Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

ИМ тобу эмне үчүн жалаң "Тойота" минет?


Ракка шаарындагы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун парады
Ракка шаарындагы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун парады

(Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама, 5-12-октябрь, 2015-жыл)

“Түшпөс хандар” чөлкөмүндөгү таза шайлоо

Швейцарияда чыккан Tribune de Genève гезити кыргыз журналисти Жеңишбек Эдигеевдин парламенттик шайлоо тууралуу макаласын чыгарды. Эдигеев 24-25 жылдан бери Борбор Азияда “түшпөс хандар” башкарып келе жаткан коңшу мамлекеттерде мындай шайлоо мүмкүн эместигин, биометрикалык аныктоо ыкмасы Кыргызстанда постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен алгачкы жолу пайдаланылганын баяндаган.

"Тойотанын" машинелери ИМге кантип тийген?

The Independent гезити эмнеге “Ислам мамлекети” тобунун машинеси жалаң “Тойота” үлгүсүндө?" деген суроолуу макала жазган.

- Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети” тобунун видеолору жана сүрөттөрүнөн “Тойота” үлгүсүндөгү жол тандабастарды көрсө болот. АКШ казынасынын террорчулукту каржылоону иликтөө бөлүмү аталган компанияга расмий кайрылуу жасаган. Ал эми АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы мурдагы элчиси Марк Уоллес “Тойотанын” жапжаңы Land Cruiser жана Hilux жол тандабастары “Ислам мамлекети” тобунун унаасына айланганын айтып чыкты. Ирактын АКШдагы элчиси Лукман Файли АВС каналына интервью берип, акыркы жылдары аталган экстремисттик топ “Тойотадан” дагы көптөгөн жаңы унааларды сатып алганын кабарлады. Ал эми заводунун басма сөз катчысы Эд Люис “Тойотанын” согушкерлер менен террордук ишмердик үчүн машине сатпайт деген эрежеси бар экенин, бирок бир дагы машине чыгарган компания өндүрүштөн чыккан нерсеси уурдалып, же мыйзамсыз ушундай жолго барып жатканын көзөмөлдөй албастыгын билдирди, - дейт The Independent.

Уй этинен чыккан чатак

"Индияда бир апта мурда уйдун этин жегени үчүн айылдаштары сабап өлтүргөн кишинин окуясы өлкөдө нааразычылыктарга жол ачты" деп жазат The Washington Post гезити.

- Индиянын премьер-министри Нарендра Моди бул окуядан улам өлкөсүнө кайрылуу жасап, саясий бөлүнүп-жарылууну токтотуу зарылдыгын белгиледи. Нью-Делиге жакын жайгашкан Бисара кыштагынын тургуну 50 жаштагы Мухаммед Ахлакты 22 жаштагы уулуна кошуп, "уйдун этин жейсиң" деп айылдаштары катуу сабаган. Мухаммед каза таап, уулу болсо ооруканада. Бул окуядан кийин өлкөнүн бир топ окуу жайларында студенттер нааразылык билдирип, атайын жүрүшкө чыккан. Эттен чыккан чатак ырбап, 8-октябрда парламентте партиялар да мушташкан. Жамму, Кашмир партия мүчөлөрүн Модинин Бхаратия Жаната партиясы сабап салган. Буга Жаму менен Кашмир партиясынын депутаттарынин Сринагар мейманканасында уй эти менен атайын сый тамак уюштурганы себеп болгон, - деп маалымдалат гезиттеги макалада.

Ал эми Жапонияда чыккан The Diplomat журналы:

- Дайыма диний ар түрдүүлүк жана көп маданияттуулук менен дүйнөгө үлгү болуп келген Индия өз аброюна шек келтирип алды. Буга акыркы мезгилде индуизмди тутунгандар арасында күчөгөн радикалдашуу себепкер. Нарендра Моди бийликке келип, Бхатрия партиясынан чыгып кетсе деле өлкөдөгү мусулмандардын акыбалы жеңилдеген жок. Саясатчылардын көбү күйүп турган отко май чачууда. Маселен, өлкөнүн маданият министри Манеш Шарма Ахлактын өлүмүн “кырсык” деп атап, мусулман коомчулугунун кыжырына тийди,- деп окуяга баа берди.

Түндүк Корея: “Эрке баланын" АКШга айбаты

Узаган апта соңунда Түндүк Корея бийликте турган партиянын 70 жылдык мааракесин ири масштабдагы параддар менен белгиледи деп жазат The Telegraph. Пхеньяндын борбордук аянтындагы парадда сөз сүйлөгөн Ким Чен Ын: “Армиябыздын даярдыгын көрүп туруп, биз Америка Кошмо Штаттары баштаган бардык империалисттер менен күрөшө алабыз!” – деди. Бул салтанатка Кытай коммунисттик партиясынын жогорку кызматкерлери да барды. Парадды көргүсү келген чет элдиктерге билет баасы 100 евро болду. Бул майрамдын алкагында өлкөнүн баш калаасындагы бир топ жолдор оңдолуп, жаңы имараттар салынганы маалымдалууда.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG