Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Крым татарлары: бийлик конгресске барууга бут тосууда


Крым татарларынын желегин көтөргөн активисттер. УКраина, Херсон облусу,
Крым татарларынын желегин көтөргөн активисттер. УКраина, Херсон облусу,

Орусия бийликтери Крым татарларынын Мажлисинин мүчөлөрүнө жана жактоочуларына өлкөдөн чыгууга тоскоолдук кылууда. Бул тууралуу Крым татарларынын лидерлери билдирди.

Алардын айтышынча, Анкарада өтүүчү конгресске катыштырбоо максатында жарым аралдагы татарлардын лидерлерин Тергөө комитети суракка чакырууда.

Орусиянын Тергөө башкармалыгы жарым аралдагы татарлардын лидерлерин Анкарада Крым татарларынын Экинчи дүйнөлүк конгресси өтө турган күнү суракка чакырууда. Бул тууралуу Крым татарларынын Курултайынын башчысы Заир Смедляев билдирди. Анын айтымында, 28-июль күнү Орусия Тергөө комитетинин Крымдагы башкармалыгы “26-февралдагы иш боюнча” деп суракка чакырган кагазды тапшырган.

“Анкарада өтүүчү Крым татарларынын Дүйнөлүк конгрессине бара албай калсын деген максатта бизди суракка чакырууда. Илим Умеровду 29-июлга, ал эми мени жана Нариман Желалды 1-августка чакырды” деди Заир Смедляев.

Тергөөчүлөр “өтө маанилүү иш боюнча күбөлөрдүн ары-бери басканына чектөө коюуга укуктуу экендиктерин” айтышкан. Заир Смедляев өзү Виктор Януковичти кызматтан кетирген Киевдеги нааразылык акцияларына катышкан:

- Ооба, мен Майдандагы нааразылык акцияларына катышкам. Муну мен эч качан жашырган эмесмин, жашырбайм дагы.

Крым татарларынын Мажлисинин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө да алардын лидерлерин суракка чакыруу Анкарада өтүүчү конгресске катыштырбоо максатында жасалып жаткандыгы айтылат. Конгресс Анкарада 1-2-августта өтмөк.

1-августта Тергөө комитети суракка чакыргандардын бири – Мажлистин биринчи орун басары Нариман Желал. Анын айтымында, Крым бийликтери Анкарадагы Конгресттен эч кандай чочулабай койсо деле болот:

- Конгрессте күтүлбөгөн эч кандай деле окуя болбойт. Албетте, Крымда акыркы кезде болуп жаткан окуялар жана Крым татарлары боюнча маселелер талкууланат. Ага карата делегаттардын реакциялары, ойлору айтылат. Бирок бул конгресстен Орусия мамлекетине жана Крым бийликтерине эч кандай коркунуч болбойт жана болушу да мүмкүн эмес.

Активисттерди суракка чакыруу боюнча жарым аралдын тергөө башкармалыгы эч кандай комментарий бере элек. Ал эми Крымдын орусиячыл бийликтери буга чейин эле Анкарада өтүүчү Крым татарларынын Дүйнөлүк конгресси боюнча каршы пикирлерин айтып, кооптонууларын билдиришкен болчу.

Крым татарларынын Дүйнөлүк конгрессин өткөрүүгө Орусия бийликтери тыюу салган. Ал эми Анкарадагы конгресс өзгөчө шартта уюштурулууда. Анткени Крым татарларынын лидери, украин парламентинин депутаты Мустафа Жемилевдин Крымга келүүсүнө тыюу салынган. Ал эми жарым аралдагы татарлардын дагы бир лидери Рефат Чубаровду орус бийликтери депортация кылган. Мажлистин орун басары Ахтем Чийгоз Симферополдо тергөө абагында жатса, дагы башка мүчөлөрүнө иш козголгон.

XS
SM
MD
LG