Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 23:00

Саясат

Кули: Кыргызстан “кардар өлкөгө” айлануусу мүмкүн

АКШдагы Колумбия университетинин профессору Александр Кули (Alexander Cooley) “Азаттыкка” курган маегинде 2014-жылы "Манастагы" базанын тагдыры жаңы келишим менен чечилери мүмкүн экендигине, Вашингтондун Ооганстан боюнча соңку пландары жана Кыргызстан Аймактык бажы биримдигине кирсе өлкөнүн эгемендигине кандай таасир тийгизерине токтолду.

Текст көлөмү - +
А.Кули: Жаңы президенттин бийлиги алдында америка-кыргыз мамилесинде кескин бурулуш болуп, өзгөрүп кетет деп ойлобойм. Кызматташтыктын көңүл чордонунда Ооганстанга көмөк көрсөтүү кала берет. Болочок президент А.Атамбаев "Манас" транзит борбору 2014-жылы жабыла тургандыгын, аба майданы жарандык учактар үчүн гана колдонулаарын билдирди.

Эки өлкө ортосундагы кызматташтык келишими 2014-жылга чейин түзүлгөн. Буга чейинки тажрыйбалар көрсөткөндөй, база маселеси талкууланып келип эле, акыркы мүнөттөрдө чечим башкача чыгып калган.

Тилекке каршы Кыргыз Республикасы менен АКШ ортосундагы экономикалык алакалар кеңири өңүттө өнүкпөй жатат. Кыргызстандын Америка менен географиялык коңшу эместиги буга себеп. Ага карабастан бир катар өнүктүрүү программалары, техникалык көмөктөшүү долбоорлору жүзөгө ашырылып жатат. Кыргызстан АКШнын Борбор Азиядагы өнөктөшү катары алакалар улана берет.

"Азаттык": Буга чейин “Манастагы” жүк ташуучу базанын тагдыры акча менен чечилип келгенин билебиз. Кыргыз тарап база маселесин көтөргөндө дароо төлөмдөр жөнүндө сөз болот эмеспи. 2014-жылы маселе кандай чечилет деп күтсөк болот?

Кыргызстан Орусиянын “кардар өлкөсү” болуп калышы толук мүмкүн. Бул Кыргызстан Москвадан саясий, экономикалык жана коопсуздук боюнча көз каранды болот дегенди түшүндүрөт.
А.Кули: Кыргызстан бааны көтөрөбү жокпу, муну Бишкектеги саясатчылар чечет. База жеке жана мамлекеттик тармактарда бараандуу киреше берет. Жылына 60 миллион накталай доллар кыргыз өкмөтүнүн бюджетине түшөт. Жергиликтүү калктын жүздөгөн өкүлдөрү базаны тейлөөдө иш менен камсыздалат. Бул меселени, албетте, Бишкектеги Ак үй чечет.

Жеке мен болсо акча 2014-жылы дагы өткөн тажрыйбадагыдай эле базанын тагдырын чечүүчү фактор болушу толук мүмкүн деп ойлойм. Бишкек “базаны жабабыз” деп коркутканда, Пентагон дайыма жаңы каржылык пакетин сунуштаган. Ал ижара акыны көтөрүү же гуманитардык көмөктүү көбөйтүүнү камтыган. Алдыда дагы маселе ошол эле жол менен чечилиши мүмкүн деп айтаар элем.

"Азаттык": Жакында Мамлекеттик катчы Х.Клинтон Ташкен менен Дүйшөмбүдө сапарда болду, Бишкекке кайрылган жок. Бул Кыргызстан Вашингтондун Ооганстан боюнча стратегиясында көңүл чордонунан түшүп калганын билдирбейби?
Чакан өлкөлөрдүн эгемендигине шек келтирген учурлар дүйнөлүк алкакта көп кездешет – ал “жарым-жартылай суверендүүлүк” деп аталат

А.Кули: Ал сапар ошондой таасир калтырышы мүмүкүн, эмне себептен экендиги да түшүнүктүү. Мен башкача айтаар элем, Ооганстан боюнча АКШ стратегиясы өзгөрүүдө, анткени Ооганстанды жабдуунун жолдору өзгөрүүдө. “Манас” базасы АКШнын Ооганстан боюнча эң маанилүү, башкы камсыздоочу жайларынын бири бойдон кала берет. Ооганстанга кирип-чыккан ар бир аскер "Манастагы" база аркылуу жөнөтүлөт. Айына 50-55 миң аскер "Манаска" токтоп өтөт.

Өзбекстандын маанисинин артканы – Ооганстандагы күчтөрдү камсыздоого автожол керек. Пакистан-АКШ ортосундагы мамиленин татаалдашканына байланыштуу жабдуу жолдору “түндүн багытка” которулуп жатат. “Түндүк багыт” – Балтика деңизи аркылуу келген жүк Орусия, Казакстан, басымдуу бөлүгү Өзбекстан аркылуу оогандарга жетет. Андыктан, Өзбекстан Ооганстанды жабдууда америкалыктардын өтө маанилүү өнөктөшү болуп чыга келди. Мамкатчы Клинтон Ташкенде өзбек бийлиги менен ошол чыйыр салынган жолду бекемдеп жүрдү. Бул эч кандай “Манастагы” базанын маанисин төмөндөтө албайт, болгону  бул максатта Өзбекстандын ролу кеңейүүдө.

Аймактык бажы биримдигин кагазда  мүчө-өлкөлөр түзгөн уюм башкарат деп жазылганы менен чечим чыгаруу Кремлдин колунда болот
Анан дагы америкалыктар дайыма алтернативдүү жолдорду карайт. Эгер “Манастагы” база жабылып калса же дагы бир башка жагдай түзүлсө, Вашингтон 2014-жылы ишке ашыра турган пландарын Өзбекстан аркылуу жүргүзүүсү абзел.

"Азаттык": Кыргызстан аймактык Бажы биримдигине кирүүгө бел байлап турат. 2012-жылы бийликке келе турган президент Атамбаевдин Кремлге жакын саясий көз карашын эске алганда, бул биримдикке кирүү менен Кыргызстан сиз белгилегендей, “кардар өлкө” болуп калбайбы?

А.Кули: Албетте бул жерде түрдүү саясий долбоорлор бар. Бажы биримдигине кирсе Кыргызстан Орусиянын “кардар өлкөсү” болуп калышы толук мүмкүн. Бул эмнени түшүндүрөт? Бул деген Кыргызстан Москвадан саясий, экономикалык жана коопсуздук боюнча көз каранды болот дегенди түшүндүрөт.

Орусия мурдагы советтик аймакта түрдүү биримдиктерди куруунун долбоорлорун сунуштоодо. Алардын бири Путиндин Евразия биримдигин түзүү долбоору. Бул проект Европа биримдигинин көчүрмөсү сыяктуу көрүнөт, премьер-министр Путин салыштырууну жакшы көрөт эмеспи. Бирок Европа биримдиги улуттук деңгээлден жогору турган аймактык органдарга ээ болгон түзүлүш. Ал эми Евразия биримдиги - Орусия үстөмдүк кылган курам болоору айдан ачык. Аймактык бажы биримдигин карасаңар, кагазда аны мүчө-өлкөлөр түзгөн уюм башкарат деп жазылганы менен чечим чыгаруу Кремлдин колунда болот.

"Азаттык": Демек Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекеттер үчүн чын эле эгемендигин чектеген шарт түзүлөбү?
Эгер “Манастагы” база жабылып калса же башка жагдай түзүлсө, Вашингтон 2014-жылы ишке ашыра турган пландарын Өзбекстан аркылуу жүргүзөт

А.Кули: Чакан өлкөлөрдүн эгемендигине шек келтирген учурлар дүйнөлүк алкакта көп кездешет – ал “жарым-жартылай суверендүүлүк” деп аталат. Маселен, башка өлкөнүн аскерий базасын киргизип кармап туруунун өзү өлкөнүн суверендүүлүүгүн белгилүү деңгээлде соодага коюу менен барабар. Ошол эле учурда өз эгемендигин пайдалануу артыкчылыгы менен чакан өлкөлөр чоң державалардан пайда көрсө болот.

Кыргызстан буга чейин далилдегендей, АКШ, Орусия, Кытай менен өз кызыкчылыгана ылайык ойноп келбедиби. Мына ошол эгемен макамды маани-маңыздуу шартта пайдалануу керек. Эмне үчүн курчоого алып жаткан бир өлкөнүн чеңгээлине түшүп берүү керек? Эгер таптакыр башка алтернативдүү жолдор калбаса дагы Орусия менен соодалашуу оюнун жүргүзүү керек. Албетте кыргыз-орус алакаларынын тээ илгертен берки тамырын эске алганда да жаңы кыргыз бийлиги эл аралык коомчулук, Кытай, АКШ жана жалпы коопсуздук үчүн Москва менен кызматташууну премьер-министр, болочоктогу президент Путин менен бирдей шартта соодалашуусу абзел.

Александр Кули (Alexander Cooley) Пост-советтик Евразиядагы саясий транcформация, АКШ-Орусия-Кытай алакалары жана Борбор Азия, Салыштырмалуу жарым-жартылай суверендүүлүк жана кардар өлкөлөр, Келишим жана уюмдардын теориясы, Кошмо Штаттардын чет өлкөлөрдөгү база саясаты боюнча адис.

“Иерархиянын логикасы” (2005), “База саясаты: Демократиялык өзгөрүү жана АКШнын тышкы аскердик курамдары” (2008), “Келишим өлкөлөр: эл аралык мамилелердеги суверендүү трансформация” (2009), “Чоң оюндар, жергиликтүү эрежелер: Борбор Азияда жаңы чоң оюндардагы бийлик талаш” (басмада) китептердин автору. Ачык Коом Институтунун изилдөөчүсү, Кыргызстан-АКШ боюнча бир катар илимий долбоолорду жүргүзгөн.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Тимур
06.11.2011 16:42
Если Кыргызстан выгоняет американскую базу тогда совершает большую ошибку, потому что военная база США какой то степени держит экономику КР. У Москвы мало денег чем Пентагона. Уважаемый Алмазбек Шаршенович надо повторить Акаевский и Бакиевские политику по иностранному делу

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
05.11.2011 08:32
birinchi gansini anan kanttagy orustardy da chygarysh kerek.bizge ekoon da keregi jok

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.11.2011 16:45
Orusi9ga kowulgan e4bir olko onugup ketken jok
al emi AKWga kowulgan evropadagy keebir mamleketterdi karagyla
kandai onugup ketti ,
men AKWny koldoboim birok bazasyn koldonuw kk,
bizdin kontrakt askerleribizdi owol jerde slujba kyldyrsa jakwy bolmok
tajryiba almak

кимден: Патриот каяктан: Бишкек
04.11.2011 16:35
Америка менен кызматташкан бир дагы мамлекет өнүккөн эмес. Себеби алар биринчи орунга өз кызыкчылыктарын коюп келишет. Чыныгы өнөктөш андай болбош керек. Өнөктөштүн дагы кызыкчылыгын коргогондо кызматташтык иш жүзүндө бекемделет. Орус менен дос болсоң айбалтаңды ала жүр болсо, америкалык менен дос болсоң бардык курал жарагыңды алып жүр. Алардын позициясы "Бөлүп жарып башкара бер". Эгерде ошол орустар менен курган өлкөбүздү 20 жылда талкалап, карызды мойунга илип, каалагандай калчап атпайбы. Американы колдосок алардай жашап калабыз деген кыялдан алыс болуп, ким менен кетсек өнүгөбүз ошону ойлош керек. Мен дагы 20 жыл мурун эгемендүү болгондо силердей болуп НАТОго мүчө болуш керек деп чыккам. Азыр коррупцияга батып, жан дүйнөсү жарды болуп, экономикабыз талкалангандан кийин ушул ойго келип отурам. Чынында СССРдин убагында орустардын шовинистик саясаты күчтүү болчу. Азыр заман башка, жетекчилерди элибиз өздөрү шайлайт, мурдагыдай Москва эмес. Болгону тең аталык деңгээлде саясат кылганга саясий эрктүүлүк керек. Ташиев июнь окуясында өзүн партиот көргөзгөн менен Президентке деңгээли төмөн экенин көргөздү. Ошондуктан улуттук лидер чыккыча бөлүнө бербей, элдин тынчтыгын бузбай Атамбаевди колдоо замандын талабы болууда.
Пикирге жооп

кимден: Асель каяктан: Америка
05.11.2011 16:38
Америка менен достошкон Япония, Корея, Азиатские тигры, Евросоюз мамлекеттери, Швейцария - баары онуккон мамлекеттер.
СССР менен Сев.Корея, Вьетнам, Лаос, кээбир араб олколор дагы деле жакыр мамлекеттер.
Россия менен Орто Азия, Абхазия, Осетиядан башка эч ким достошпойт

кимден: База каяктан: Базалар
04.11.2011 13:45
Жылына 60 миллион накталай доллар кыргыз өкмөтүнүн бюджетине түшөт. Жергиликтүү калктын жүздөгөн өкүлдөрү базаны тейлөөдө иш менен камсыздалат, деп Бул профессор айтып жатпайбы.

Канттагы орустардын базасы кыргыздарга 1 рубл төлөбөй отурганын билсеңер керек. Ал жерде кароолчулардын жетекчисин дагы Россиядан алып келишкен - кыргыздарды жумушка эмес, базага жакын жолотпойт. Куру патриот же анти-американ болуудан мурда - мындан эмне пайда дегенди ойлоп, анан жактап-жамандап сүйлөсөк.

кимден: Сезим каяктан: Ош
04.11.2011 09:33
Патриот! Бул жерде кимдин дундук экенин озун деле баамдабадынбы?Ал эми К.Ташиевге келсек кыргыз элин сатып койбостугуна 200% ишенебиз.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.11.2011 02:18
АКШсыз эч бир мамалекет бутуна туралбай калдыго АКШыда киризис болсо бут мамалекетте киризис болот. Эми биздин атка мирнерлер Кремилге келип чечишип калдыда ички саясаттыда Путин атасына келип башты ийип. Менин оюмча орустар СНГы мамалекеттерин эч бирин онуктургусу келбейт,озуно гана баш ийдиргиси келет. ОРУС МЕНЕН ДОСТОШСОН АЙ БАЛТАНДЫ АЛА ЖУР ДЕП КОЙЁТ БЕЛЕ?!
Пикирге жооп

кимден: Кыргыз каяктан: Уй
04.11.2011 12:38
Эң тура! Айтканыңыз 100%кошулам.

кимден: Патриот каяктан: Бишкек
03.11.2011 18:39
Атамбаев АКШнын базасы боюнча берилген суроого: Коопсуздук боюнча бардык тарабын иликтеп, каржы жагынан пайда чыгымын эсептеп, ЖК, Өкмөт менен биргеликте чечебиз деп койсо болмок. Эми чоң оюнчу АКШ Атамбаевди ийге келтириш үчүн Ташиевке окшогон эч нерсени түшүнбөгөн дундуктарды түртүп коюп, өз максаттарына жете беришет. Кули мырза айтып жатпайбы. Россияга көз каранды болуп каласыңар деп. Бизди болсо 20 жыл ичинде АКШ МВФ, ДБ аркылуу торуна салып, чокубузга чыгып алган. Алардын айткан оюнун ойноп жатып эки Президент өзүнүн элинин душманы болуп качышты. Ошондуктан бизди калагандай калчайм деген оюнчу өлкөлөрдүн айтканын жасай бербей, элге таянып, элдин кызыкчылыгын көздөгөн, ошого жооп берген саясатты жүргүзүш керек. Менин оюм боюнча Россия биздин стратегиялык багыттагы өнөктөш болуш керек. Себеби алардын АКШныкындай өтө кытмыр саясаты жок. Жириновскийге окшогондорду эсепке албаганда Орустун саясатчылары менен тил табышып, тең ата саясатын жүргүзсө болот. Болгону бийликтегилер өзүнүн элин-жерин сүйүш керек жана ошого жараша саясий эрктүүлүк менен иш алып бериш керек. Американын саясатчылары эмес, жөнөкөй америкалыктар башка элди киши катары көрбөйт.
Пикирге жооп

кимден: Руслан каяктан: Москва
03.11.2011 23:39
Айткандарынызга толук кошлуам!!!
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.11.2011 12:35
Түп тамыры менен кошулбайм! Орустарга малай өлкө эмеспиз!
Пикирге жооп

кимден: Ne vajno каяктан: Bishkek
04.11.2011 12:20
Aytkaninizda kalet jok. Men da sizdin oyunuzga koshulam. Bolgonu bizdin sayasatchilar oz kizikchiligin kozdogon bashka olkolordun urgon kuchugu bolboy eldin, mamlekettin kelechegin oyloso oshogo karata ish alip barsa jakshi bolmok ele.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине