Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

АКШ жихадчыларга каршы күрөштү күчөтүүгө үндөдү


Франциядан Сирияга багыт алган аскердик учак
Франциядан Сирияга багыт алган аскердик учак

АКШ “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшүп жаткан өнөктөштөрүн экстремисттерди түп тамыры менен жок кылуу үчүн көбүрөөк салым кошууга үндөдү.

Жихадчыларга каршы чаралар 24-ноябрда Франция президенти Франсуа Олланддын Вашингтондо президент Барак Обама менен кездешүүсү учурунда да талкууланат. Андан кийин Олланд Москвага аттанмакчы.

АКШнын Мамлекеттик департаменти маалымдагандай, 23-ноябрдагы жыйында президент Барак Обаманын Сирия жана Иракта согушуп жаткан коалициядагы өкүлү Бретт МакГарк 65 өлкөнү камтыган альянсты глобалдуу уюшмага айланган экстремисттик топтун “өзөгүнө” кысымды күчөтүүгө, биргелешкен аракеттерди координациялап турууга чакырды.

МакГарк, вице-президент Жо Байден жана коалициядагы 59 өлкөнүн элчилери катышкан Вашингтондогу жыйында радикал топту каржы булактарынан ажыратуу жана Ирак менен Сириядагы жихадчылардын катарына кошулууну көздөгөндөрдүн агымын токтотуу жолдору талкууланды.

Өнөктөштөр “Ислам мамлекетинин” бул эки өлкөдөгү турумдарын бир жылдан ашуун убакыттан бери бомбалап келатышат. Бирок террорчулар Анкара, Багдад, Бейрут жана Париждеги соңку кол салуулар ошондой эле орусиялык учакты жардыруу үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алганы, бул кампаниянын мааниси артып, чукул чара көрүү маселесин күн тартибине алып чыгууга түрткү берди.

"ИМди талкалайбыз"

Ал тапта Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри Абу Дабидеги сапары маалында белгилегендей, Вашингтон “Ислам мамлекетине” каршы күрөштө ылдам прогрессти көрүүнү каалайт.

- "Ислам мамлекети" радикал тобун жеңебиз деп ишенем. Ага колубуз жетет. Бүгүн көрүлүп жаткан бирдиктүү аракеттерди күчөтсөк, ИМди талкалайбыз жана бул үчүн керектүү кадамдар жасалат деп катуу ишенем.

Сирия
Сирия

АКШ баштаган коалициянын мүчөсү Франция 130дай кишинин өмүрүн алып кеткен Париждеги теракттардан кийин Сириядагы аба соккуларын күчөтүп, “Ислам мамлекетине” каршы аскерий аракеттерин Москва жана Дамаск менен координациялоону чечти.

Бирок Вашингтон Орусия аба соккуларын Москванын салттуу өнөктөшү Сирия президенти Башар Асадга оппозициядагы байистүү топтордун эмес, радикалдардын жайларына көбүрөөк урушу керек деп эсептейт.

Мамлекеттик катчы Керри "Орусия менен бул жааттагы кызматташтык туура шарттарда мүмкүн боло алат жана конструктивдүү мүмкүнчүлүктөргө алып келиши ыктымал" деди. Ошол эле маалда Керри Вашингтондун кадамдары Асадды бийликте кармап калууга жардам катары сыпатталбашы керек деп баса белгиледи.

Ал эми Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Жош Эрнест АКШ Путин менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр, бирок Обама шейшемби күнкү жолугушууда Олландга эч кандай убада бербеши мүмкүн деп кошумчалады.

АКШ өз жарандарын сак болууга чакырды

Америкалык тышкы мекеме ошондой эле “террордук чабуулдар коркунучу өскөндүктөн” АКШ жарандарын дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө саякаттоодон карманууга чакырды. 23-ноябрда чыккан эскертүүдө айтылгандай, акыркы маалыматтардын негизинде “Ислам мамлекети”, "Ал-Каида", "Боко Харам" жана башка террордук уюмдар дүйнөнүн көптөгөн аймактарында кол салууларды уюштурууну мерчемдешүүдө деп болжолдосо болот.

Париж, 23-ноябрь
Париж, 23-ноябрь

Эскертүүдө Дания, Франция, Мали, Нигерия жана Түркиядагы соңку теракттар мисал келтирилип, “АКШ жарандары асыресе коомдук жайларда жана транспортто этият болууга тийиш” – деп айтылат.

Америкалыктарга эл көп топтошкон жерлерге барбоо жана өзгөчө майрамдар жакындап келатканын эске алуу менен өтө сак болуу кеңеши берилди.

Мамлекеттик департамент ошондой эле буга чейин спорттук иш-чараларды, театр, ачык базарлар жана аэропортторду бутага алган экстремисттер ар кыл тактиканы, кадыресе жана башка куралдарды колдонушу мүмкүн деп белгилейт.

Адатта АКШнын тышкы мекемеси кандайдыр бир коркунуч туулганда өз жарандарына ошол конкреттүү өлкөгө барбоо кеңешин берет. Бирок дүйнөнүн бардык мамлекеттерин камтыган бул өңдүү эскертүү өтө сейрек жасалат. Анын мөөнөтү кийинки жылдын 24-февралы деп белгиленгени менен, жихадчылардын катарын толуктаган согушкерлер Сирия жана Ирактан мекендерине кайтып келгенден кийин да кооптуу болушу мүмкүн экени айтылат.

XS
SM
MD
LG