Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 23:05

Дүйнө

Путин-Медведев: орун алмашуудан эмне өзгөрөт?

Орусияда президенттикке Владимир Путин аттанаары, парламенттик шайлоодо «Бирдиктүү Орусиянын» тизмесин Дмитрий Медведев баштай турганы аныкталды.

Д.Медведев менен В.Путин "Бирдиктүү Орусия" партиясынын cъездинде. Москва, 24-сентябр, 2011-жыл
Текст көлөмү - +
Ишембиде өткөн «Бирдиктүү Орусия» партиясынын курултайында президент Дмитрий Медведев премьер-министр Владимир Путиндин талапкерлигин 2012-жылдын март айында өтчү президенттик шайлоого сунуштады. Өзү Думага болчу кийинки шайлоодо бийлик партиясынын тизмесин жетектөөгө макулдугун берди. Муну менен Д.Медведев В.Путин президент болсо жаңы өкмөткө башчылыкка бара тургандыгын ачыктады.

2008-жылы Орусиянын Конституциясына киргизилген толуктоолордо  президенттик мөөнөт алты жылга узартылган, бир адам эки жолу шайланууга укуктуу.

“Азаттык” саясий илимдердин доктору, профессор Аалыбек Акуновго кайрылып, Кремл жетекчилеринин шайлоо жүрүштөрү боюнча пикирине кызыкты.

(Толугу менен бул жерден угуңуз. Маектешкен Жеңиш Айдаров)

Азаттык: Орусияда Путин-Медведев тандеми улана берсе, демократиялык атаандаштык эмне болот?

А.Акунов: Орусияда шайлоо - "демократия оюну" экендиги төрт жыл мурун Д.Медведев бийликке келгенде эле билинген. Ал шайлоодо деле демократиялык атаандаштык болгон эмес. Медведев президент болгон төрт жылда В.Путин экөө жанаша жүрүп, премьер-министр өзүн мамлекет башчыдай эле сезип жүрдү. Орусияда шайлоо демократиялык оюндун куралы болуп калды. Бул авторитардык режимдин күчтүү экендигинин  далили. Орусиянын тышкы саясатын алсак, Кремл авторитардык башкаруудагы мамлекеттерди жакшы колдойт. КМШ алкагында Казакстан, Өзбекстан, Азербайжанды колдойт. Грузия, Украина, Молдова, Балтика өлкөлөрүнө, парламенттик башкарууга өтүп жаткан Кыргызстанга карата  мамилесин карасак эле Москванын кимди жактаарын далилдеп турат.  

Азаттык:  Владимир Путиндин кайра президенттикке келиши парламенттик башкарууга түшкөн Кыргызстанга Москванын басымын күчөтпөйбү?

Профессор Акунов: Орусияда шайлоо демократиялык оюндун куралы

А.Акунов: Күчөшү мүмкүн. Буга чейин деле өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары көргөзгөндөй, Орусия өз сценарийин ишке ашырды. Кыргызстан эгемен мамлекет болгону менен кээ бир саясий лидерлердин аң-сезиминде дагы эле Москва үстөмдүк кылып, Кремлди карап иш кылуу уланууда. Москва Кыргызстанда парламенттик башкарууга бут тосуп, шайлоонун картасын абдан бузушту. Муну менен алар парламенттик республика биздин чөлкөмгө жарабайт дегенди далилдөөгө аракеттеништи.



Азаттык:  Кыргызстанда өтө турган президенттик шайлоого Кремлдин таасири бул ирет дагы күчтүү болот деп ойлойсузбу? 

Орусияда шайлоо - "демократия оюну" экендиги төрт жыл мурун Д.Медведев бийликке келгенде эле билинген..
А.Акунов: Ооба, азыр деле кээ бир лидерлер Орусия колдоорун билгизүүдө. Бирөө Нарышкинге, дагы бири Путинге, жеткени Медведевге барып “батасын алып келдим, каржылык колдоо бермей болду” деп, эмнеге алданып жатышканын аңдабай калгандары жүрбөйбү. Алар кимдин саясаты ишке ашаарын, тышкы саясатта кандай оюндар болоорун эсепке алышпай, өз жеке кызыкчылыгын көздөгөн маанайда иштеп жатышпайбы.

Мына эртең шайлоонун үгүт иштери башталат, Орусиянын теле-берүүлөрүн көрсөтпөө жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Бирок Кремлдегилер таасир этүүнүн башка формаларын деле табышат, алар финансылык жактан каржылоосу мүмкүн. Кандай болгондо дагы КМШ ичинде, Борбор Азия аймагында парламенттик башкаруудагы мамлекеттин түптөлүшү Орусиядагы авторитардык режимдин максаттарына туура келбейт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Тараза каяктан: Ош
26.09.2011 10:03
Орусияны сындаганды бизге ким коюптур. Ар кайсы мамлекет
өзүнүн геосаясий ордуна, ички түзүлүшүнө, негизги проблемаларына жараша башкаруу формасын жана саясий режимди тандап алат.
Россиянын өзүно жараша проблемалары бар. Биринчиден коп улуттуу федерация. Негизги проблемасы олко бутундугун сактап калуу. Бир жагынан Чеченстан проблемасы турса экинчи жагынан Татарстан, Башкыртыстан. Эгерде Россия бизге окшоп саясий баш аламандыкка жол берчу болсо, олко бытыранды болуп бир нече болукко чачырап кетуусу ыктымал. Ошондуктан олко бийлиги башкаруу формасынын озуно туура келгенин тандап алды. Ошондуктан туугандар, бироого сын айтаардан мурда озубузду тындап алсак дурус болмок.

кимден: Калыбек каяктан: РФ
26.09.2011 05:57
Орусияда диктаторлук бийлик башталды. Жарасы ириңдеп баратат. Бир күнү жарылат сыяктуу. Качан экени белгисиз.

кимден: Азамат каяктан: Москва
26.09.2011 00:53
Орустар путиндин президент болушун каалайт бекен?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
25.09.2011 20:09
Биздин политиктер укмуш корогоч.4 жылдан мурун билип койушуптур демократия ойунун.Ошол орустарда 2 жолу ревалюция болгон жок биздей.Биздин политиктер жегичтерге караганда эгемендик деп кур кокрок уургандан коро Орустар м-н болгон жакшы.Ансыз деле кыргыздар журот орустарда тамак издеп иштеп.Андай эле намыскойлонуп атсанар иштегиле.Элди бакыла баарын шыпырып жебей.Ошондо боштондук болот.

кимден: Аске каяктан: Россия
25.09.2011 13:08
Бироолорго сын айтпай озуубузду карасак дурус болотго.А дейбизби бу дейбизби Медведев менен Путинге суктансак болот, анткени кандай сонун ынтымак менен иштешип, Россияны чон даражага жеткизди.Экоонун тен ыйманы бар адамдар, Озуунун кызыкчылыган элинин,жеринин, мамлекетинин тынчылыгын, онуп онугушун жогору коюп мооноту буткондо мандатын тапшырып жатат.Кудайдан тилейт элем бизге ушундай ыйманы бар,президент болсо деп.
Пикирге жооп

кимден: Aziz
25.09.2011 22:45
Azamatsyn men senin sozuno koshulam!Adamdar sendei oi jugurtso kana ele ,azyr baary ele saiasatchy bilgeni da bilbegeni da.Men Putindin orustarga bashchy boluusun kaalait elem!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине