Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:24

Немцовду акыркы сапарга узатышты


Немцовдун сөөгүн алып чыгып жатканда ал жерге чогулгандар “Орусия эркин өлкө болот” деген ураан чакырып турушту.
Немцовдун сөөгүн алып чыгып жатканда ал жерге чогулгандар “Орусия эркин өлкө болот” деген ураан чакырып турушту.

27-февралда киши колдуу болуп өлгөн саясатчы Москвадагы Троекуров көрүстөнүнө коюлду.

Маркум менен коштошуу үчүн шейшембиде эртең менен баш калаадагы Сахаров борборунун жанына чогулган элдер узун кезекке турушту. Зыйнатына жакындары, оппозициялык саясатчылар, активисттер, өнөктөштөрү, АКШ жана Европа биримдигинин элчилери, миңдеген катардагы адамдар катышты.

Немцовдун сөөгүн алып чыгып жатканда ал жерге чогулгандар “Орусия эркин өлкө болот” деген ураан чакырып турушту.

Саясатчынын тажыясына катышуу үчүн бараткан европалык бир нече саясатчы орус визасын ала албай калышты. Алардын арасында Польша Сенатынын спикери Богдан Борусевич да бар.

"Киши колдуу болгон Борис Немцовго, анын ой-пикирлерин бөлүшкөн орусиялыктарга урматымды билдиргим келген", - дейт "Тилектештик" кыймылынын активдүү мүчөлөрүнүн бири.

Латвиялык депутат Сандра Калниете аны Москвадагы Шереметьево аэропортунан артка кайтарышканын "Ажанс Франс Пресстин" кабарчысына айтып берди.

Борис Немцовдун жакындары. 3-март, 2015-жыл
Борис Немцовдун жакындары. 3-март, 2015-жыл

"Бүгүн Орусиянын душманы деп аталганыма сыймыктанам. Азыркы абалда Орусиянын достору калган жок", - деген депутат Немцов менен буга чейин Европа парламентинде бир нече жолу жолугушканын кошумчалайт.

Ал эми оппозиционердин өлтүрүлүшүн башынан бери провокация деп атаган орус мамлекет башчысы Владимир Путин траурдук иш-чарага катышкан жок. Анын атынан Мамлекеттик думадагы ыйгарым укуктуу өкүлү Гарри Минх көңүл айтты.

Немцовдун бир катар үзөңгүлөштөрү да аны түбөлүк сапарга узата алышкан жок. Дүйшөмбү күнү Москванын райондук соту 15 күндүк административдик жаза өтөп жаткан оппозициячыл активист Алексей Навальныйдын уруксат сураган арызын четке какты.

Учурда чет өлкөдө жүргөн шахмат боюнча дүйнө чемпиону, оппозициялык саясатчы Гарри Каспаров жеке коопсуздук маселесинен улам Немцов менен коштошууга келбесин айткан.

Ал тапта Немцовду атып өлтүрүшкөндө анын жанында бараткан украиналык Анна Дурицкая көрсөтмөлөрүн бергенден кийин 2-мартта кечинде Киевге учуп кетти.

Оппозициялык саясатчыны 27-февралда кечинде Москванын борборунда атып кетишкен. Тергөө комитети саясий провокция, исламчыл экстремисттердин өч алуусу, Украинадагы окуяларга, саясатчынын коммерциялык иштерине байланышкан бир нече версия каралып жатканын билдирди. Ошондой эле кылмыш жеке жек көрүүдөн улам жасалган болушу мүмкүн деген версия да күн тартибинде кала берүүдө.

1-мартта Орусиянын бир топ шаарларында маркумду эскерген жүрүштөр уюштурулган. Москвадагы акцияга, маалыматтарга караганда, 50 миңден көп киши катышты.

Путиндин оппоненттери орус лидерин кылмыштуулуктун, улутчулдуктун өсүшүнө, Батышка, ички оппозицияга каршы маанайдын жайылышына өбөлгө түзүүдө деп айыпташууда.

Орус бийлиги болсо кылмышты провокация деп атап, анын артында Кремлдин каршылаштары турушу мүмкүн деп боолголошот.

Тышкы иштер министри Сергей Лавров 2-мартта Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин Женевадагы жыйынында Немцовдун киши колдуу болушун “саясий максаттарда” пайдаланбаш керек деп, Путин тергөөнү өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди деди.

Батыштын бир катар лидерлери Немцовдун өлтүрүлүшүн айыпташты. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри кылмышты ийне жибине чейин, акыйкат жана ачык-айкын иликтөөгө чакырды.

Президент Барак Обама оппозиция лидеринин киши колдуу болушу "Орусиядагы ички климатты чагылдырат. Жарандык коом, эркин журналисттер, интернет аркылуу көз караштарын билдирүүгө аракеттенген адамдар барган сайын өздөрүн коркунучта сезишүүдө" деди.

2-марттагы интервью учурунда ал “Орусияда сөз эркиндиги, жарандардын эркин чогулуу, маалымат алуу, негизги жарандык укуктары менен эркиндиктери мындан 4-5 же 10 жылдагыдан начар экенин" белгиледи.

XS
SM
MD
LG