Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Словянск: аскерлер менен жикчилдер тиреши


Украина -- Орусиячыл демонстранттар дөңгөлөктөрдү өрттөшүүдө. Словянск, 13-аперль, 2014.
Украина -- Орусиячыл демонстранттар дөңгөлөктөрдү өрттөшүүдө. Словянск, 13-аперль, 2014.

Украинанын ички иштер министри Словянск шаарындагы “антитеррордук операция” учурунда эки тараптан тең өлгөндөр жана жарадар болгондор бар экенин маалымдады.

Украинанын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Арсен Аваков Фейсбуктагы баракчасына жазганына караганда, орусиячыл активисттер менен ок атышууда коопсуздук кызматынын бир аскери мерт болуп, бешөө жаракат алды. Аваков активисттер тарабындагы жоготуулардын “саны белгисиз” деп маалымдады. Анын айтымында, сепаратисттер карапайым кишилерди “калкан катары колдонушууда”.

Кечээ Словянск жана чыгыш облустарындагы бир катар башка шаарларда куралчан орусиячыл топтор милиция бөлүмдөрүнө кол салышкан. Расмий маалыматка ылайык, ички иштер бөлүмүнө кирип баргандар 400 даана тапанча жана 20 даана автоматты тартып алышкан.

Словянск Донецктен 100 чакырымдай алыс аралыкта жайгашкан. Шаар калкынын саны 130 миң кишиге чамалайт.

Өзүн орусиячыл жикчилдердин кол башчысы деп тааныштырган Павел Петров "Орусия 24" телеканалына шаардагы кырдаалды мындайча сүрөттөдү:

- Соңку маалыматтарга караганда, Украинанын Ички иштер министрлигинин атайын күчтөрүнүн униформасын кийген 150 чакты киши Словянск шаарын көздөй жөө жөнөштү. 5-6 даана оор техника да ошол тарапка багыт алды. Биз аларды токтотуу үчүн, аларды шаарга киргизбөө үчүн бар күчүбүздү жумшайбыз.

Украина өкмөтү Орусияны “агрессия” үчүн айыптоодо. Донецкте орусиячылар бир апта мурун ээлеп алышкан өкмөт имаратын бошотуша элек. Украин маалымат каражаттары жикчилдер 13-апрелде Мариуполь шаарынын мэриясын да өз колуна алышканын кабарлашууда. Имаратты Орусияга кошулууну талап кылган миңге чукул киши тынч акция өткөргөндөн кийин ээлеп алышкан.

Милиция сепаратисттерди токтотууга аракеттенген жок деп маалымдалууда.
Орусиячыл активисттер автономия же Орусияга кошулуу боюнча референдум өткөрүүнү талап кылышууда.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 12-апрелде Украинанын чыгышындагы бул аймактарда күч колднулса, төрт тараптуу сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп эскертти. Украинадагы кырдаалды стабилдештирүү боюнча төрт тараптуу жолугушууну 17-апрелде Женевада өткөрүү пландалууда. Ага АКШ, Орусия, Украина жана Евробиримдиктин өкүлдөрү катышмакчы.

АКШнын расмий өкүлү билдиргенине караганда, мамлекеттик катчы Жон Керри ишембиде Лавровго телефон чалып, Москва Украинанын чыгышындагы кырдаалды курчутууну токтотпосо жана кошуна мамлекет менен чек арасындагы аскерлерин алып кетпесе, кошумча санкцияларга туш болоорун эскертти.

АКШнын Киевдеги элчиси Жоффри Пайат 13-апрелде Твиттерде “Чыгыш Украинадагы согушкерлер орусиялык курал-жарак менен куралданган жана Крымды басып алган орусиялык күчтөр кийген униформаны кийип жүрүшөт” деп жазды.

Ак үйдүн маалыматына ылайык, 22-апрелде вице-президент Жо Байден Украинага бармакчы. Ал өкмөт жетекчилери жана жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрмөкчү.

XS
SM
MD
LG