Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Исламчылар америкалык журналист өлтүрүлгөнүн жарыялады


Жеймс Фоули, 27-май, 2011-жыл
Жеймс Фоули, 27-май, 2011-жыл

“Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлери туткундагы америкалык журналист Жеймс Фоулинин башы алынып жатканын көргөзгөн видео тасманы таркатты. Ак үй видеодогу киши америкалык журналист экенин тастыктады.

Америкалык журналист Фоулини 2012-жылы ноябрда Сирияда белгисиз куралчандар уурдап кетишкен. Исламчылар тараткан видео тасмадагы киши Фоулиби экенин америкалык бийликтер билдирди. Журналисттин үй-бүлөсүнүн атынан энеси Дайан Фоули ”Биз эч качан уулубуз менен мынчалык сыймыктанган эмеспиз. Ал өз өмүрүн Сирия элинин азабын дүйнөгө көрсөтүүгө арнады” деп Фейсбукка жазды. «Уулум менен колго түшкөн башкалар АКШнын Ирактагы же башка жердеги саясатын аныктабайт» деген америкалык аял калган туткундарды аман-эсен койгула деп радикалдарга кайрылды.

Видеодон алынган сүрөт: Жеймс Фоули болушу мүмкүн делген киши
Видеодон алынган сүрөт: Жеймс Фоули болушу мүмкүн делген киши

40 жаштагы Жеймс Фоули Жакынкы Чыгыштагы окуяларды жеринен чагылдырып жүрүп таанылган. Негизинен америкалык Global Post жаңылыктар сайты жана Франс-пресс агенттиги менен кызматташкан.

Исламчылар тараткан "Америкага кайрылуу" деген видеодо беткапчан согушкер бирөөнүн башын алып жатканы тартылган. Британ акценти менен англисче сүйлөгөн баш кесер камераны карап туруп журналисттин өлүмү АКШнын Ирактагы «Ислам мамлекетинин» куралдуу топторуна урган соккусуна түздөн-түз байланыштуу деп сүйлөйт. Видеодо 2013-жылы августта уурдалган экинчи америкалык журналист Стивен Сотлоф да өлтүрүлөт деп эскертилет.

АКШнын чалгындоо кызматтары “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандары америкалык журналист Жеймс Фоулинин башын алуусун көрсөткөн видеотасманы чын деп тастыктады. Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү Кейтлин Хейден 20-августта “...биз бул видео чын деген бүтүмгө келдик” деп билдирди.

Чек арасыз кабарчылар уюмунун башкатчысы Кристоф Делуар америкалык журналистин башы алынууда делген видеотасмага байланыштуу: "Сирияда өз милдетин аткарып жүргөн 38 журналист өлтүрүлгөндөн кийин Жеймс Фоули менен эмне болгонун карап туруу өтө коркунучтуу. Бул өлтүрүү Сирияда бардык журналисттерди өлтүрүүдөн да жаман, себеби анын башы алынган,"- деди Рейтер агенттигине.

Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон видеодогу англисче акцент менен сүйлөгөн адамды аныктоо ишин жетектөө үчүн эс алуусун токтотуп, Лондонго кайтып келди.

Франциянын президенти Франсуа Оланд “Ислам мамлекети” уюмун ооздуктоо үчүн эл аралык конференция өткөрүүнү сунуш кылды.

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер "Жапайы жихадчылар менен согушуу үчүн Ирак күрттөрүн жабдуу, ошондой эле курал менен камсыздай алабыз. Британия, Италия жана Франция мындай товарларды жөнөтүүнү чечти. Биз да бул ишке даярбыз. Биз азыр европалык жана эл аралык өнөктөштөрүбүз менен кантип кызматташууну такташабыз" - деп курал-жарак жөнөтүүгө даярдыгын билдирди.

Суннилердин буга чейин «Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети» деген ат менен белгилүү "Ислам мамлекети" радикал тобу Ирак менен Сириянын бир топ бөлүгүн ээлеп алган.

Исламчылар басып алган аймактардагы этностук жана диний топторго кирген жүздөгөн адамдарды өлтүргөнү үчүн айыпталууда. Куралдуу радикалдардын каарынан корккон бир миллиондон ашуун киши бозгунга айланды.

XS
SM
MD
LG