Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Путин “Новороссиянын” мамлекеттүүлүгү жөнүндө кыйытты


Украинадагы урушка каршы Москвадагы акциядан.
Украинадагы урушка каршы Москвадагы акциядан.

Орус президенти Украинадагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн шартын атагандай болду. Путиндин соңку билдирүүсүнө караганда, урушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр түштүк-чыгыш Украинанын “мамлекеттүүлүгү” тууралуу маселени камтуусу керек.

Кремль буга чейин түштүк-чыгыш Украинада расмий Киев менен жаңжалдашып жаткандардын улуттук, маданий жана башка кызыкчылыктары корголуусу үчүн “федерализация” зарылдыгын айтып келсе, президент Путин бул ирет “мамлекеттүүлүк” жөнүндө оозанды.

Владимир Путин кечээ өкмөттүк Биринчи каналга интервью берип жатып, буларды айтты:

- Субстантивдүү, мазмуундуу сүйлөшүүлөргө тезинен киришүү керек. Бул техникалык маселелер эмес, түштүк-чыгыш Украинадагы коомдун, мамлекеттүүлүктүн саясий уюмдашуусу жөнүндө. Мунун максаты - сөзсүз ошол жердеги жашаган элдин мыйзамдуу укуктарын камсыздоо болушу керек.

Путин түштүк-чыгыш Украинадагы кризистин жөнгөрүлүшү биринчи кезекте Киевдеги бийликтердин “саясий эркине” көз каранды экенин, бирок өлкө парламенттик шайлоо, саясий күрөш күчөө алдында турганын эске алганда, “тынчтыкты издөөчү” турумду кармангандарды табуу кыйын болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Орусия адамдарды “такап туруп” атып кетип жатышканда жөн карап тура албасын белгиледи.

Орусиячыл жикчилдердин жаңжал жаңы башталган кезде федерализация талаптары менен чыккан айрым лидерлери кийинки кездери Луганск менен Донецктин өз алдынчалыгы жөнүндө кеп кыла башташкан.

Бирок Орусия бул чакырыктарга ачык түрдө колдоо көргөзө элек болчу.

Путиндин соңку интервьюсу баяндамачылар арасында мына ошондой ойлорго жем таштады эле, бирок анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус президентинин сөздөрү “Новороссиянын” көз карандысыздыгын колдоо катары кабыл алынбаш керек деп ырастады.

Песковдун айтымында, “Новороссия” Украинанын бир бөлүгү жана “Украина гана анын кызыкчылыктарын эске алуу менен макулдашууга жете алат”.

“Новороссия” Украинанын түштүк-чыгышынын падышалык доордогу аталышы.

Кремль расмий Киевди Украинанын түштүк-чыгышындагы жикчилер менен саясий маселелерди түз сүйлөшүүгө узактан бери чакырып жүрөт. Киев болсо “Луганск жана Донецк элдик республикасын” жарыялагандарды “террорчулар” деп атайт. Түштүк-чыгыш Украинанын талаптарын угуп, бийликти борбордон ажыратууга дилгирлигин билдиргени менен курал көтөрүп чыккандар менен сүйлөшпөй турганын айтып келет.

Бул аралыкта жикчилдердин лидерлери жаңжал башталгандан бери биринчи жолу Украинанын деңиздеги күчтөрүнө сокку урганын айтып чыгышты. Азов деңизинде артиллериядан атылган соң аскерий катер өрттөнгөнүн украин тарап да ырастады.

Украин бийликтери ырастагандай, өткөн аптада Азов деңизинин жээгиндеги Новоазовск шаарчасын жикчилдер орус күчтөрүнүн колдоосу менен ээлеген.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин өкүлү Андрей Лысенко кечээ Киевдеги басма сөз жыйынында буларды айтты:

- Орусиялык оккупанттар Новоазовск аймагында согушту пропагандалоонун фашисттик ыкмасын колдонуп жатат. Жергиликтүү жашоочулар арасында алар Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрүнө карата өзүлөрүн кандай алып жүрүүсү керектиги боюнча нускоо таратылууда. Орус аскерлери силерди мыйзамсыз украин армиясынын террорчуларынан коргоо үчүн 1949-жылкы Женева конвенциясына ылайык келди деп айтылып, алардын жолун торобоого көрсөтмө берилүүдө. Нускоодо ошондой эле бошотулган аймактарда орус тилин гана колдонуу сунушталган. Тынчтык орнотуучуларга украин аскерлеринин жайгашкан жери боюнча маалымат берүү, ФСБга берүү үчүн Майдандын жактоочуларынын, активисттердин тизмесин даярдоо сунуш кылынып, мунун ордуна кошумча тамак-аш жана суусундуктарды алышары айтылган.

Андрей Лысенко кечээ эки тарап кармалган аскерлерди алмашканын кошумчалады. Башкача айтканда, Украина Орусиянын тогуз десантчысын берип, орус тараптан 63 жоокерин өткөрүп алган.

Киев десантчылар жикчилердин катарында согушуу үчүн келген десе, Москва алар чек арадан жаңылыш өтүп кеткенин билдирген.

НАТОнун эсебинде, Украинада азыр кеминде орусиялык миң аскер бар.

Бириккен улуттар уюмунун соңку эсебине караганда, быйыл апрелде Донецк менен Луганскта украин күчтөрү менен жикчилдер ортосунда уруш башталгандан бери 2600гө жакын кишинин өмүрү кыйылды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG