Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Кыргыздар дүйнөлүк медианы багындырды


Көчмөндөр оюнунда алоологон от менен ат үстүндө ойногон кыргыз жигити. Чолпон-Ата, 10-сентябрь, 2014.
Көчмөндөр оюнунда алоологон от менен ат үстүндө ойногон кыргыз жигити. Чолпон-Ата, 10-сентябрь, 2014.

Кыргызстанда өткөн Дүйнөлүк биринчи көчмөндөр оюну эл аралык басма сөздү багындырган башкы тема болду.

Көчмөндөр оюндары - дүйнөнүн көңүл чордонунда

Узаган аптада дүйнөлүк басма сөздүн сүрөт галлереяларын аркасынан алоолоп от күйгөн, тыйын эңип ат үстүндө ойногон кыргыз жигиттери багындырды. Италиянын Corriera Della Sera гезитинде “Ат үстүндө жаа атып, кыргыздар өз өнөрүн Алгачкы көчмөндөр оюнунда көрсөтүүдө” деген тема менен аркасынан алоолоп от күйгөн жигиттин сүрөтү баштаган ондон ашык сүрөт чыгып, гезит окурмандарынын кызыгуусун жаратты.

Британиянын The Mirror гезитинде “Кыз куумай Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун эң кызыктуусу” деген тема менен Чолпон-Атадагы оюндардын ачылышын чагылдырган видео, сүрөт галерея кыстарылып, британиялык окурмандар тарабынан узаган аптада эң көп ачылган макала болду.

Американын The Washington Post гезити да 10-сентябрдагы санында башка дүйнөлүк медиадай эле көчмөндөр оюнундагы кызыктуу сүрөттү биринчи планга койгон. Wall Street Journal басылмасынын апта сүрөтү да алоологон от менен ат үстүндө ойногон кыргыз жигити болду.

Стамбул "Ислам мамлекети" тобуна көпүрө болобу?

Европа менен Азияны туташтырып турган Түркиянын Стамбул шаары акыркы мезгилде "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна согушкерлерди даярдоочу калаага айланганы турат деген баш макала менен Newsweek журналы жарык көрдү. Түркия азыркы тапта Сирияда эң көп атуулдары согушуп жаткан өлкө бойдон калууда. Айрыкча түркиялык күрт тектүү куралчан топтордун көбү Сириянын чек арасын оңой кесип өтүп, жихадчыларга кошулууда. Мындай абал өлкө ичиндеги коопсуздукка да коркунуч жаратууда.

Бүнямин Айгүн аттуу түркиялык фотожурналист 40 күн "Ислам мамлекети" тобунун туткунунда кармалып турган. Ал кийин бошонуп чыкканда аталган топтун Түркиянын ичиндеги согушкерлери бир нече бомба чабуулдарына даярданып жатканын кабарлады. Былтыр ноябрь-декабрь айларында согушкерлердин туткунунда камалып туруп, Айгүн ар дайым көзү, колу байланып тургандыктан террорчулардын жүзүн көрө албаса да сүйлөшкөндөрүн уккан. Айгүндү алар христиандан да жамансың деп келекелешкен. Себеби ал жарым жылаңач аялдардын сүрөтүн чыгарган Milliyet гезитинде иштечү.

Түркияда азыр "Ислам мамлекети" тобунун ишмердүүлүгү коомчулуктун кызуу талкуусунда. Анткени бийликте исламчыл АК партия турат. Түркиянын атактуу Metropoll социалдык сурамжылоо кызматы АК партиядагылардын 62,5 проценти "Ислам мамлекети" тобун колдоорун аныктаган деп жазат Newsweek.

Мас кишилерди жара тарткан илбирс

Гималайда ичимдикти көп ичкен кишилерди жеген илбирс изделүүдө деп кабарлайт The Telegraph гезити. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, леопард тукумундагы жырткыч 2012-жылдан бери 12 кишини жеп салган. Алгач ал Симар айылынын 46 жаштагы тургунуна кол салып өлтүргөн. Айылдыктар бул илбирс ичимдик ичип алып, же мас абалында жалгыз бараткан эркек кишилерге кол салып жатканын, Котали айылынын тургуну Мадан Панеру эми кечкисин арак ичип алып көчөгө чыккандан да коркуп калышканын айтат.

Инвесторлор Кыргызстанды доого жыгабы?

Кыргыз өкмөтүнүн чет элдик инвесторлор менен болгон олуттуу каржылык макулдашууларын кайрадан карап чыга берүү көндүмү бийлик үчүн ири кыйынчылыкты алып келиши толук мүмкүн деп жазат аналитик Крис Риклтон EuroasiaNet басылмасында. Ачууланган бир нече чет элдик инвесторлор жалпы суммасы 1 миллиард доллардык доо арыз менен эл аралык арбитраждарга кайрылышкан.

Азыркы тапта кыргыз өкмөтүнүн үстүнөн Москва, Онтарио, Париж Гаага сотторунда жалпысынан 9 инвестордун доо арызы каралууда. Аларга жооп кайтаруу үчүн бийлик Бишкекте Соттук өкүлчүлүк борборун да ачты. Доочулар талап кылган жалпы сумма ички дүң өнүмдүн 13 процентине барабар. Centerra Gold, Visor Group, Stans Energy сыяктуу эл аралык ири ширкеттердин талабын дүйнөлүк арбитраждар ишке ашырса, Кыргызстан үчүн каржылык оор абал жаралышы күтүлүүдө дейт Риклтон өз макаласында.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG