктү жоюшат. Бүгүн эл жөнөкөй эле эки багыттын бирин тандашы керек.  Булар - Кремлдин саясатын колдогон ушу түгөйдүн багыты жана Европалык багыт”.

Өлкөнүн чыгышындагы орус тилдүү калктын көпчүлүгү колдогон Янукович мырза эгерде президент болуп шайланчу болсо, анда Украинанын НАТОго мүчө болушуна каршы тураарын билдирген.

Украин эли мени колдобосо, Москванын үстөмдүгү астында калат
Азыркы президент Ющенко болсо, тетирисинче, мамлекетти НАТОго кошо албай жүрөт.

Эгер Януковичтин ою ишке ашса, бул - Украинанын улуттук кызыкчылыгына олуттуу сокку болоор эле, мамлекет аскерий альянска далысын салганын көрсөтөөр эле, деп айтты Ющенко мырза.

Тимошенко айымды болсо ал азыркы экономикалык кыйынчылыктар жана реформанын дээрлик жоктугу үчүн айыптап, кризис азыр дал ушу Тимошенко башкарган өкмөттөн улам орун алууда, деп билдирди.

Премьер-министр Юлия Тимошенко менен оппозиционер Виктор Янукович эгерде президенттик кызматка келип калышса, расмий Москва менен байланышты күчөтүшөөрүн айтышкан.

Орусия менен жыл сайын кышында тутанчу “газ жаңжалы” дал ушу Ющенконун тушунда өнөкөткө айланды.

Бул үчүн Тимошенко айым өз кезегинде президент Ющенкону айыптап, отун-кубат тармагындагы жаңжалдан президент саясий упай топтогонго аракет жасап жүрөт деп билдирген.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Cherikchi Baatyr каяктан: Tokio
10.01.2010 11:08
Basa, taq ushul Juschenkonun azamattygynan Ukraina 2005-zhyldan tartyp Freedom House ujumunun demokratijanyn denggeelinin rankinginde FREE (erkin) degen kategorijaga zhetse, aldyna ala algan qabarlarga qaraganda 2010don tarta Qyrgyz Ulusu azyrqy Prezident Kibaevdin qol aldynda murdagy PARTLY FREE (zhartylaj erkin) degen kategorijadan NOT FREE degen kategorijaga kirgizildi. Emi qaraj bergile Putinizmdin taasiri qanchalyq ekenin. Dagy ele Orusija u'lguluu o'lkonun simbolu (simvol) degen "azamattar" qanchalyq demokratija menen suverinitetke qorqunuchtuu ekenin bajqap alyngyzdar.

кимден: Касым каяктан: ОШ
10.01.2010 10:52
Жапар досум, макаланы жакшылап окусан Янукович менен Ющенко жакын санаалаш деп айтылган эмес. Ал жерде соз Тимошенко айым тууралуу болгон.

кимден: Жапар каяктан: Москва
10.01.2010 02:15
Торокул, биринчиден эч качан Янукович Ющенконун "жакын санаалашы" болгон эмес жана "бириге калган" эмес. Ющенко демократияга аракет кылган жана батыштык саясат жургузгон президент, ошон учун аны Россиялык авторитардык бийлик жаман корот, ал эмес аны орустардын КГБсы ууландырды денен создор чындыктан алыс эместей. Не болсо да Ющенко Украинадагы бир адамдын бийлигинин монополиясын жоготту. Таза шайлоо отушуно шарт тузулду. Бул Ющенконун эн чон жениши. Демократия учун Ющенко оз бийлигин берууго даяр. А биздин президенттер оз бийлигин кармап калуу учун жан далбастап жармашып,куноосуз адамдарды камап жана олтуруп жатпайбы.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине