Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Берлиндеги советтик танк алынабы?


Танктар Бранденбург мемориалдык комплексине тарыхый эстелик катары коюлган.
Танктар Бранденбург мемориалдык комплексине тарыхый эстелик катары коюлган.

Германиянын эң ири басылмаларынын бири Орусиянын “баскынчылык - милитаристтик саясатына” каршы чыгып, Берлиндин борборуна тарыхый эстелик катары коюлган советтик танктарды алып салууга чакырды.

Берлин шаарында туристтердин чордону болгон Бранденбург мемориалдык комплексине тарыхый эстелик катары коюлган эки танкка каршы чакырыкты немистердин кеңири тараган гезиттеринин бири таштады.

“Билд” гезити Берлиндеги советтик эстеликтин алдында турган эки танкты демонтаждоо керек деген чакырык менен петиция жарыялап, муну Орусиянын Украинадагы баскынчылык саясатына каршылык катары түшүндүрөт.

“Кансыз согуштан” кийинки Германиянын биримдигинин символу болуп калган атактуу Бранденбург дарбазасынан алыс эмес жерде жайгашкан мемориалдык комплекс 1945-жылы курулган.

“Орус танктары демократиялык, эркин Европага коркунуч туудуруп жаткан кезде, бул танктардын биздин борбордо турушун каалабайбыз” деп жазат “Билд” гезити 15-апрелдеги санында.

Петицияда Кремл Крымды “куралдын күчү” менен аннексиялап, андан соң өз аскерлерин Украинанын чыгыш тарабына жайгаштырып, эгемен өлкөнүн эркиндигине коркунуч жаратууда деп айтылат.

“Билд” өз окурмандарын ушундай эле маанидеги каршылык каттарын өлкө бийликтерине, Бундестагга жиберүүгө чакырды.

Гезит “орус элинин Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы запкы жегенин” түшүнүү менен карарын да жазган. Бирок бул макала Москванын кыжырына тиери шексиз.

Бул тема абдан аярлуу маселе экени жалпыга белгилүү. Орусиянын бийликтеги атка минерлери 20 миллиондон ашык советтик адамдын өмүрүн алган Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын бурмалоого аракет жасап жатышат деп Батышты айыптап келишет.
Берлиндеги советтик танк.
Берлиндеги советтик танк.


“Билд” өз петициясын расмий түрдө Бундестагга жөнөттү. Андай болсо дагы Бундестаг өз буйругу менен Берлиндин борборундагы тарыхый комплекстен танктарды алдырып коюуга укугу жок.

Немис мыйзамчылары петицияны колдогон күндө дагы өз сунушун гана өкмөткө жөнөтө алат.

Басылманын популярдуулугун жана анын Германиянын саясий жашоосуна болгон таасирин эске алганда, петицияны парламент өкүлдөрү колдоп бериши дагы мүмкүн. Гезиттин күнүмдүк түп нускасы 2 миллиондон ашып, көлөмү боюнча дүйнөдө алтынчы орунда турат.

- Биз бул документ менен толук таанышып бүткөндөн кийин гана биздин юрисдикцияга кирер-кирбесин чечебиз. Эгер каралса, парламенттеги стандарттарга ылайык каралат, - деп билдирди "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна Бундестагдагы петициялар боюнча комитетинин кызматкери Арите Рохлтиц.

Бундестагдын ички тартиби боюнча петиция менен таанышып, тиешелүү адамдар менен кеңешмелерди өткөрүү үчүн оппозициядан жана башкаруучу коалициядан жок эле дегенде бирден өкүл алынат. Эгер депутаттар бул нааразылык катты чындыгында жүйөөлүү деп табышса, өкмөттүн тиешелүү чечим кабыл алуусуна өбөлгө болот.

Мындай процесс бир нече жумадан бир нече айга чейин созулушу мүмкүн.
Ошол эле маалда тарыхый комлекстин бөлүгү саналган советтик танктарды алып салууга Чыгыш жана Батыш Германиянын биригүүсү жөнүндө эл аралык келишимдер тоскоол болушу мүмкүн.

Эстеликтин теңи бул аскерий көрүстөн. Аны сактоо жана кайтаруу боюнча эки тараптуу келишимдер бардыгын Арите Рохлитц эскерет.

Мурдагы социалисттик блоктогу өлкөлөрдүн аймагына коюлган советтик эстеликтер буга чейин дагы бир нече жолу талаш-тартыш жаратып келген.

1991-жылы Прагада студенттер эстелик катары коюлган советтик танкты күлгүн кызыл түскө боёп салышкан. Москвадан Чехияга каршылык нотасы жолдонгондон кийин, эстелик танк кайра жашыл түскө боёлгон. Бирок бир жумадан соң танк күлгүн кызыл түскө өзгөрүп калган.

2007-жылы Эстонияда Кызыл Армиянын жоокеринин урматына коюлган эстеликти алып салышкан. Бул нерсе Кремлдин кыжырын келтирип, Таллинде эки тараптын кагылышуусуна түрткү болгон. Анда 1 адам каза болуп, 40тан ашууну жаракат алган.
XS
SM
MD
LG