Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:59

Эркиндик

Жусупжан: Ош окуясындагы чындыкты айталы

«Азаттыктын» кабарчысы Жаңыл Жусупжан «Оштун кайып кыздары» деген журналисттик иликтөөсү үчүн Лондондогу Эл аралык телерадио берүүлөр ассоциациясынын «Эң мыкты документалдык радио иликтөө» номинациясынын атайын сыйлыгына ээ болду.

Эл аралык телерадио берүүлөр ассоциациясынын сыйлык ээлери Эркин Европа/Азаттык үналгысынын журналисттери Фаршид Манафи менен Жаңыл Жусупжан, Лондон, 9-ноябр, 2011-жыл
Текст көлөмү - +
Жаңыл Жусупжан: «Оштун кайып кыздарын» биздин угармандар өтө толкундануу менен кабыл алды. Бир жагынан "Мындай согушка жол бербешибиз керек, кантип биз ушул деңгээлге жеттик", - деген сөздөр болду. Бирок экинчи жагынан, “Эмне үчүн биз өзбектерди айтышыбыз керек” деген өңдүү өтө терс көз карашта телефон чалгандар, коркуткандар болду. Бирок болгон окуялар биздин тарых. Биздин тарыхыбызда эмне болуп өткөнүн калыстык менен карашыбыз керек, бул андай нерселердин кайталанбашы үчүн зарыл.

«Оштун кайып кыздарынын» мындай деңгээлде талкууланып жатканынын бир себеби Ош жаңжалы убагында маалымат каражаттарында көп чагылдырылды. Көп жагынан Кыргызстандын беделине терс таасир этти деп айтсак да болот. Ал эми көтөрүлгөн маселе тууралуу айтсам, аялдарга каршы сексуалдык зомбулук тилекке каршы, бүгүнкү күндө да болуп жатат. Бизде Ош жаңжалы маалында оор кылмыштар орун алган. Мага берилген сыйлыктын бир өңүтү ушул болду, эл аралык адистер ушуга көңүл бурду.
 “Эмне үчүн биз өзбектерди айтышыбыз керек” деген өңдүү өтө терс көз карашта телефон чалгандар, коркуткандар болду. Бирок болгон окуялар биздин тарых. Биздин тарыхыбызда эмне болуп өткөнүн калыстык менен карашыбыз керек, бул андай нерселердин кайталанбашы үчүн зарыл...


Гүлайым Ашакеева: «Азаттык» үналгысында сиз даярдаган «Оштун кайып кыздары» деген радиобаяндар уктурулганда кыргызстандыктар өтө эмоционалдуу маанайда кабыл алышты эле, түрдүү реакциялар болду эле. Учурунда бир топ соккуларга туруштук бердиңиз. Бүгүн өзүңүздү жеңүүчү катары сезип турасызбы?

Жаңыл Жусупжан: Бул шартта журналист өзүн жеңүүчү деп сезе албайт эч качан. Мындай көйгөйдүн козголушунун өзү жалаң гана утулушту билдирет. Эгерде ошондой маселелердин козголушунан улам “ушундай нерсеге мындан ары жол бербешибиз керек" деген коомдук пикир пайда болсо иликтөөлөр максатына жетти деп ойлойм.

“Азаттыктын” интернет барагына келген ой-пикирлер менен телефон чалууларда ушундай сөздөр көп айтылды. Менин оюмча, башкы жеңиш ошол болду. Башка жеңиш болушу мүмкүн эмес. Анткени аял үчүн - бул абдан чоң трагедия.

Өткөн айда мен Ошто болдум, аялдар баягы эле “кайып" бойдон, аларды көргөн, билген, көңүлгө алган киши жокко эсе. Эл аралык уюмдар менен кризистик борборлор аз-аздан аларга жардам берди эле, эми мындай уюмдар иштерин азайтып, кетип жатат. Ал эми проблема, жапа чеккен адамдар биздин арабызда калып жатат да. Биз көз жумуп койсок дагы болот. Анткени сексуалдык зордук боюнча кылмыштардын иш жүзүндө биринин дагы бети ачылган жок, жабылуу аяк жабык бойдон калды.

Гүлайым Ашакеева: Журналист катары сиз бул көйгөйдү жазып, дагы иликтейсиз да. Мындан кийинки баяндарыңыз чыкканда дагы кайрадан окурмандардын, угармандардын катуу соккусуна кабылам деп чочубайсызбы? Анткени Кыргызстанда окуя өтүп кетти, эми эски жараны чукубайлы, жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын деген пикир дагы эле басымдуулук кылат эмеспи?

Жаңыл Жусупжан: Бизге улут катары өтө көп айыптар тагылып атат. Мисалы сот системасы иштебейт, түрмөлөрдөгү кыйноолор боюнча деген сыяктуу. Биз бул көйгөйлөрдү көрмөксөнгө салып коюп кете беришибиз мүмкүн. Бирок өзүбүздөн-өзүбүз качып кутула албайбыз да, туурабы? Экинчи жагынан, кыргыздар бүгүнкү күндө Кыргызстанда көпчүлүктү түзгөн түпкүлүктүү калк. Мамлекеттик бийликтин басымдуу бөлүгүндө кыргыздар отурат. Биз өз алдынча мамлекет болдук. Эгерде биз өзүбүздү титулдук улут деп айта турган болсок, ошого жараша жоопкерчилик бар. Биз ушул жоопкерчиликти ала албай атабызбы деп ойлом. Биз өзүбүздөгү өксүктүк комплексинен айрылган деңгээлге жетишибиз керек. Биз кандай жашайбыз, кайда барабыз, мамлекетибизди кандайча курабыз - деген көп маселелерди өзүбүз чечип алышыбыз керек.
 Өткөн айда мен Ошто болдум, аялдар баягы эле “кайып" бойдон, аларды көргөн, билген, көңүлгө алган киши жокко эсе. Анткени сексуалдык зордук боюнча кылмыштардын иш жүзүндө биринин дагы бети ачылган жок, жабылуу аяк жабык бойдон калды.


Гүлайым Ашакеева: Жаңыл, өзүңүз айткан мамлекеттин алдындагы чоң миссияны аткарууда журналисттердин салымы өтө чоң. Албетте, бир журналисттин же бир медиа мекеменин аракети жетишсиз. Кыргызстандагы кесиптештериңизди Ош окуяларын, жаңжалдан кийинки көйгөйлөрдү чагылдырууда эмнеге көңүл бурууга чакырат элеңиз?

Жаңыл Жусупжан: Куру улутчул болуш оңой, чыныгы патриот болуш кыйын. Жаманды жашыруу башыбыздан өттү го, тоталитаризм өттү, андан кийинки кландардын кармашы, регионалдык бөлүнүп-жаруучулук, ушул сыяктуу чоң-чоң проблемалар болду. Ооба, алардын бардыгын журналисттер чече албайт, бирок өзүң айткандай, журналисттердин алдында чоң жоопкерчилик бар. Моралдык баалуулук, гуманизм деген түшүнүк бар. Булар бардык адамзатка бирдей универсалдуу түшүнүктөр. Мисалы, бир улут экинчи улутка караганда азапты, же трагедияны азыраак сезбейт, же тескерисинче.

Мисалы эненин кайгысы, кичинекей баланын башына түшкөн трагедия улутуна карабайт, ал баарын бирдей мүңкүрөтөт. Гуманизмдин мааниси ушунда. Эгерде биз ошону аңдасак, түшүнөбүз. Эгер аңдабасак, биз бир эле жакты карап калабыз дагы, чындыкка, келечекке кызмат өтөй албайбыз. Анткени биздин артыбызда жаңы муун өсүп келатат. Алар бизди - улууларды карайт.

Гүлайым Ашакеева: Өзүңүз аял катары аялдардын көйгөйүн, жеке бактысынын, үй-бүлөлүк турмушунун кыйраганын көрүп туруп, окуяны журналист катары чагылдыруунун түйшүгү кандай?

Жаңыл Жусупжан: Өзүң билесиң, журналисттин ишинде, өзгөчө биздин «Азаттыкта» Балкан окуяларын чагылдырганда, же Гаитидеги жер титирөөдөн кийин ал жакта аялдар кандай зордуктоолорго кабылган. Андай жерлерде кылмыштуулук аябай күчөгөн, жүрөк зыркыраган окуялар болгон. Биз алар тууралуу жаңылыктарды, баяндарды жазабыз, угармандарга айтабыз. Ошондой учурларда компьютердин алдында отуруп канча көз жашымды төктүм.
 Эненин кайгысы, кичинекей баланын башына түшкөн трагедия улутуна карабайт, ал баарын бирдей мүңкүрөтөт. Гуманизмдин мааниси ушунда. Эгерде биз ошону аңдасак, түшүнөбүз. Эгер аңдабасак, биз бир эле жакты карап калабыз дагы, чындыкка, келечекке кызмат өтөй албайбыз.


Аялдар менен жолукканда кээ бирлери өзүн токтото албайт, ыйласа жүрөгүң сыздайт. Мен алар менен журналист катары эмес, аял катары, аларды түшүнгөн адам катары сүйлөшүп, силердин тарыхыңарды, башыңардан өткөн нерселерди башкаларга айтып берсек, андай нерсе кайталанбашы үчүн керек деп сооротууга туура келет. Бул журналисттик иштин ажырагыс бөлүгү го деп ойлойм.

Гүлайым Ашакеева: Анан журналист катары окуяны бейтарап чагылдыруу деген турат да?

Жаңыл Жусупжан: Ага угармандар өздөрү баа беришсин. Анткени мен окуяны ошол болгон жеринен чагылдырган жокмун да. Мен окуядан кийин алар менен жолугам, сүйлөшөм, прокуратурага барам, же укук коргоочулар менен сүйлөшөм, жалпысынан эмне кандай болгон, ошонун баарын карап, иилктеп чыгам. Бул акыл менен туюмдун иши.

Эгер эмоцияга алдырсак, анда биз өзүбүздүн журналисттик милдетибизди аткара албай калабыз. Биздин милдетибиз элге жеткиликтүү тил менен эмне болгонун айтып берүү. Эгерде биздин айткан сөзүбүздөн угармандар жыйынтык чыгарып, ар ким “ии, мындай турбайбы, мындай болгон экен, эми эмне кылышыбыз керек” деген суроону өзүнө өзү бере тургандай деңгээлде чагылдырышыбыз керек. Эгерде биз ал милдетти аркалай албасак, журналист болуу кыйын го дейм.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
19.11.2011 18:13
Жаныл Жусупжандын алган сыйлыгы коомчулукта турдуу ойлорду жаратуусу шексиз эле. Анткени учурдагы кесиптештеримин жазап жаткан иш аракеттери коомдогу болуп жаткан социалдык жана саясий маанайларга жараша багытталууда. Индиялык философтун "Камыш менен Бак" деген тамсилинде топон суу келип камышты ийилчээктигинен устунон жапыра тепсеп отуп аман калтырат да, кебелбей сыймыктуу турган бакты томкоруп кетет. Мен кесиптештеримди акыркы кездерде кобуроок ушул камышка окшото баштадым, анткени жашоо керек, топон суунун соккусу менен ойрон болууну эч ким деле энсебейт болуу керек, озгочо казыр. Ошондуктан урматтуу шеринечилер мындай корунушторго тушунуу менен мамиле жазасаныздар. Жаныл деле киши да, ал деле элге окшоп сыйлыктарга жетсем дейт. Анан да кээ бир кучтуу державаларга дал ушундай кырдаалдардын жаралуусу керек болуп жаткандыгын ар бир эле акыл эстуу киши тушунот азыркы кундо. Ошондуктан урматтуулар мындай учурларда ден соолугунуздарды аяныздар, коп эмоцияга алдырбай.

кимден: Caira каяктан: Ош
17.11.2011 15:16
Сыйлыкты бул журналист кызга кыргызды жамандаганы үчүн алды да.Бизде негизи дайыма ушундай, сыйлык, наам алгын келсе өзүңдүн элиңди,жериңди жаманда.Бул кыз өзү ким?Чет өлкөгө эмне керек,ушуга окшогон саткын адамдар керек.Ошол адамдар биздин элибиздин салт санаасын бурмалап киного тартып көрсөтүп Арым Актан приздерди алып жүрөт.Мына калайык калк, белгилүү адам болгуң келсе ушундай методго өтүп алгыла.

кимден: Emil
16.11.2011 13:55
Албетте чындыкты айталы. Чындыкты айтуу кыргыз элинин мойнуна куноо жуктоо эмес. Европа, убагында Босниялыктар м-н Сербдер кагылышып 8 мин Босняк олгондо тултуйуп оозун ачпай отуруп алган. Бизде болгондо геноцид дегенге чейин барып соомойун кезедиго. Батыштын бизге коо жапканы аз кегенсип озубуздун кулундарыбыз бизге асылганы кандай? Мен кошулбайм бул нерсенин сыйлык экенине! Кыргыздардын чындыгын да угузгула,коргозгуло! Эки жуздуу, баскынчы Батыш, тарт колунду!

кимден: Азат каяктан: Алай
15.11.2011 11:54
Эгер абдан дыкат жүргүзүлгөн журналисттик иликтөө болуп, анан СЫЙЛЫК алса баракелде, кыргыздын баары кубанмак. Бирок ,(Чеховдун бирогу) каргашалуу окуялар боюнча бул эси жок кыздын жазгандары кайра улут аралык араздашууга от таштап, кайраштыруу катары кабыл алынды. чынында ошондой жазылган, ошондой айтылган... Мен бул кызды дебатка чакырмакмын ушул темалар боюнча....
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.11.2011 17:19
Азат! дебатты ушул жерден эле кылбайсынбы. Айта турганын айт. толукта. жаныл айтпаган чындыкты силер айткыла. эл билсин. ойлонсун.чечим чыгарсын.

кимден: Zake каяктан: Ош
14.11.2011 11:11
Жанылдын алган бул сыйлыгы сыймыктана турган иш болбоптур. Анткени, Жаныл Ош окуясы учурунда озу болгон эмес да. Эгерде ошол учурда эл менен чогуу болуп, оз козу менен коргондо бул кыз мындай макала жазбайт эле. анан андан сурадым, мындан сурадым деп озу корбогон нерсесин коргондой кылып жазып сыйлык алышы туура эмес, уят. Ансыз деле чет элдик журналистер кыргыздарды куноологону жетишет эле. Анысы аз келгенсип калысмын деп бир жактуу макала жазышы ошол чет элдик журналистерден алдыга озуп чыкканы. Карындашым Жаныл чындыкты баарынан биринчи орунга коюп уйрон. Сыйлык качпайт. Мен болсом Кыргыз аялдарынын да озбек аялдарынын да бирдей азап тарткандыгын жазат элем. Эгер сыйлык алыш учун жазыш керек болсо. Азаттык плюска Мелис Мырзакматов маек бергенде журналис кызды уят кылды го, эмнеге озбек бизнесмендери эле зыян тартты деп бир жактуу айтасыз. Кыргыз бизнесмендери да зыян тартты. эки улуттан бирдей зыян тартты деп жооп берген эле.

кимден: Kylymbek каяктан: China
14.11.2011 10:28
Сыйлык кут болсун!
Чындыгында макала жарыяланган кундон тартып эле чон талкууну жаратып келе жатат. Бирок, макала оз баасын ала алды!

кимден: Узбек каяктан: Киргизия. Ош
12.11.2011 22:39
Жаныл респект..браво..спасибо..рахмат.!!

кимден: Joromol
12.11.2011 21:46
Эгер батыштан сыйлык алам дегендер болсо мына формуласы: оз олкондо этникалык же башка чыр чатак чыкканда ким куноолуу экенине карабастан дайыма азчылыктарды жактасан сага оной эле берип коёт сыйлыктарды. Батыштын сыйлыгын алыш оной эле,бирок бир шарт м-н: азчылыктардын таламын талаш, ортодо,обективдуу болбо,куноону оз элиндин мойнуна асып кой. Чыгыш же артта калган олколордон чыккан жазуучулардын Нобел Адабият сыйлыгын алгандарын карап коргуло, ким озунун элин жамандаган болсо ошолорго берип коюшат. Мисалы: В.С.Наипаул Тринидад Тобагонун элин басмырлаган романдарын жазганы учун бул сыйлыкты алса, Турк жазуучусу О.Памук "Турктор коптогон улуттук азчылыктарды олтургон" деди да Нобелди колтугуна кысып кете берди. Эл аралык фестивалдарда сыйлык алган кыргыз кинолорунун карап корсонуздор, дээрлик бардыгы кыргыздарды жапайы кылып корсотушкон. Мына ушундай мекендештер. Азаттык,силердин коллеганарды сындагандай болсом да, сураныч чыгарып коёсунарбы менин бул пикиримди.
Пикирге жооп

кимден: Айжан
13.11.2011 10:46
Баракелде, соз атасы олбоптур.Кошуламын!

кимден: Аку каяктан: Бишкек
12.11.2011 01:24
"Улуттук кызыкчылык" деген бар... Аны дуйнодо баардыгы колдойт... Мисалы АКШ демократия, тынчтык, биримдик, деп оз билгендей сот кылып жургот. Мына анын дагы улуттук кызыкчылы бар... Мен кыргызмын... Мен мекенимди суйом... Кайсы кесиптин ээси болбойлу эч качан улуттук кызыкчылыкты унутбайлы мекендештер...

кимден: Калыс каяктан: Бишкек
11.11.2011 19:14
Менимче Жаныл сиз ушундай сыйлык алаарынызды билгенсиз,анткени аны андап билиш учун сиздин тажрыйбаныз жетиштуу болчу.Балким бул учун Батыш олколорундо ото бийик урмат менен мамиле кылышаар.Албетте журналист калыс айтык ак суйлоп,так жазыш керек.Бирок эмне учун эки элдин кайып кыздарын калыс карап, кыргызын да озбегин да бирдей изилдеп жазган жоксуз?.Балким этникалык азчылыктын окулун жазганыныз учун берилгендир сыйлык?.Бул адатта адамдардагы коро албастык менен же улутчул мамиле менен жазылган соз эмес.Мен озумду эн сонун козомолдойм жана бул экоонун чектери кайда барып такалаарын, акыйкаттын ак карасын так ажыратам.Калыстык учун айтып кое турган нерсе журналист же министр болуш,кайсы бир сыйлыкты алыш оной.Бирок адамгерчиликтуу болуш кыйын.Сиз корсо оз элинизди урматтай албайт экенсиз, кантип колокодо калганын деле сезбей калдыныз.Тагыраагы оз элиниздин жазыксыз жайраган уул кыздарына татыктуу таазим кыла албадыныз.Озбектерге да кыла албадыныз.Себеп дегенде сиз бир жагына тартуу менен озунуздун позициянызды билдирип койдунуз.Мен сизди журналист катары урматтайм,бирок адамгерчиликтуу,маданияттуу мамиле кылган эки жуздуу экениниз да байкалып калды.Балким бул пикир чыкпай калаар бирок, сизге жетсе,бир аз ойлонтсо болоор эле.
Кыргыздар айтмакчы - орконун оссун, бай болгур!
Пикирге жооп

кимден: Азамат каяктан: Оруссия
12.11.2011 09:29
Калыс сиздин позициянызды колдогондор ото коп экенин билиниз.Рахмат.
Пикирге жооп

кимден: aja
11.11.2011 20:43
kalys pikirine toluk koshulam.ne uchun eki uluttan ten alyp karagan emes.kyrgysdarda kancha ajymdar syzdap kaldy
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине