[www.azattyk.kg]
[image][image] [image][image]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
 
[e-mail to a friend]
Кыргыз Республикасы
Кыргызстан – Орто Азиянын түндүк-чыгышында жайгашкан. Өлкө түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк –чыгыштан Кытай Эл Республикасы менен чектешет.

Кыргыз Республикасынан аймагы батыштан чыгышка карай 900 чакырымга, ал эми түндүктөн түштүккө карай 410 чакырымга созулат. Кыргызстандын аянты 199,9 миң квадрат чакырым.

Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2750 метр, эң бийик жери - 7439 метр (Жеңиш чокусу), эң жапыс жери - 394 метр (республиканын түштүк-чыгыш аймагында). Кыргызстан - тоолуу өлкө. Республикада түстүү жана сейрек учурай турган металлдар, көмүр жана башка кен байлыктар бар.

Климаты континенталдуу. Дарыялары негизинен Сырдарыяга куят, анын башкы булагы - Нарын). Ысыккөл, Соңкөл, Чатыркөл, Сарычелек сыяктуу кооз көлдөр бар.

Кыргызстандын калкы 5 миллион адам. Анын 66,9% кыргыздар, 14,14% өзбектер, 10,65% орустар жана 8,31% калган улаттар түзөт. Жалпысынан өлкөдө 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт.

Мамлекеттик тил – кыргыз тили; ырасмий тил – орус тили.

Жалпы калктын 32,8% 14 жашка чейинки балдар түзөт. Эмгекке жарамдуулар калктын 56,1%, ал эми ишке жарамдуулардан улуулар – 8,7% түзөт. Кыргызстан – Чыгыш менен Батышты бириктире турган тогуз жолдун тоомунда – борбордук азия цивилизациясынын кан жолунда жайгашкан. Сулайман тоо, Өзгөндөгү тарыхый комплекс, Саймалуу таштагы сүрөттөр, Манастын күмбөзү, Таш-Рабат тарыхый кербен сарайы, Бурана мунарасы кыргыз жеринин байыркы тарыхтан калган кереметтери катары бааланат.

Кыргыз Республикасынын борбор шаары – Бишкек. Ал өлкөнүн экономикалык, саясий, илимий, өнөр жай, маданий борбору.
Бишкек 1878 жылы негизделген.
Аймагы: 127,3 квадрат чакырым.
Калкы 1 млн. адам.

Бишкек Чүй өрөөнүнүн ортосунда деңиз деңгээлинен 700 - 850 метр жерде жайгашкан. Бишкекте жай ысык жана кургак. Июль айында абанын температурасы 42 градуска чейин ысыйт. Кышындагы орточо температура -7 градус. Жылына орточо Бишкекке 400 мм жаан-чачын жаайт. Абанын орточо нымдуулугу июлда 38%, январда - 68%.

Ош шаары Ош облусунун административдик борбору. Ал Кыргызстандын «экинчи борбору» деп да аталып жүрөт. Шаар Фергана өрөөнүн батышында, деңиз деңгээлинен 1000 метр бийикте жайгашкан. Ош Сулаймантоо жана Акбуура дарыясы менен атактуу. Бишкектен “түштүк борборго” чейинки автожолдун аралыгы 600 чакырымдай.
Калкы 239,5 миң адам. Ош - байыркы шаар. Ал тууралуу алгачкы маалыматтар биринчи жолу арап булактарында IX кылымда эскерилген.

Кыргызстандын административдик-аймактык бөлүнүшү:

Чуй облусу: Калкы - 752, 8 миң адам. Аянты - 20,2 миң кв. чакырым. Облуста 4 шаар, 5 шаар тибиндеги айыл, 105 айыл кеңеши, 327 айыл бар. Борбору – Чүйтокмок шаары.

Ош облусу : Калкы - 1 247, 9 адам. Аянты - 29,2 миң кв. чакырым. Облуста 3 шаар, 2 шаар тибиндеги айыл, 79 айыл кеңеши, 467 айыл бар.Борбору – Ош шаары.

Талас облусу : Калкы - 208,5 миң адам. Аянты - 11,4 миң кв. чакырым. Облуста 1 шаар, 1 шаар тибиндеги айыл, 35 айыл кеңеши, 90 айыл бар. Борбору – Талас шаары.

Жалал-Абад облусу : Калкы 920,6 миң адам. Аянты - 33,7 миң кв. чакырым. Облуста 5 шаар, 8 шаар тибиндеги айыл, 58 айыл кеңеши, 415 айыл бар. Борбору – Жалалабад шаары.

Ысыккөл облусу : Калкы - 423,0 миң адам. Аянты - 43,1 миң кв. чакырым. 3 шаар, 5 шаар тибиндеги айыл, 58 айыл кеңеши, 181 айыл бар. Борбору – Каракол шаары.

Нарын облусу : Калкы - 260,6 миң адам. Аянты - 45,2 миң кв. чакырым. 1 шаар, 2 шаар тибиндеги айыл, 56 айыл кеңеши, 132 айыл бар. Борбору – Нарын шаары.

Баткен облусу : Калкы - 401, 3 миң адам адам. Аянты - 17,0 миң кв. чакырым. 3 шаар, 5 шаар тибиндеги айыл, 29 айыл кеңеши, 189 айыл бар. Борбору – Баткен шаары.

 
[news]
Шайлоо барагы
Алгы сөз
Кыргыз Республикасы
Саясатчылар
Саясий топтор
Депутаттыкка талапкерлер
Президенттикке талапкерлер
Президенттик шайлоо
Башмыйзам
Шайлоо мыйзамдары
Байкоочулар
Окуялар жадыбалы
Борбордук шайлоо комиссиясы


[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]