Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Ашыкча салмак да ракка алып келет


Туура тамактануу менен толуп кетүүдөн сактануу аркылуу да рактын бир топ түрлөрүнүн алдын алса болот.
Туура тамактануу менен толуп кетүүдөн сактануу аркылуу да рактын бир топ түрлөрүнүн алдын алса болот.

Ашыкча салмактан сактанып, пайдалуу тамак жана көнүгүүлөр аркылуу рактын алдын-алса болот. Илимдеги ушул жана башка жаңылыктар тууралуу кеп кылабыз.

Рактын алдын кантип алса болот?

Ракты изилдөө боюнча Америка ассоцициясынын жаңы отчету боюнча, АКШда рактан каза тапкан жарым миллиондон ашуун адамдын кеминде теңинен көбүнүн өлүмү бул ооруну алдын-алчу аракет жасабагандыгынан улам болуп чыкты. Өтө түшүнүксүз деп эсептелген бул мыкаачы оорудан көп учурда эртелеп сактанса болору такталды.

Алдын-алса боло турган рактын 33 пайызы чылым чегүүгө байланышкан. Ал эми кийинки орунда туура эмес тамактануу жана аз кыймылдоо турат. Ашыкча салмактуулукка алып келген бул эки жагдай көбүнчө бөйрөк, ичеги, ашказан, табарсык, боордун рак оорусуна себеп болот.

Адамдагы ашыкча салмак кантип рак оорусун алып келиши оорунун түрүнө жараша ар кандай болот. Бирок негизинен бул денедеги гормондордун туура иштөөсүнүн бузулушуна байланыштуу экен.

Туура тамактанып жана дене көнүгүүлөрүн жасап, толуп кетүүдөн сактануу аркылуу рактын бир топ түрлөрүнүн алдын алса болору негизи мурдатан эле белгилүү болчу, бирок эмнегедир коомчулукка бул маалымат көп жайылган эмес. Эл көбүнчө учурда ашыкча салмактуулук коркунучтуу диабет жана жүрөк оорусуна алып келет деп билишет, бирок рак оорусун эстей беришпейт деп жазат Атлантик журналы.

Сүт азыктары жүрөк ооруларын азайтат

Сүт азыктарын күндө белгилүү өлчөмдө колдонуу да жүрөк оорулары менен инфарктты азайтат. Бул тууралуу Америка тамак-аш коллежинин журналы жазды.

Монаш университетинин профессору Марк Валквист баш болгон адистер төрт миндей тайвандыктарга изилдөө жүргүзүшүп, сүт азыктарын колдонуу бул элдин ден соолугун жакшыртып, өмүрүн узарта алганын байкашкан.

Азыркы медицинада сүт азыктары рак оорусуна алып келиши мүмкүн деген түшүнүк бар. Валквисттин изилдөөлөрү мындай коркунучту тапкан эмес. Бирок ал чоң кишилерге сүттү азыраак колдонуу пайдалуу экендигин, өтө көп колдонуу зарыл эместигин айтат.

Сүт азыктарынын курамында адамга керек болгон бир топ заттар бар. Бирок изилдөө көргөзгөндөй, ошол пайдалуу заттарды алуу үчүн адамдар сүттү аз өлчөмдө эле колдонгону жакшы. Эң мыкты жыйынтык алуу үчүн адам бир жумада бир литрдей сүт же 250 граммдан сыр жесе болот деп жазды Америка тамак-аш коллежинин журналы.

Зомбулуктун чыгымы

Ущул жумада Кембридж университети менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жеке адамдар арасындагы зомбулукту кантип азайтыш керектигинин биринчи планын иштеп чыгууну көздөгөн конференция уюуштуруп, планетабыздын чар тарабынан 150 эң алдыңкы илипоздор менен криминологдорду чакырды.

Бардык согушка кеткен акчанын суммасын жана каза тапкан адамдардын санын кошкондо да жеке адамдык зомбулук менен кылмышкерлердин колунан каза тапкандардын санына жана экономикага алып келген зыянына жетпейт экен.

Көбүнчө экспертердин айтуусунда, жакшыраак изилдөөлөрдү жүргүзүү, мыйзамдарды, реабилитациялык ыкмаларды иштеп чыгуу, балдарды коргоо кызматтарын жакшыртуу жана коомчулуктун жүрүм-турумун өзгөртүү аркылуу дүйнөдөгү зомбулукту 2040-жылга чейин эки эсе азайтса болот.

Дүйнөдөгү аялдардын 30 пайызы үйдөгү зомбулукка кабылат; планетабыздагы жети наристенин бирине сексуалдык кордук көрсөтүлөт. Копенгаген статистикалык борбору жүргүзгөн акыркы изилдөө, үй-бүлөлүк зомбулук жылына 8 триллион доллар зыян алып келип жатканын аныктаган. Бул сумма согуштарга кеткен акчадан да көп.

Конференциянын уюуштуруучуларынын бири, профессор Айзнердин айтуусунда, акыркы убакта жасалган изилдөөлөр көргөзгөндөй, мыйзамдары эффективдүү иштеген жакшыраак мамлекеттик башкаруусу бар, байкоо технологиялары өнүккөн жана балдарды кичине кезинен көп көнүл буруп тарбиялаган коомдордо зомбулук жана кылмышкердик абдан азайган.

“Жарандардын алдында мамлекеттин күчтүрөөк болуусу, полиция кызматынын эффективдүүрөөк иштөөсү жана мыйзамдарды иштетүү зомбулукту бир топ төмөндөтөт”, - дейт Айзнер.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Исраил кызы

    "Азаттыктын" кабарчысы. Борбор Азиядагы Америка университетинин маданий антропология бөлүмүн бүтүргөн. Учурда АКШнын Денвер шаарында санарип дизайнерликти окуйт. 

XS
SM
MD
LG