Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Киев оппозициясынын Москвадагы демилгеси


Николай Азаров
Николай Азаров

Украинанын мурдагы өкмөт башчысы Николай Азаров Украинаны сактоо комитети түзүлгөнүн жарыялады. Мындай демилгесин ал 3-августта Москвадагы басма сөз жыйынында кабарлады.

Комитет мүчөлөрү азыр Киевде бийликте отургандар кызматтан кетмейинче Украинада тынчтык жана өнүгүү болбойт деп билдиришти. Н. Азаров бийликтен куулган Виктор Януковичтин тушунда өкмөттү жетектеген.

Украинанын мурдагы премьер-министри Николай Азаровдун 3-августта Москвадагы басма сөз жыйынындагы билдирүүсүнө караганда, өлкөдөгү саясий бийликти алмаштырбай, тынчтыкты жана өнүгүүнү камсыз кылууга мүмкүн эмес. Н. Азаров бийликти алмаштырган Майдандагы окуяларды төңкөрүш деп атады. Бул Януковичтин тарапташтарынын Киевдин батышчыл бийлигинен "эки тизгин бир чылбырды" тартып алууга багытталган алгачкы “чакырыгы”. Анткен менен алар катарында Янукович жоктугун айтышып, ал деле учурдагы президент Петро Порошенко менен бирдей жоопкерчиликке тартылышы керек дешет.

- Биздин башкы максатыбыз - Украинадагы бийликти толугу менен алмаштыруу, жаңылоо. Бийликти толук жаңылоонун механизми бирөө гана: президенттик жана башка бийлик бутактарында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү, ошондой эле жаңы Конституция кабыл алуу.

Украинанын келечеги үчүн жоопкерчиликти алууга куштар Н. Азаров өзүн даяр өкмөт башчы, ал эми Жогорку Раданын мурдагы депутаты Владимир Олейникти даяр президент катары сыпаттады. “Тилекке каршы, бул комитет Украинанын четте түзүлүүдө. Бирок биз жерибизге кайтып барып, украин элинин алдындагы милдетибизди аткарарыбызга кымындай да күмөн санабайм”,- деп айтты Н. Азаров:

- Украиналыктардын 80 пайызы азыркы режимге ишенбейт. Алар учурда мамлекеттеги проблемаларды ким чече алат, согушту, кан төгүүнү ким токтотот, тынчтыкты жана туруктуулукту ким орнотот, өнүгүүнү ким камсыздай алат деген суроону коюуда. Ошондуктан биз азыр украиналыктарга ушундай орган түзүү менен атаандаш жолду сунуштап жатабыз. Анда оппозициялык маанайдагы белгилүү чоң саясатчылар бар. Эл бизди билет. Биз мамлекетти кризистен бир канча ирет чыгарганбыз.

Николай Азаров 2010-жылдан 2014-жылга чейин Украинанын өкмөт башчысы болуп турган. Ал Майдандагы окуялар күчөп турган мезгилде, бийлик алмашарына саналуу күндөр калганда кызматынан кеткен. Киевдин азыркы бийлиги ага кылмыш ишин козгоп, Интерпол аркылуу издөө жарыялаган. Н. Азаров учурда Москва жанында жашайт. Украинаны сактоо комитетинин башка мүчөлөрү да Киев бийлиги иш козгоп, издөө салгандар. “Пента” саясий изилдөөлөр институтунун жетекчиси Владимир Фесенко:

- Украинада Азаров саясий жеңүүчү болуп кайтып келерине эч ким ишенбейт. Ал кайтса бир гана Орусиянын танкынын коргоосунда кайтышы мүмкүн. Ошон үчүн анын саясий шансы жок. Атүгүл Азаров премьер-министр болуп турган кезде да салмагы анча чоң болгон эмес.

Владимир Фесенко Азаров баштаган адамдардын Украинаны сактоо боюнча комитет түзүүсү Украинанын өзүндө жылмаюу менен кабыл алынат деген ойдо.

Ал эми Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Н. Азаров баштаган адамдардын комитет түзүүсүнө Кремлдин эч кандай тиешеси жоктугун билдирди.

XS
SM
MD
LG