Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Орусия Украинага газды бууду


Орусиянын "Газпром" компаниясы 25-ноябрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат ондон тарта Украинага жаратылыш газын берүүнү токтотту.
Орусиянын "Газпром" компаниясы 25-ноябрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат ондон тарта Украинага жаратылыш газын берүүнү токтотту.

"Газпромдун" башчысы Алексей Миллер 25-ноябрда Орусия Украинага жаратылыш газын берүү токтотулганын жарыялады.

Миллер мындай чечимди Украинанын “Нафтогаз” компаниясы мурда төлөнгөн газдын өлчөмүн алууну гана тандап, көгүлтүр отун үчүн алдын ала төлөм жүргүзбөй койгону менен байланыштырды. Украиналык “Нафтогаздын” өкүлү Юрий Витренко буга чейин газдын жетиштүү өлчөмү сакталганын айтып, тынчсызданууга негиз жоктугун билдирди.

Ошол эле кезде Юрий Витренко Орусия газын ашкере кымбат баада сунуштаганын айтып, мындай шартта Украина газды Европадан бир кыйла арзан баада алууга артыкчылык бере турганын белгилеген.

"Газпром" акчаны алдын ала талап кылды

Орусиянын "Газпром" компаниясы 25-ноябрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат ондон тарта Украинага жаратылыш газын берүүнү токтотту. Ошондой эле ал Орусия сунуштаган шартта газды сатып алуудан Украинанын баш тартуусу көгүлтүр отунду Европага транзит менен алып өтүүдө кыйынчылык жаратышы мүмкүн экенин белгиледи. Бирок мына ошого карабастан "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллер алдын ала акча төлөнмөйүнчө Украинага жаратылыш газы берилбей турганына токтолду:

- Газ берүүнүн токтотулушуна Украинанын июль айынан бери алдын ала төлөм жүргүзбөгөнү себеп болду. Ошондой эле бул чара бекитилген макулдашуунун жана анын кошумча тиркемесинин шарттарына ылайык колдонулду. Жакынкы айларда же кышкы жылуулук сезонунда газ берүүнү калыбына келтирүү маселеси Украинанын өз убагында алдын ала төлөм жүргүзө баштоосунан көз каранды. Мына ошондуктан "Газпром" кандай гана шарт болбосун, алдын ала төлөм болмоюнча Украинага газ бербейт.

Мындан эки ай мурун Орусия менен Украина Европанын ортомчулугу менен келе жаткан жылдын март айына чейин газ менен камсыздоо тууралуу макулдашууга кол койгон болчу. Бирок жагдай жакында болгон жардыруудан улам Украина Крымга электр энергиясын берүүнү токтоткондон кийин татаалдашып кеткен.

20-ноябрда танкка каршы минанын жарылуусунан улам Украинадан Крымга кеткен электр мамылары кыйраган болчу. Анын айынан Украинадан Орусия тарабынан аннекцияланган Крым жарым аралына жана Севастополь шаарына берилген электр энергиясы токтотулган болчу. Бул энергетикалык каатчылыкка байланыштуу Крымда өзгөчө кырдаал жарыяланган. ​

Басым көрсөтүүнү кезектеги толкуну

Крымдын жарыксыз калышына жооп катары Кремл Украинаны энергетикалык блокадага алары талдоочулардын баамында, буга чейин эле күтүлүп жаткан. Украинанын “Нафтогаз” компаниясы жер алдына сакталган газдын эсебинен быйылкы кыштан чыгууга болорун жарыялады. Энергетика боюнча украиналык эксперт Юрий Корольчук Кремл энергетикалык рычагдарын колдонуп, басым көргөзүүгө умтулуп жатканын айтты:

- Орусия Крымды электр энергиясы менен камсыздоонун мааниси чоң экенин эске алуу менен басым көрсөтүүнү күчөтүшү мүмкүн. Орусиянын энергетика министри Александр Новактын сөзүнө караганда, орусиялык коммерциялык компаниялар Украинага көмүр сатууну токтотушу ыктымал. Мында айына 200 миң тонна көмүр тууралуу сөз болуп жатат. Бул Украинанын жалпы керектөөсүнүн жыйырма пайызын түзөт. Ошондой эле газ берүүнү токтотуп койуу фактору дагы турат. Бирок ал көпкө узабайт. Эгерде андай боло турган болсо кышкыга газ берүү боюнча макулдашуу бузулат. Анан эми көмүр боюнча кыска мөөнөттүк келишимдер болгондуктан аларды узартпай койо алышат. Ошондой эле Украина ядролук отун боюнча Орусиядан көз каранды. Аны импорттоо токтосо, анда Украина азыр аны эч нерсе менен алмаштыра албайт.

Москва менен Киевдин мамилеси 2014-жылы Орусия Крым жарым аралын аннексиялап, Украинанын чыгышындагы сепаратисттик кыймылды колдой баштагандан бери бузулган. Мындан сырткары эксперттер бул багытта Орусия көмүр менен электр энергиясын импорттоону токтотушу мүмкүн экенин белгилешкен. Бирок Украина жакында зарылдык жок деген негиз менен Орусиядан электр энергиясын алуудан баш тарткан болчу.

XS
SM
MD
LG