Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

Ким Чен Ындын сүрөтү Лондонду дүрбөттү


Ким Чен Ын, 9-апрель 2014-жыл, Пхеньян
Ким Чен Ын, 9-апрель 2014-жыл, Пхеньян

(14-20-апрелдеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп)

Узаган аптада дүйнөлүк басма сөздүн көӊүл чордонунда кайрадан Украина болуп, НАТОнун мындан аркы ишмердүүлүгү талкууланды. Мындан тышкары, батыш басма сөзүнүн дээрлик бардыгында Лондондогу жөнөкөй бир чачтарачтын окуясы башкы тема болду.



Чачтан чыккан чатак


Evening Standard гезитине чыккан макалада Лондондун Түштүк Эрлинг аймагындагы M&M деп аталган чачтарачтын ээси Мо Наббач шейшембиден бейшембиге чейин чачын кырктыргандарга 15 процент арзандатуу деп Түндүк Кореянын лидеринин чоӊ сүрөтүнө «Чачыӊыз жаман күнбү?» деген чоӊ жазуу менен жарнак илген. Жарнак илинери менен эле Түндүк Корея элчилигинен расмийлер Наббачка барып, лидердин сүрөтүн келекелебей, алып салуусун эскертишкен. Чачтарачтын айтымында, өлкөсүндө чач жасалгасын да көзөмөлдөгүсү келген Ким Чен Ындын сүрөтү солгундап бараткан бизнесин өнүктүрүү максатында колдонулуп жаткан. «Мен аларга Англия Түндүк Корея эмес, бул жакта каалаганымды кылам, ишиӊер болбосун. Мыйзам бузсам адвокаттарыӊар менен келгиле», - дедим дейт Наббач. Ошентип чачтарач да, элчиликтин кызматкерлери да полицияга кайрылышкан. Полициянын басма сөз кызматы окуянын үстүндө иликтөө жүрүп жатканын аталган гезитке билдирди.



Азияда НАТО иштеп кетсе


Жапонияда чыккан The Diplomat аналитикалык журналында «Азиянын НАТОсу иштеп кетеби?» деген макала жарык көрдү. Трансатлантика альянсы Экинчи дүйнөлүк согуш жана андан кийинки кансыз согуш учурунда Советтер Союзунан чыккан коркунучтун алдын алуу үчүн кылымдар бою башы бирикпей келген Европа өлкөлөрүн чогулткан. Бирок НАТОго окшош дагы бир альянс Азияда жемиштүү иштерине көптөрдүн көзү жетпейт. Анткени аймактагы ар бир өлкөнүн өзү гана көздөгөн кызыкчылыктары бар, жалпылыктар аз. Маселен Жапония менен Түштүк Кореянын ортосундагы салкын мамиле, ошондой эле Сингапур, Малайзия жана Индонезия 1940-жылдардагы Франция, Германия, Улуу Британияны элестетет. Ал мезгилде Франция Британияга анча ишене бербей, коопсуздугуна Батыш Германия эмес, англо-америкалык күчтөр коркунуч жаратат деп эсептеген.

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктары менен АКШ Советтер Союзунан чочулап, Европадагы майда мамлекеттердин башын бириктирип, бул аймакта АКШнын жардамысыз эле Советтер Союзунан коргоно алчу күчтү уюштургусу келген. Ошентип 1948-жылы Брюссель келишимине кол коюлган. Азыр да АКШ Азиядагы Кытайдын таасиринен тайсалдап, ага теӊтайлаша тургандай Азиянын НАТОсун түзүп, аны эффективдүү иштетип кете алабы деген суроо жаралат деп жазат The Diplomat.


Чыгыш Европа чылбырын тартууда


Дагы бир НАТО темасына байланышкан кызыктуу макала Washington Post гезитинин жума күнкү санында жарык көрдү. Макалада ондогон жылдардан бери НАТО Чыгыш Европа жана мурдагы советтик өлкөлөрдү өзүнө мүчө кылып кабыл алып келген, эми мындай кадамы үчүн жооп берүү убактысы келгендей деп жазылат. Акыркы мезгилде Украинада болуп жаткан окуялардан кийин Эстониядан тарта Болгарияга чейинки постсоветтик өлкөлөр НАТОго баш калкалап, чылбыр тарта баштады.

АКШнын Коргонуу министри Чак Хейгел менен жолуккандан кийин Польшанын Коргонуу министри Томаз Симонияк Washington Postтун редактору менен маегинде АКШ аскерлерин Поьшага жайгаштыруу маселеси макулдашылганын кабарлады. Пентагондун басма сөз катчысы да Европа аймагына кошумча аскердик күчтөр барарын билдирди. Украинадай эле Эстония, Латвия жана Литвада орус тилдүү калктын саны көп. Бирок Украинадан айырмаланып аталган үч мамлекет НАТОго 2004-жылы мүчө болгон. «Албетте, биз дайыма НАТО сыяктуу кубаттуу альянстын болушун каалайбыз. Бирок мурда бул маселе өтө деле зарыл эмес болчу. Азыр болсо абал өзгөрүп жатат», - дейт Эстониянын тышкы иштер министри Уммас Паит. НАТО бирдиктүү коргонуу альянсы болгондуктан, ага мүчө бир эле өлкөгө кол салынса башка мүчөлөрдүн баары коргонууга өтөт. Балтика жээгиндеги кичинекей мамлекеттер кошулгандан бери Трансатлантикалык альянстын коргоочу аймактары да кеӊейип жатат. Аталган чакан өлкөлөрдө НАТОнун аскерий машыгуулары болгондо Орусия лидери Владимир Путин НАТО өз орбитасынан чыгып кеткенин айтып чыккан эле. «Украина менен Балтиканын ортосунда чоӊ айырмачылык бар, бирок Крымдан кийин бардык нерсеге даяр туруу керектигине көзүбүз жетти», - деди аталган гезитке Латвия университетинин саясий илимдер боюнча окумуштуусу Том Ростокс.


Кыргызстанда аӊчылык туризми токтойбу?


Кыргызстандагы аӊчылык туризми коррупция менен мыйзамсыздыктын курмандыгына айланып бара жатканын Адриан Локнер EuroAsia.Net басылмасына жазып чыкты. Эки жыл мурда Американын Висконсин штатынын тургуну Стив Преснал Кыргызстанга аркар атканы атайын келген. Эки шериги менен ийгиликтүү аӊчылыктан кийин колго тийген шыралгасын алып кетерде чатак башталып, кийиктерди ала албасын жана анын аӊ уулоосу мыйзамсыз экенин айтышкан. Жылына Кыргызстандын Аӊчылык департаменти 400 кийик жана 70 Марко Поло тукумундагы аркар атканга уруксат берет. Чет жерден келген турист ар бир атылган кийикке 720, ал эми аркарга 5 миӊ доллардан төлөшү керек. Бирок айрым коштоп жүргөн жергиликтүү токойчулар атылган ар бир кийик үчүн 6 миӊ, аркарга 25 миӊ доллардан кем эмес төлөтүп алган учурлар болгон. Мергенчилик тармагы да абдан коррупциялашкан. Мындан өлкөнүн фаунасы зыян тартууда. Кайберендер уруксат берилгенден да көп атылып, тукуму азайып барат. Жылына 700дөй турист аӊчылыкка келип, көбү куру кол кайтууда. Бирок айрым шылуундар экологиялык корук деп таптакыр аӊчылыкка тыюу салынган жерлерге чет элдиктерди акчага алып кирген учурлар көп деп жазат Адриан Локнер.


Дүйнө Маркес менен коштошууда


Испаниянын El Pais гезитинде «Макондо жергесиндеги аза» аттуу чоӊ макала чыгып, анда Габриэль Гарсиа Маркестин өмүрү, чыгармачылыгы көлөмдүү чагылдырылды. Ал эми The Wall Street Journal гезити болсо «Нобель сыйлыгынын ээси каза тапты» деген тема менен «Жалгыздыктын жүз жылы» ондогон тилдерге которулганын, жыйырманчы кылымдын улуу жазуучуларынын бири каза болгонун, Маркес адабиятка магиялык реализм жанрын алып келгенин жазды. The Wall Street Journal Маркес жеке эле жазуучу эмес, 50-жылдардагы мыкты журналист катары да таанымал деп, учурунда Фидель Кастро, Билл Клинтон жана Франсуа Миттеран менен болгон маектерин мисал келтирди. Испанча чыккан гезиттердин дээрлик бардыгында Маркести эскерүү жана аза күтүү макалалары жарыяланды.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG