Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

Facebook интернет-учактарды таптоодо


Facebook компаниясы миллиондогон адамдарды интернетке кошуу үчүн атайын дрон учактарды пайдаланмакчы.

Интернет дүйнөсүндө аттын кашкасындай белгилүү Facebook социалдык тармагынын эксперттери internet.org глобалдык долбоор баштап, ал аркылуу дүйнөлүк желе жетпеген аймактарга робот учак-дрондорду колдонууга киришкени жатат.

Белгилүү болгондой, ушу тапта дүйнөдө бир миллиардга жакын адам интернетке чыга алышпайт. Кээ бир аймактарда инфраструктура жакшы өнүкпөй калган, башка жерлерде интернер провайдерлер жетишсиз.

Атайын даярдалган робот учактар тиешелүү аймактарга көктөн интернет сигналын жиберип турат. Интернет-дрондор күндүн энергиясы менен жүргөндүктөн үч айга чейин асманда учуп жүрө алышат.

Учурда "Акила" деп аталган биринчи интернет-дрон текшерүүдөн өтүүдө.

"Акиланын" салмагы 400 кг, канаттарынын узундугу 43 метрге жетет. Учак жерден 30 км чейин өйдө көтөрүлүп 50 км чарчы аймакты интернет сигналы менен камсыз кыла алат.

"Самсунгдан" жаңы батареялар

"Самсунг" компаниясы узак убакыт иштей турган жаңы батареяларды жасап чыкканын жарыялады.

Жаңы технология өөрчүй баштагандан бери ушул тармактагы компаниялар узакка иштей турган батареяларды жасоонун үстүндө иштеп келатышкан.

Акыркы маалыматтарга ылайык, "Самсунгдун" адистери азыркы "акылдуу" телефондордо колдонулуучу аккуммуляторлордун 80% узак убакытка иштей турган турүн жасоого киришти.

Бүгүнкү колдонулуп жаткан смартфондордун батареялары бир циклдан же болбосо орточо алганда 200 жолу заряддалгандан кийин күчүн жоготуп, узакка иштей албайт.

Эксперттердин ырасташынча, жаңы батареяларда силикон бар болгондуктан, алар төрт циклга же 500-800 жолу заряддалганга чейин күчүн жоготпойт.

Акылдуу күзгү ооруну аныктайт

Италиялык окумуштуулар адамдын жүзүнөн ооруну аныктай турган "акылдуу" күзгүнү иштеп чыгышты.

Wize Mirror деп аталган күзгү үч мерчемдүү сканер, газ сенсор жана мультиспектралдык камера менен жабдылган. Ушул жабдыктардын жардамы менен "акылдуу" күзгү адамдын жүзүнөн ар кандай оорулардын алгачкы белгилерин аныктап берет.

Алгач күзгү адам жүзүнүн кыймылын, май катмарлары жана теринин өңүн текшерип көрөт. Анан ушул маалыматтарга таянып "акылдуу" күзгү адамдагы туталанууну, кандагы гемоглобиндин көлөмүн, дем алуунун ылдамдыгын жана дененин салмагын аныктап, бир канча мүнөттөн кийин адамдын ден соолугу кандай экенин айтып берет.

XS
SM
MD
LG