Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:27

Назарбаевдин жээни президент болобу?


30 жаштагы Нурали Алиев
30 жаштагы Нурали Алиев

22-28-декабрь эл аралык басма сөзгө баяндама.

"Нурсултан Назарбаевдин жээни Астана шаар башчысынын орун басары болуп дайындалып, казак коомчулугунда бир топ уу-дуу кептерди жаратты" деп жазат Euroasianet басылмасынын журналисти Жоанна Лиллис.

Нурали Алиев Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева менен анын мурунку күйөөсү Рахат Алиевдин тун уулу. Казак коомчулугу Нурали Алиевди Назарбаевдин болочок мураскору дешүүдө. Нурали Назарбаевдин эӊ улуу жээни буга чейин Казакстандын каржы системасын көзөмөлдөгөн “Нурбанк” менен Казакстанды өнүктүрүү банкындагы жогорку кызматтарды ээлеп, "Форбстун" маалымдоосу боюнча бул өлкөдөгү кирешеси эӊ көп, же жылына 200 миллион доллар тапкан жигит катары таанымал эле. Ал мэрдин жардамчысы болгонго чейин Транстелеком компаниясынын башында турган. 1-январда 30 жашка чыга турган Алиевди айрым саясий серепчилер "президенттикти мурастап калуу үчүн өтө жаш" дешүүдө. Казак Баш мыйзамына ылайык, өлкөнү 40 жаштан улуу гана адам башкара алат. Назарбаевдин мураскору тууралуу кептер Казакстанда бир нече жылдан бери айтылып келет. 74 жаштагы Назарбаевдин президенттик мөөнөтү 2016-жылдын декабрында бүтөт деп жазат Euroasianet.

Мунай баасы оӊой менен көтөрүлбөйт

Сауд Арабиясынын мунай министри Али аль-Наими Middle East Economic Survey журналына маек берип, мындан ары мунайдын баасы мурдагыдай 100 долларга чейин көтөрүлбөй, ал тургай 20 долларга чейин түшүүсү ыктымал экенин айтты. “Мунай экспорттогон өлкөлөрдүн уюмунун эрежесин бузган жокпуз, кызыкчылыгына каршы да келбейбиз. Мындан ары мунайдын бир баррели 60 доллардан 20 долларга чейин түшүүсү мүмкүн. Бирок эми мунай баасы мурдагыдай 100 долларга чейин көтөрүлбөйт”, - деди. Аналитиктер баанын мындай түшүүсү бара-бара өндүрүштүн келечегине да өз таасирин тийгизет дешүүдө. Маселен мунайдын эӊ жогорку сорту болгон Брент маркасы 2014-жылдын июнь айында эле бир баррели 114 доллардан сатылса, азыр 60,6 долларга, же 40 процентке арзандаган. Эми анын баасы 2015-жылы 68 долларга гана чыгышы ыктымал деп жазган The Business Insider аналитикалык журналы.

Миллиондогон британдыктар ачка

Британияда миллиондогон жакыр адамдар чала тоюп, Экинчи Дүйнөлүк согуштагыдай акыбал түзүлдү деп жазат The Telegraph гезити. Англияда азыр 6,4 миллион киши жетиштүү тамак жебей кесерип жүрөт. Эксперттер муну өлкөдөгү жакырчылыктын күзгүсү катары баалашты. Британ калкына иликтөө жүргүзүп, сурамжылаганда мурдагыга караганда азык-түлүктү 10 процентке аз сатып алып жатышканы маалым болгон. Уорвик университетинин азык жана социалдык маселелер боюнча профессору Лиз Доулер күнүнө нормалдуу тамактанган киши 2 миң 240 калорий жесе, ачка калган калктын көбү мунун жарымына араӊ жетип жатканын айтты деп жазган The Telegraph.

Орусия чүчкүрсө КМШга суук тиет

Мына ушундай аталыштагы макала Financial Times гезитинде жарык көрдү. Анын автору Жек Фэрчи рублдун 36 процентке арзандоосу Минск, Бишкек, Дүйшөмбүдө экономикалык кыйынчылыктын араанын ачты дейт. “Рублдун алсыздыгы мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдүн валютасына да терс таасирин тийгизди. Орусия кыйналса, анын артынан бүтүндөй аймак азап тартат, - деген орус экономисти Олег Кузьмин Financial Times гезитине. Европа өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча экономисти Аргис Прейманис "Орусиядагы каржылык кыйынчылык Борбор Азиянын экономикасын үч эсеге төмөндөтүшү ыктымал" деген. Дүйнөлүк Банк Орусиядагы кризистен улам мигранттар салган акча Тажикстанда 39, Кыргызстанда 31, Арменияда 24 процентке азайганын билдирди. Аталган өлкөлөрдүн ички дүӊ өнүмү келе жаткан жылда 30 процентке кемий турганы да божомолдонууда дейт макаланын автору Жек Фэрчи.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG