Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Тапан бала Обаманы кантип какты?


Эл аралык басма сөзгө баяндама (27-апрель-4-май)

"Узаган апта соңунда дүйнөлүк прессада Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама менен мектеп окуучусунун диалогу эң чоң кызыгууну жараткан окуялардан болду" деп жазат The Telegraph гезити.

АКШ ажосу 250 миллион доллардык электрондук китептерди жакыр балдарга бекер таркатуу долбоорунун алкагында өлкөсүнүн 40 шаарын кыдырып, мектептерде атайын акция өткөрүүдө.

Ушундай акциялардын биринде Обама жазуучулардын алгачкы чыгармалары өтө деле кызыктуу болбосо керек деген пикирин айтып жатканда Гузман аттуу жанында отурган өспүрүм: “Сиз бул суроого эптеп-септеп эле жооп берип жаткандайсыз”, - деди. Таң калганын жашыра албаган Обама: “Гузман мени көп сүйлөбө деп жатат окшойт”, - деген. Экөөнүн бул диалогу интернетте эң көп талкууланган сапка чыкты.

Непалдагыдай жер силкинүү кайталанышы ыктымал

Newsweek журналы дүйнөлүк масштабда илимий изилдөө жүргүзүп жаткан геолог-профессорлорго кайрылып, Непалдагыдай зилзала болушу ыктымалбы деген суроого жооп издеген.

Абанын булгануусу, атмосферанын ашыкча ысып кетүүсүнөн улам Индия, Бангладеш сыяктуу өлкөлөрдүн аймагында жана Евразия чөлкөмүндө зилзала көбөйөт дешет окумуштуулар.

Лондон университетинин геофизика жана климаттык кырсыктар боюнча профессору Билл Макгуайар: “Айрым аймактардагы кээ бир себептерден улам келип чыккан климаттык өзгөрүүлөр көптөгөн адамдардын өлүмүнө себеп болот”, - деген жана келечектеги жерди каптай турган кырсыктарды Голливуд тарткан “2012” аттуу акыр заманды чагылдырган тасмага окшоштурду.

Жыйырма жылдан бери жер титирөөдөн улам бир миллиондон ашуун киши өлдү деп жазат The Economist басылмасы. “Жердин азыркы учурдагы тектоникалык абалы калкы өтө жыш жайгашкан өлкөлөрдү азапка салышы ыктымал. Мындай шартка туруштук бере алчу имараттарды курууга мезгил жетти. Ийилчээк, термелгенде сынбай турган материалдар азыр Жапониянын инженерлери тарабынан чыгарылууда. 21-кылымдын зилзаласынан коргонуу үчүн адамзат эми курулуш тармагына жаңыча мамиле жасашы керек”, - деп жазат The Economist.

Борбор Азиянын диний эркиндиги коркунучта

Американын эл аралык диний эркиндик комиссиясы 2015-жылдагы отчетун чыгарып, Азия өлкөлөрүнүн ичинен диний эркиндиги коркунучта делген беш өлкөнүн тизмесин чыгарды. Ага Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан кирет деп жазат The Diplomat аналитикалык журналы.

"Буга жүйө катары аталган комиссия Түркмөнстандагы каттоодон өткөн жана өтпөгөн диний топторду полиция капилет текшерип, камап койгон учурлар арбып, Өзбекстанда динге байланыштуу мыйзамдар өтө катуу болуп, диний ишмердик мамлекеттин тыкыр көзөмөлүндө. Казакстанда да бийлик диний толеранттуулукту үгүттөйт, бирок мусулмандар менен христиандардын ишмердүүлүгүн чектеген мыйзамдар бар.

Кыргызстанда 2008-жылдан бери ислам жана христиан динине гана мамлекет уруксат берип, калган диний топтор куугунтукка алына баштады" деп жазат The Diplomat.

Майып досун жонуна көтөргөн бала аптанын каарманы

Кытайда үч жылдан бери буту баспаган майып досун жонуна көтөрүп алып, мектепке ташып окуткан 18 жаштагы бала тууралуу кабар дүйнөлүк басма сөздө кеңири жайылып, окурмандардын кызыгуусун жаратты.

Beijingist басылмасында чыккан кабарда Цай Цу аттуу өспүрүм булчуңдары атрофия болуп ооруп, буту баспай калган классташы Янг Чини күнүнө 173 метрлик аралыкка аркасына көтөрүп алып окутары айтылат.

“Бул эки окуучунун окуясы дүйнөнү таң калтырып, бизге дагы кубаныч тартуулоодо. Алардын туугандык деле жайы жок. Ошентсе да Цай Цу досуна үч жылдан бери тынымсыз кам көрүп келет. Янг Чи буту баспаса да классташынын аракетинен улам бир да сабагын калтырбады. Мамлекеттик сынакка дагы катышканы турат”, - деди мектеп директору гезиттерге.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG