Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Обама Иран менен ыктымал келишимди коргоду


Обама "Рейтер" агенттигине интервью берүүдө. Ак үй, 2-март, 2015-жыл.
Обама "Рейтер" агенттигине интервью берүүдө. Ак үй, 2-март, 2015-жыл.

Иран узак мөөнөттүү эл аралык макулдашууга жетишүү үчүн өзөктүк программасын кеминде он жылга тоңдурууга көнүшү керек.

Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама билдирди. Обама азыр Иран менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдү, анын менен түзүлүүчү ыктымал келишимди Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун АКШ Конгрессиндеги бүгүнкү сөзүн утурлай коргоду. Нетаньяху болсо Иран менен түзүлүүчү ыктымал келишимге кескин түрдө каршы чыгып келет.

Иран дүйнөнүн беш ири державасы менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдө мунаса табылып, келишимге кол коюлушу үчүн өзөктүк программасын кеминде он жылга тоңдурууга көнүшү керектиги тууралуу президент Барак Обама "Рейтер" агенттиги менен маегинде айтты.

Обама белгилегендей, анын баамында Иран менен сүйлөшүүлөрдүн ийгиликке жетүү шансы 50% төмөнүрөөк:

- Биз али сүйлөшүүлөрдүн ортосундабыз. Мен такай айтып келгендей бул сүйлөшүүлөрдүн аягына чыгышына мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Эгер Иран эки цифралуу сандагы жылга программасын азыркы абалында кармап турууга чындап макул болсо, эгер биз буга жана муну текшере алгыдай жолго жетишсек, аларда өзөктүк курал жоктугуна биз ынаныш үчүн жасоону талап кылган башка кадамдар деле жок. Иран текшерүү жагынан биз талап кылган катаал шарттарга жана байытуу иштери кеминде бир жылга үзгүлтүккө учуратылышы үчүн байытуу кубаттуулугун төмөнкү деңгээлде кармоого көнбөй коюшу мүмкүн. Бирок эгер алар ушуларга көнсө, биз жасай алышыбыз, Израиль жасай алышы мүмкүн болгон аскерий чарага, санкцияларга караганда бул алардын өзөктүк программасын көзөмөлдөөнүн кыйла эффективдүү жолу болмок.

АКШ президенти бул ойлорду Израилдин премьери Биньямин Нетаньяхунун Конгресстеги бүгүнкү сөзүн утурлай айтты.

Иран менен түзүлүүчү ыктымал келишимге каршы чыгып келген Нетаньяху Конгрессте анын коркунучтуулугу жөнүндө сүйлөөрү күтүлүүдө.

Жөөт премьеринин ырастоосунда, Иран менен түзүлүүчү келишим Израилдин мамлекет катары жашап кетишине коркунуч жаратат. Ал бул тууралуу кечээ АКШга барган кезинде дагы бир жолу айтып, Вашингтондо сүйлөгөн учурунда төмөнкүлөргө токтолду:

Биньямин Нетаньяху
Биньямин Нетаньяху

- Менин сөзүм (Конгресстеги) президент Обаманы жана ал ээлеген кызматты сыйлабоого багытталган эмес. Мен экөөн тең урматтайм. АКШ да, Израиль да Иранда өзөктүк курал болбошу керек деп санайт. Бирок бизде Иран мындай куралды жасоосуна мүмкүндүк бербөөнүн эң жакшы жолдору боюнча пикир-келишпестик бар.

Обама Нетаньяху менен анын Вашингтондогу бул жолку сапары учурунда жолугушуудан баш тарткан.

Ал "Рейтер" менен маегинде белгилегендей, Израиль өкмөт башчысы Иранды уран байытуудан баш тарттыруунун эң жакшы жолу - санкцияларды күчөтүү, аскерий сокку уруу деп санаганы менен, дүйнөдө Иран кошумча санкцияларга өзөктүк программасын токтотуу менен жооп берет деп олуттуу ойлогон бир дагы эскперт жок.

Обама "Рейтер" менен маегинде Нетаньяхунун камтамачылыктарын басаңдатып, ал былтыр Иран менен утурумдук макулдашууга каршы чыгып, туура эмес кылганына да токтолду.

“Нетаньяху түрдүү билдирүүлөрдү жасоо менен бул абдан коркунучтуу келишим болорун, Иран 50 миллиард долларга жеңилдик алып, макулдашууларды сактабай турганы” жөнүндө айтканы менен, булардын бири да чындыкка айланбаганын эске салган Обама:

- Чындыгында өткөн мезгил аралыгында Иран, биз көргөндөй, өзөктүк программасын өрчүткөн жок, атүгүл көп жагынан программасынын айрым элементтерин артка кайтарды.

Обама АКШ мыйзамгерлеринин 30-июнга чейин туруктуу макулдашуу түзүлбөсө, Иранга каршы жаңы санкция киргизүү пландарын сынга алды. Мындай аракеттер сүйлөшүүлөрдү жокко чыгарарын белгиледи.

Бул аралыкта АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Швейцарияда сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын өткөрүшүүдө.

Жон Керри жана Жавад Зариф. 2-март, 2015-жыл.
Жон Керри жана Жавад Зариф. 2-март, 2015-жыл.

Ирандын тышкы саясий мекемесинин башчысы Жавад Зариф кечээ Женевадан ыктымал келишимдин тагдыры санкциялардын алынар-алынбашына көз каранды экенин билдирген:

- Баары макулдашууга жетишүү үчүн саясий эрк канчалык чындап бард болгонуна көз каранды. Биз бул талкууларга катышуу менен саясий эркибизди, макулдашууну кааларыбызды көргөздүк. Албетте биздин сүйлөшүүлөр боюнча өнөктөштөрүбүз, өзгөчө Батыш өлкөлөрү жана Кошмо Штаттар бир жолу жана биротоло санкциялар менен макулдашуу чогуу жүрө албашы боюнча саясий түшүнүккө келиши керек. Эгер алар макулдашууну кааласа, санкциялар алынышы абзел.

Буга чейин ачыкталган маалыматтарга караганда, Иран келишим түзүлсө ага каршы киргизилген санкциялар дароо жоюлушун көздөйт. АКШ баштаган Батыш мамлекеттери болсо санкциялар Иран макулдашуунун шарттарын аткаруусуна жараша баскыч-баскыч менен алынуусу керек деген турумда.

Иран жана аны менен сүйлөшүүлөргө тартылган алты өлкө буга чейин мерчемдегендей, 12 жылдан берки талашты жөнгөрүүгө негиз болчу саясий келишим быйыл 30-мартка, ал эми жыйынтык келишим 30-июнга чейин түзүлүүсү абзел.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG