Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Лукашенконун сымаптай кылтылдаган саясаты


Орусия президенти Владимир Путин, Беларус президенти Александр Лукашенко жана Украинанын президенти Петро Порошенко
Орусия президенти Владимир Путин, Беларус президенти Александр Лукашенко жана Украинанын президенти Петро Порошенко

Кыргызстан жакында Москва үстөмдүк кылган Евразиялык экономикалык биримдикке биротоло киргени жатат. Ал эми бул биримдиктин негиздөөчү мүчөлөрүнүн бири болгон Беларустун акыркы кездери Москва менен мамилеси сууп баратат.

Акыркы кездери беларус президенти улутчулдардын сөзүн сүйлөп, Европа биримдиги менен алакасын бекемдөөгө далалаттанганы байкалууда.

Беларус президентинин беларус тили үчүн күйүп-бышканы буга чейин байкалган эмес эле. Ошондуктан анын ушул айда Минскиде өткөн жаштар жыйынында беларус тилин барктап, мактап сүйлөгөнү көпчүлүктүн оозун ачырды.

«Беларусту беларус кылган бул анын маданияты. Кеп адабиятта, музыкада, же архитектурада гана эмес. Биз биринчи кезекте өз эне тилибизди билишибиз керек, ошондой эле тарыхыбызды унутпашыбыз керек, өз насил-наркыбызды баалашыбыз керек» деди Александр Лукашенко ал жыйында.

Беларус президентинин улуттук иденттүүлүктү, анын ичинде беларус тилин коргоп чыгышы анын акыркы кездеги коңшусу Орусиянын көлөкөсүндө калган геосаясий абалына ичи чыкпай келатышынын дагы бир белгиси катары бааланууда.

Беларусту 21 жылдан бери өзү билгендей бийлеп келаткан Лукашенко өткөн май айында эле Орусиянын көз карандысыз "Дождь" телеканалында «Беларуска Путиндин өзү келсе да мен кармашам» деп агынан жарылган эле.

Коңшусу Украинадагы кризисте беларус президенти ар качандан бир качан бул өлкөнүн өз алдынчалыгын коргоп сүйлөп, жаңжалга активдүү арачы түшүп келатат. Дал ушул кырдаал Беларуска Батыш менен мамилесин оңдоого мүмкүнчүлүк ыйгарды.

- Президент Лукашенконун Кремл менен тирешинин күч алышы ага Европа биримдиги менен кайра ымалашууга кошумча мүмкүндүк берип жатат, - дейт Брюсселдеги Европалык Саясатты изилдөө борборунун өкүлү Грант Костанян.

Ал эми Евробиримдиктин тышкы саясатын тейлеген Фредерика Могеринин маалымат катчысы Мая Кожиянич Лукашенконун Украина боюнча турумун Биримдик туура көрөөрүн белгиледи:

- Украинада токтобой жаткан кризисти жөнгө салуудагы Беларустун ролун Европа биримдиги баалайт.

Евробиримдиктин санкцияларына жооп кылып, Орусия тийиштүү чараларды көрүүдө. Бирок Беларус ал контр-санкцияларга кошулган жок.

Биримдиктин өз атын атагысы келбеген өкүлү Беларус менен алакада «айрым өзгөрүштөр» бар экендигин моюнга алып, бирок бул жаатта «жылыш» бар деп айтуу эртерээк экендигин эскертти.

1994-жылдан бери бийликте отурган Лукашенкону Европанын акыркы диктатору деп билишет. Ал ар дайым Москва менен Батыштын ортосунда сымаптай кылтылдаган саясат жүргүзүп келет. Москваны "акелеп", андан жардам да, саясий колдоо да алат, ошол эле убакта Беларусту Москванын "эки чайнап, бир жутуп коюшуна" алынын келишинче каршылык көрсөтөт.

Жакында Беларуста мамлекеттик маалымат каражаттары өлкөнүн мектептерин орус тилинин таасиринен арылтуу саясатын жарыялады. Мындай кадамдар бул ирет Лукашенконун Кремлге сес көрсөтүшүнүн төркүнү терең экендигин айгинелейт.

Айткандай эле ушул дүйшөмбүдө өлкөдө тынчтык мезгилдеги эң ири согуштук машыгуу жарыяланды, ага беларус армиясынын 15 миңдей кызматкери катышмакчы.

Ал эми 1-февралда Беларуска согушкерлерди жиберүү өлкөгө каршы согуш жарыялоо менен барабар экендиги айтылган жаңы согуштук доктрина күчүнө кирүүдө.

XS
SM
MD
LG