Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Шерине

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

1985-жылдын 1-сентябры. Чыңгыз Айтматов (1928-2008) ордо шаардагы үйүндө ойлонуп отурат. Деги, ошол мүнөттө залкар жазуучуну кайсы көйгөй терең ойго салды экен? Балким, сөздүн гүлүн издеп жаткандыр?

22.09.2009

“Көп түкүрсө көл болот”, “талаштан тактык жаралат”... Кыргыздын учкул сөздөрү, макал-ылакаптары, түпкү сөздөрү (руна сымал жазмаларды, Махмуд Кашгарини, жомок-дастандарды, Юдахин сөз корун, классик акын-жазуучулардын эмгектерин караңыз), өздөштүрүлгөн сөздөрү (Карасай-сөздүктү караңыз), диалект катары “жерилген” сөздөрү (Мукамбай-сөздүктү караңыз) жана азыркы кылымдын босогосунан аттагандан берки жаңы сөздөрү (алар үчүн заманбап сөздүк да жокко эсе) чогулуп, жалпы тил казынанын ажырагыс бөлүгү катары эне тилибиздин ажарын ачып турат.  Келиңиздер, эне тилибиздин жана кыргыз сөз таануу илиминин көйгөйлөрүн чогуу талкуулайлы.  Бул шеринебиз ар бир ыктыярдуу катышуучунун эч бир жерде милдеттүү болбой турган сунуштарына жана пикирлерине орун бермекчи.  Балким, алардын алгылыктуусун жаңы муун өзү ылгап алаар.

Электөө
Шеринеге пикир билдирүү (1126)
 Мурдагы   Кийинки 
Жалпы 103 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Бокочо каяктан: Бишкек
28.07.2010 13:36
Мам тил коммиссиясына жана Азимжан Ибраимов байкеге ысык салам. Шеринеге баш бакканыңыз чоң кубаныч. Ушул жерде көп сунуштар пикирлер айтылды. Аларды ишке ашырсаңыз кыргыз тилдин өнүгүүсүнө чоң салым болмокчу. Сизге сураныч. Вебсайт ачыңыз. Ал сайтта форум, сөздүктөр, тилге байланыштуу оюндар, кроссворддор, конкурстар болсо жакшы болот. Ошондой эле, атайын сурап-билүү кызматтын уюштурсаңыз эң сонун болмок. Элдер билбеген же тактай турган нерсеси болсо силердин эксперттерңер интернет аркылуу жооп бергендей кылсаңар. Ошондо аркандай тилдеги каталар/түшүнбөстүктөр болбойт эле. Мисал катары, орустардын http://gramota.ru/ карагыла жана дагы бир дүйнөдө белгилүү тил сайтын карагалы http://wordreference.com/. Ушул эки сайттын жакшы жерлерин бириктирип бир мыкты кыргыз тил боюнча сайт ачсаңар, кыска убакыттын ичинде Ташбоо Жумагуловтун жана ага чейинкилердин акыркы 20 жылда кылгандарынан дагы 1000 эсе көп кылган болосуз. Кыскасы, интернет доорунда жашагандан кийин интернетке басым жазаңыз.

"Момпосуй деген сөздүн французча экенин ким билет?" (кимден А.Мамбеталиев 28.07.2010 11:25)

Ооба, момопсуй деген франс сөзү. Бизге орус тил аркылуу келген. Франсча жазылышы мындай montpensier.

Айзадага жооп: товар деген сөз түрк тектүү сөз, орустардын сөзү эмес. Квотанын эл аралык термин. Калтырып эле коюш керек.

кимден: Nasyr каяктан: Bishkek
28.07.2010 13:04
Шериненин катышуучуларына салам айтам. Келгиле жарнамалар тууралуу сүйлөшөбуз. Кимдин купулуна толот? Ушул жарнамаларды кыргызчага которуп атканда ким көзөмөлдөйт? Же ар ким каалаганын жаза берсе болобу? Жүрөк айланат, кускум келет. Ошондой эле кайсы бир продукциянын сыртында кыргызчага которулган сөздөрдү окуп ирээнжийм. Мен орус тилдүү мектепти бүтүргөм. Бирок мага да көрүнүп турат. Мисалы, Let’s Go деген муздак чайдын сыртындагы жазууну окуп көргүлөчү. “Лимон кошуМан көк чай суусуну. Муздатып ичУУ керек. 1 суткага жетпеген убакта ичиЛ түгөтүү керек. Күн тике тийбөөсү керек. Табигый кошулмалардан жасалгандыктан түбүндө чөгүндУлөрү болушу ыктымал” деп жазылган. Мен бул жерде стилистикасы тууралуу кеп козгобой эле коеюн. Каталарын карагылачы!!!

Менин үйүмдүн бет маңдайында жаңы салынып аткан үйдө бажырайган жазууларды күндө эртең менен окуп, жүрөк айланат: “УЙЛОРДУ сатабыз” дейт.

Дагы бир кафе бар. “Кафеси Ала-Тоо” деп аталат. “Ала-Тоо кафеси” десе мүйүз чыгабы?

Мындай мисалдар толтура! Ушуга тил комиссиясы көз салабы?

кимден: айзада
28.07.2010 12:53
ТОВАР деген кандай болот

кимден: Айзада
28.07.2010 12:48
квота, ходатайство деген создорду которуп бергилечи ходатайстваны отунуч деп жазып журобуз мындан башка расмий которулушу барбы.

кимден: Нурай каяктан: Бишкек
28.07.2010 12:47
Кыргыз тилинин келечеги үчүн күйгөн окурмандардын ушунчалык көп экенине сыймыктанып калдым. Бир топ күндөн бери шеринени окуп жатам, бир аз пикир пайда болду.
Латын алиппесин киргизүү жөнүндө: азыркы учурда билим берүүнүн көйгөйлөрүнүн бири - жаш муундун билимге кызыгы таркаганы. Эптеп сабатын жоюуну ишке ашыралбай жатып, эми башка ариптерди, башка жазуу эрежелерин окутсак, ансыз деле абалыбыз начар турганда таптакыр сабатсыз болуп калбайбызбы? Көп эле жаштарыбыз сабаты начар, кээ бири өз атын да туура жаза албайт. Акчанын кулу болуп эле, эптеп акча тапсам деп калышты, бардык баалуулуктар унутулуп. Китеп, гезит окумай деген жок, батыштын кинолорунан башканы телевизордон көрүшпөйт. Ансыз да эки тамганы кошуп окуй албай жатып, баары латынча жазылып калса, түн түшөт го.
Андан көрө тилди пайдаланууну жакшыртуу керек. Бардык жерде документтер кыргыз тилинде кабыл алынса, иш кагаздарынын баары кыргызчаланса, көрнөк-жарнагыбыз кыргыз тилинде илинсе, Кыргыз Республикасында сатылган бардык товардын кабында кыргызча жазылса, кыргызча жазуусу болбогон товарга очойто салык салса, же сатыктан алып таштаса тил пайдаланыла баштамак деп ойлойм.

кимден: Айтматов каяктан: Бишкек
28.07.2010 12:44
Урматтуу коноктор!
7-апрелден кийин мен кимге болбосун кыргызча сүйлөп баштадым. Бул мага ишеним алып келе баштады. Себеби, оруча сүйлөй албаганым үчүн өзүмдү өзүм жей берчүмүн. Жашоодон артта калган адамдай болуп, коомдон алыстап турчумун. Азыр кадимкидей көчөдө кенен басам. Кыргызча ой жүгүртүп, айтайын деген пикиримди эркин жеткирип калдым. Тегерегимдеги адамдар да таң калып, менин жашоо образымдын жакшы жака өзгөргөнүнө суктана башташты. Алардын арасында да мени туурап баштагандар бар. Мен үчүн эми, орус же башка улутубу алар кыргыздар. Кыргызча сүйлөйм. Билбесе өздөрүнүн эрки. Кээде кызыктуу маалыматтарды айтып, койсом кызыгып оруча айтып бер деп, суранышат. мен аларга шашпай кыргызча айтып берип кетип калам. Менимче кыргызтанда кыргыз тилинин кадыр баркын көтөрүү үчүн башка этносторго тил муктаждыгын жаратышыбыз керек.

Эми барыңарды кыргызча жашоого чакырам.

Баса, Жаныбек Жанызак ага айткандай кыргызстандагы жашаган башка улуттарды улут дебей, этнос дегенибиз туура.

кимден: Акылбек каяктан: Бишкек
28.07.2010 12:35
Саламатсыздар!
Мамлекеттик тил комиссиясы Азаттыкка баш бакканына сүйүндүм!
Алар да интернет менен тааныш экенине ынандым. Себеби, алар иш жасап жатабыз дегендери менен иштери көрүнбөй жатат.
Ушул тил комиссиясына суроо берет элем. Кечээ сайтыңарга кирсем чеке жылытаарлык эч нерсе жок экен. Ошону колго алсаңар жакшы болмок. Дагы бир маселе мен силерге ишке кирип кыргыз тилинин баркын көтөрүүгө үгүт, насаат иштерин (PR) жүргүзүүгө жардам берсемби дедим эле. Айлыктын деле кереги жок. Бир гана сунуштарым ишке ашса дейм. Анан таза иштесеңер мага ошол акча болот.

Иним бар. Ал базарда "симкарт" сатат. Эч кандай диллер эмес. Башкалардан карызга алып аны сатып өз пайдасын чыгарып алып калган акчасын өткөрүп берет. Ошол иним мынтет: Ава, чоң фирма ачып анан симкарт алып сатып иштетүүнүн кереги жок. Себеби, ошол диллерлер мага келип сатып берчи дешет. Мен алардын симкарталарын бир айда сатып түгөтөм.(10 000) Болбосо алардын шаар боюнча бир нече симкарт сата турган дүкөндөрү бар. Эл эмне үчүн дүкөнгө барып симкарта алышпайт? Себеби, дүкөндө сатуучулары оруча сүйлөшөт. Өздөрүн сезип турушат. Ал эми симкарта алгысы келген киши жөнөкөй адамдан алгысы келет. Анткени мен симкартасын телефонуна салып, функцияларын иштетип берем. Түшүнбөгөн суроолоруна жупуну тил менен кыргызча түшүндүрүп берем. Алар ошон үчүн мага келет. Бизнестин тили жөнөкөй тил. Калпеле, дүкөнүм бар деп олтура беришет. саткандары бир күндө 10 симка. Ошол да бизнеспи?

Муну мен кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн эл арасында болушубуз керек. Кабинетте олтура берүү менен эч нерсе чечилбейт. Эл эмнени кааласа ошону берүү керек.


кимден: А.Мамбеталиев
28.07.2010 11:25
Момпосуй деген сөздүн французча экенин ким билет?

кимден: Азимжан Ибраимов каяктан: Мамлекеттик тил комиссияс
28.07.2010 10:29
"Азаттык" радиосунун сөз таануу боюнча Шерине уюштургадыгына чоң ыаазычылык билдиребиз. Бул саамалык кыргыз тил маданиятына олуттуу салым кошо деп ишенебиз жана бул максатта Мамлекеттик тил комиссиясы да чогуу иш алып барганга, издерден ар кыл даректүү сунуш-пикирлерди алганга, чогуу талкуулаганга даяр. Улутубуздун интеллектуалдык ресурсу дал кыргыз тилинен башталаарына биз ишенебиз.

кимден: айзада
28.07.2010 10:11
колбаса, завод деген создорду которуп бергилечи. создорду кыргызчалаган туура. компьютерди которбойбуз кийин чыкты дейсинер. Ошол эле турктор аны билгисаяр деп которуп алышпадыбы. Аякта компьютер деп эч ким колдонбойт.
 Мурдагы   Кийинки 
Жалпы 103 беттин -бетиндеги пикир

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)