Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

Иши көп, айлыгы аз Кытай лидери


Кытай лидери Си Цзинпин
Кытай лидери Си Цзинпин

Эл аралык басма сөзгө баяндама (19-26-январь).

Кытай лидери Си Цзинпин буга чейин айына 1 миӊ 130 доллар айлык акы алып, иштеп келген. Жакында эле Кытайдын мамлекеттик кызматкерлеринин айлык акысы 10 жылдан бери биринчи жолу көтөрүлүп, Си Цзинпин мырза эми айына 1 миӊ 833 долларлык маянага иштейт деп кабарлайт The China Daily басылмасы. Буга чейин мамлекеттик кызматтарда иштегендердин эӊ төмөнкү айлыгы айына 101 доллар эле, эми лидеринин айлыгы көбөйөрү менен алардыкы 213 долларга жетти.

Foreign Policy журналы Кытай лидеринин мындай аз айлык акы алса да байгер жашоосунун себептерин изилдеп көргөн. Азыр Бээжиндеги бир үй-бүлөнүн орточо чыгашасы айына 930 доллар деп эсептелген. “Атактуу кытай блоггери Вую Санрин 1 миллион 200 миӊден ашуун окурманынан мамлекеттик кызматта иштегендердин айлыгы ушунчалык төмөн болуп туруп, кантип кычыраган үй, машинелүү болуп жатат" деп сурап көргөн. Ага жооп бергендердин көбү аткаминерлердин пара алып жашаганын айтып чыгышкан ”, - деп жазат Foreign Policy.

Ал эми New York Times гезити Кытай лидеринин символикалуу айлыгынан тышкары мүлкүн эсептеп, Си Цзинпин мырзанын өз атына эч кандай мүлк катталбаганы менен ата-энесинен калган Жоннанхайдагы чоӊ үйү менен Бээжиндеги эӊ кымбат Гонюан районундагы эжеси менен жездесинин курулуш комплексин таап чыккан.

Падыша Абдалла кайда көмүлгөнү белгисиз

23-январь күнү Сауд Арабиясынын бийлиги 90 жаштагы падыша Абдалла жерге коюлганын кабарлап, бирок мүрзөсү каякта экенин айткан жок. Маркумдун жаназасы да жашыруун окулуп, аябай чоӊ салтанаттагы узатуу аземдери болбоду. Мунун себебин Newsweek журналы анализдеп көргөн.

“Азыр Сауд Арабиясынын башында турган монархтар ультра-консервативдүү, мусулманчылыктын шарттарын кынтыксыз аткарган вахаббий тобуна киришет. Падыша Абдалла өлкө башында 10 жылга чукул турганына карабай, аза күтүү жана узатуу аземдери болгон жок. Аябай жөнөкөй жөрөлгө менен тымызын жерге беришти”, - деп жазат журнал.

Кэмбриж университетинин ислам илимдери боюнча доктору Тони Стриттин айтымында, вахаббийлер кудайдан башка эч нерсеге сыйынбай, өлгөндөн кийин өз артына из калтыргылары келбейт. Падыша Абдалла бийликке 2005-жылы келген эле, ал каза болору менен ордуна иниси Салман тактыга отурду.

"Акча жок болсо, аз жегиле!"

Мына ушундай кеӊешти Орусиянын аймактык мыйзам чыгаруучулары элге айтып жатат деп кабарлайт The Moscow Times басылмасы. Бул өлкөнүн Уральск, Свердловск аймактарында тамак-аштын баасы 25 процентке жогорулады.

“Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаты Илья Гаффнер Екатеринбургда интервью берип жүрүп: “Биз баарыбыз орусиялыктарбыз. Мындан да оор ачарчылыкты башыбыздан өткөргөнбүз. Эгер акча жетишпей жатса, анда эл өз саламаттыгына кам көрүп, азыраак жесин, - деп айткан.

Мыйзам чыгаруучунун бул сөзүн партия лидери Виктор Шептий сынга алып: “Мындай акылга сыйбаган кеӊешти айтуудан мурда Илья Гаффнер жети ирет жакшылап ойлонсо болмок”, - деди деп жазат The Moscow Times.

Эки жаштагы наристе өзүн атып өлтүрдү

Эки жаштагы Кейлеб Алес аттуу наристе ата-энесинин 380 калибрлүү тапанчасы менен өзүн-өзү атып өлтүрдү деп кабарлайт The Guardian гезити.

Окуя Американын Флорида штатында болгон. Кейлебди ата-энеси машинеде жалгыз калтырып, багаждагы оокат-кечени түшүрүп жатканда, алдыӊкы орундагы чөнтөкчөдө турган тапанчаны алып, наристе өзүн атып алган. Жергиликтүү полиция менен тез жардам дароо окуя болгон жерге барган.

Шериф Боб Гуалтиерринин айтымында, наристе капилет болгон кырсыктан көз жумду. “Ата-энеси эч кандай жоопко тартылбайт”, - деди Гуалтиерри. Флорида штатында 16 жаштан улуу атуулдарга курал алып жүрүүгө туруксат берилген дейт The Guardian.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG