Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Ереван: аянт тазаланды, нааразылык уланууда


Баграмян проспектисин баррикадалардан тазалоо учурунда, 6-июль, 2015
Баграмян проспектисин баррикадалардан тазалоо учурунда, 6-июль, 2015

Армян полициясы кечээ эки жумадай бөгөлүп турган Еревандын борбордук башкы көчөсүн демонстранттардан бошотту.

Электр энергиясына тарифтердин кымбатташына нааразы болгондор бирок кечке жуук кайра чогулуп, талаптарынан кайтпасын, нааразылык акциясы эми жаңы баскычка өтөрүн билдиришти.

Дүйшөмбү күнү түшкө жуук полиция армян баш калаасындагы негизги Баграмян проспектисин баррикадалардан тазалады. Анын алдында полиция демонстранттарга жолду өздөрү ачуусуна 40 мүнөт убакыт берип, акцияны жакын турган Эркиндик аянтына которуусун же Баграмян проспектисинин четинде улантуусун суранды. Демонстранттар ага көнбөй "Биз өз өлкөбүздүн кожоюнубуз!" - деген ураанды чакырып отуруп алышкан соң полиция жолго коюлган таштанды челектерди тазалап, митингчилерди күч менен четке чыгарды.

Ошентип жол эч кандай кагылышууларсыз ачылып, кыймыл калыбына келди. Бирок полиция каршылык көрсөткөн 40тан ашуун кишини кармап кетип, кечке жуук кайра бошотту. Армения Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Ашот Агаронян аларга карата эреже бузуу боюнча эч кандай административдик протокол түзүлбөгөнүн билдирди.

Электр энергиясына тариф көтөрүлүшүнө нааразылар ошол эле күнү кайра топтолду. Бирок баштагыдай Баграмян көчөсүнө эмес, Эркиндик аянтына чогулду. Алар мындан аркы кадамдарын талкуулап, активисттердин бири социалдык талаптардан саясий талаптарга өтүү зарылдыгын айтты. Баграмяндагы акциянын координаторлорунун бири Давид Санасарян ачкачылык жарыялаганын, бирок бул аракети бийликке каршылык иретинде эмес, жарандарды аянтка чакыруу максатында жасалып жатканын айтып чыкты:

- Мен бийликке эч кандай талап койбойм, анткени алар үчүн адам өмүрү баары бир экенин билем. Мен элге чоң үмүт артам, алар да бул жерге келип, биз чогуу кадам жасарыбызга үмүт артам. Бизди Баграмян проспектисинен сүрүп чыккан бийлик баары тынч болот деп ойлоп жатса, терең жаңылышат. Күрөш азыр жаңы, чечүүчү фазасына өтүүдө.

Активист андан ары ушул жума күнү кайрадан Баграмян проспектисин көздөй жылууга ниеттенип жатышканын жашырган жок:

- Эгер жума күнү да бул жерге ушунча эл чогулуп, биз Баграмянга бара алсак, мен да ачкачылыкты токтотом. Баграмян проспектиси биздики. Биз күрөштү улантабыз жана бийликти чегинүүгө мажбурлайбыз.

Еревандагы Эркиндик аянтына бул учурда миң чамалуу киши чогулганы кабарланган. Ошол эле учурда полиция демонстранттар эми Баграмян проспектисине барышына жол бербесин билдирди.

Армян саясат таануучусу Рубен Меграбян болсо азыркы кырдаалга төмөнкүчө баа берет:

- Кандай болгон күндө да маселе чечилбеген бойдон турат. Бирок нааразылыкка чыккандардын саны азайып, же тарап кетиши абал тынчып калды дегенди туюнтпайт. Нааразылык кыймылы азыр коомдук кабылдоонун, түшүнүүнүн башка деңгээлине өтүүдө. Канткен менен президент Саргсяндын билдирүүсүнөн соң абал өзгөрдү. Бийлик бул нааразылык чараларына күч колдонуудан баш тарткандай түр көрсөтүүдө. Жарандык нааразылык кыймылы болгону азыр жаңы шарттарга көнө албай жатат. Буга бир аз убакыт талап кылынат. Азыр дал ушундай процесс жүрүүдө.

Демонтранттарды таратуу учурунда. 6-июль
Демонтранттарды таратуу учурунда. 6-июль

Ереванда электр энергиясынын кымбатташына каршы нааразылык 19-июнда башталып, 23-июнда полиция демонстранттарды күч менен тараткан соң кайра күчөп кеткен. Ошондон тарта борбордук Баграмян көчөсү бөгөлүп, акция күн-түн дебей уланып келди. Кээ бир күндөрү акцияга чыккандар он миң кишиден ашып кетип атты. Арменияда соңку жылдарды өкмөткө каршы мындай ири нааразылык акциялары болгон эмес эле.

Адегенде армян өкмөтү митингчилердин талабы аткарылбасын жана тарифти көтөрүү чечими артка кайтарылбасын айтып жаткан. Бирок күн-түн дебей уланган нааразылыктардан улам 30-июнда өлкө бийлиги Армян электр тармактары компаниясына аудит жүргүзүп, бааны 16 пайызга көтөрүүнүн себептерин иликтөөгө макул болгон. Бул учурда тарифтерди көтөрүү токтотулуп турмакчы жана мындай текшерүү үч айдан жарым жылга чейин убакытты алары айтылууда.

Ошондон соң нааразылык акция жарым-жартылай токтоп, бирок электр тарифин көтөрүү чечимин биротоло жокко чыгаруу талабы менен митингчилердин бир тобу Баграмян проспектисинде кала берген.

Эгер бул өлкөдө электр энергиясына тариф 1-августтан тарта киргизилмекчи болуп жаткан баа менен 16 пайыз көтөрүлсө, 10 центтен ашыгыраак акчаны чапчып, же кыргыз сомуна оодарганда бир киловатт электр энергиясы 6 сомдун тегерегинде болуп калмак.

Армения Москванын жакын союздашы, Кыргызстан жакында кирген Евразия экономикалык биримдигине да мүчө. Армян электр тармактарына болсо Орусиянын "Интер РАО ЕЭС" компаниясы ээлик кылат.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG