[www.azattyk.kg]
[image][image] [image][image]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
 
[e-mail to a friend]
АЛГЫ СӨЗ
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 27-февралга белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган маалыматка караганда шайлоого бир мандаттуу 75 округдан 417 талапкер катышууда. Алардын арасында азыркы кош палаталуу парламенттин жетимиш төрт депутаты, 3 губернатор, акимдер, ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер жана коомдук уюмдардын жетекчилери бар.

27-февралдагы парламенттик шайлоо бийлик үчүн дагы, оппозиция үчүн дагы октябрь айында өтө турган президенттик шайлоо алдындагы маанилүү саясий өнөктүк катары мүнөздөлүп жатат. Болочок парламентте ким орунду көп алса – ошол тарап президенттик шайлоого ийгиликке жетиши ыктымал. Конституция боюнча азыркы президент Аскар Акаев мындан ары Кыргызстандын мамлекет башчылыгына өз талапкерлигин кое албайт. Оппозиция болсо өз катарынан президенттикке талапкерди алып чыгып, бийликке келүүгө аракет кылууда. Президент Аскар Акаев өзүнүн ордун кимге ыраа көрөрүн ачык айта элек, бирок “мураскердин” ким экендиги белгисиз болгонуна карабай Ак үйдөгүлөр бийликтин оппозициянын колуна өтүшүн каалабайт көрүнөт. Муну президент А.Акаевдин соңку учурда ар кандай жыйындарда, жолугушууларда сүйлөгөн сөзү көргөздү. Атап айтканда, ал Украинадагы жана Грузиядагы окуялардын Кыргызстанда кайталанбашын алдын алыш үчүн өкмөттү жана күч органдарын баардык тийиштүү иш-чараларды көрүүгө чакырды. Ал эми оппозицияны президент “ыңкылаптын сасык тумоосун” таратканы жатат деп сынга алды.
Аскар Акаев Ошко барып, оппозицияны сынга алды, Бейшемби, 13-январь 2005
Президент Аскар Акаев Жалалабатта да оппозицияны айыптады” “Азаттык”, Жума, 14-январь 2005
Николай Танаев алдыдагы шайлоого даярдыктар жана Украина жөнүндө”. “Азаттык”, Шейшемби, 11-январь 2005
“Аскар Акаев Таласта иш сапары менен болду”, “Азаттык”, Жума, 11-февраль 2005

Шайлоо пропорционалдык система менен же пропорционалдык-мажоритардык система менен өтпөй калгандыктан саясий партиялардын өнөктүктөгү мааниси жогорулаган жок. Ошондой болсо да мыйзамдарга ылайык талапкер тигил же бул партиядан көрсөтүлүшүнө тоскоолдук жок - партиялардын атынан 78 талапкер атсалышып жатат.
Бийлик дагы, оппозиция дагы парламенттен көпчүлүк орунду алуу максатында күрөшүп жатат. Эки тарап тең күчтөрүн топтоп, кыймыл, блок жана саясий партиялардын айланасына баш кошту. Бийликке ымала санаган талапкерлер – алар негизинен мамлекеттик кызматкерлер жана бизнеси чиновниктерге көз каранды ишкерлер – “Алга, Кыргызстан!” партиясы аркылуу парламентке атсалышып жатат. Ал эми оппозициялык беш бирикменин - “Кыргызстан элдик кыймылы” (К.Бакиев), «Атажурт» (Р.Отунбаева), «Жаңы багыт» (М.Иманалиев), Кыргызстан элдик конгресси (А.Атамбаев) жана Адилет шайлоо үчүн атуулдук бирикмесинин (М.Ашыркулов) лидерлери 2004-жылдын 29-декабрында парламенттик шайлоону адилет өткөрүү максатында өз ара кызматташуу келишимине кол коюшкан.

ПАРЛАМЕНТ

2003-жылдын 2-февралында өткөн референдумда жактырылган Конституциянын жаңы редакциясына ылайык мурдагы эки палаталуу парламенттин ордуна бир палаталуу Жогорку Кеңеш куралмакчы. Депутаттардын саны дагы 105ден 75ке кыскарды. Жаңы парламенттин бийлик-укуктары кеңейтилди, атап айтканда, болочок депутаттар президент сунуш кылган премьер-министрдин жана өкмөттүн калган мүчөлөрүнүн кандидатурасына макулдугун берет. Жалпы депутаттардын үчтөн экисинин макулдугу менен өкмөткө ишеним көрсөтпөй, отставкага кетирүүгө укуктуу. Бирок Конституциянын 63-беренесинин 2-пунктуна ылайык эгер депутаттар президент сунуш кылган премьер-министрдин талапкерлигин үч жолу жактырбаса анда Жогорку Кеңеш таркатылат.

ШАЙЛООНУН ТАРТИБИ

Конституцияга ылайык (56-берене) жана Шайлоо кодексине (69-берене) жараша шайлоо күнү жашы 25ке толгон, республикада акыркы 5 жылда дайыма жашаган адам Жогорку Кеңештин депутаты боло алат. Бирок кызмат абалына, илимий же башка иштерге байланыштуу Кыргызстандын аймагында алты айга чейинки мөөнөт жашабай калган атуулдар шайлоого катышууга укуктуу. Мурда соттолгон жана анысы мыйзамга ылайык жокко чыгарылбаган адам депутат болуп шайлана албайт. Депутаттыкка талапкер өз чөнтөгүнөн же фондунан Борбордук шайлоо комиссиясына 30 миң сом (700гө жакын доллар) төгүшү керек. Эгерде талапкер шайлоочулардын 15 процентинин добушун алса анда ал акча кайтарылып берилет.

Депутаттыкка талапкерлердин ичинен ким көп добуш топтосо ал адам жеңүүчү деп табылат. Чет мамлекеттерде жүрүшкөн шайлоочулар бул ирет добуш берүү укуктарын пайдалана алышпайт, анткени Кыргызстандын аймагынан тышкаркы жерлерде шайлоо округдары түзүлгөн жок.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын эки апта өткөн кийин ырасмий жарыялоого тийиш. Шайлоо участоктору 27-февралда саат 7ден 20.00гө чейин ачык болот.

ПАРЛАМЕНТ

Парламенттик шайлоонун таза өтүшү эч кимди кайдыгер калтырбагандай – президент Аскар Акаевден тартып бейөкмөт уюмдарга чейин, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевден тартып АКШнын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Стивенг Янгга чейин саясий өнөктүктүн демократиянын талаптарына жооп бергидей нукта өтүшүнө кызыкдар экендигин айтышууда. Бирок “шайлоонун тазалыгы” боюнча көз караштар бири-биринен айырмаланып атат. Атап айтканда, президент Аскар Акаев оппозиция элчилердин депутаттыкка шайланууга укугун коргоп уюштурган пикетти катуу сынга алды. 13-январда Ош облусунун активи менен жолуккан учурда президент шайлоолордун алдында кыргыз оппозициясы Грузиянын жана Украинанын мисалындай болуп сырткы күчтөрдүн шыкагына кирип жатат деди.

“Борбор шаардын эски аянтында алачыктарын тигип алып, Украина, Грузиядагыдай болуп кызыл-тазыл шарфттарды салынып, революция жасайбыз деп жаткандар да аз эмес”, - деди президент. Анын пикиринде Украинада жана Грузияда бийлик сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү менен алмашты, бул эки өлкөнүн экономикасы болсо кыйраганы турат.

Бишкектеги пикет 7-январда башталган. Ага катышкандар №1 Университет шайлоо округунун комиссиясы “Атажурт” кыймылынын лидери, АКШда жана Улуу Британияда мурда элчи болуп иштеген Роза Отунбаеваны алгач талапкер катары каттап, кийин ал чечимин жандырганына нааразылык билдиришти. Пикет февралдын башына чейин уланды. Отунбаеванын талапкерликтен четтетилишин «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова Ак үйдүн алысты мелжеген планы катары баалайт. Анын пикиринде «элге кызмат кылган Роза Отунбаеваны Бермет Акаева эч качан жеңе алмак эмес, бийликтин буга көзү жеткен».
“Бишкекте нааразылык акциясы өттү”, “Азаттык”, Жума, 7-январь 2005-жыл
”Пикетчилер артка кайтпайт”, “Азаттык”,Жекшемби, 16-январь 2005-жыл
“Бишкекте нааразылык акциясы уланды”, “Азаттык”, Дүйшөмбү, 17-январь 2005

Роза Отунбаева менен катар мурда Кыргызстандын элчиси болуп иштеген Медеткан Шеримкулов, Үсөн Сыдыков, Мамбетжунус Абылов дагы талапкер катары катталышкан жок. Алардын арыздарын шайлоо комиссиялары Конституциянын 56-беренесинин 1-пунктуна жана Шайлоо кодексинин 69-беренесинин 1-пунктуна ылайык кабыл алуудан баш тарткан.

Кыргызстандын Түркиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген Медеткан Шеримкулов бул окуяны “дүйнөлүк дипломатиянын практикасында эч убакта кездешпеген жорук” катары баалады. Дипломаттарды чет өлкөлөргө жиберип, мамлекеттин кызыкчылыгын, көз карандысыздыгын корго, саясий-экономикалык байланыштарды чыңда деген милдеттерди коюп, бирок Кыргызстанга келгенден кийин эч нерсеге укугуң жок деп койгону бул - адамгерчиликке дагы, саясатка дагы сыйбай турган нерсе, дейт Медеткан Шеримкулов.
http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2005/01/3425A961-6CC3-4C88-A11E-8A35E5018280.asp

ШАЙЛООГО КАМЫЛГА

2004-жылдын 6-декабрында АКШнын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Стивен Янг менен БШКнын төрагасы Сулайман Иманбаев парламенттик жана президенттик шайлоолор маалында бармакка коюлуучу көзгө көрүнбөгөн белги тууралуу меморандумга кол коюшкан. Ага ылайык Кошмо Штаттарынын өкмөтү бармакка сүйкөлүүчү боектун жана аны колдонууга байланыштуу чыгымдардын баарын өзүнө алды. 2004-жылдын 22-октябрында президент Аскар Акаев Шайлоо кодексине шайлоочулардын бармагына белги коюуга байланыштуу өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон.

9-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн бюджети боюнча маселени карап, бармакка белги коюуга жумшалуучу каражаттан үнөмдөлгөн 1 млн. 570 миң сомду кайда жумшоо керектигин талкуулашты. Комиссия мүчөлөрү акча кошумча 2200 тунук үкөк жасоого сарпталсын деген жыйынтыкка келишти.

Парламенттик шайлоого көгүш түстөгү 2 млн. 669 миң 576 бюллетень даярдалды. Анын 1 млн. 997 миң 453ү кыргыз тилинде, 672 миң 123ү орус тилинде. Алар Орусиянын Краснокамск шаарынан алынып келинген атайын белгиси бар кагазга басылды. Аны чыгаруу иштерин Борбордук шайлоо комиссиясынын көзөмөлдөө-текшерүү тобу жана Улуттук Коопсуздук кызматынын, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери көзөмөлгө алаары айтылган.

Шайлоодо добуш берүүчү бюллетендерди «Учкун» акционердик коому басып чыгарат. Мындай укукка басмакана БШК жарыялаган тендердин жыйынтыгына ылайык ээ болгон. Бюллетендер өзгөчө тартипте басылды. Аны басмаканадан чыгаруу иштерине Борбордук шайлоо комиссиясынын, ички иштер министрлигинин жана коопсуздук кызматтарынын көзөмөл кылды.

Ишкананын төрагасынын милдетин аткаруучу Александр Мельничуктун берген маалыматына караганда, Орусиядан көзгө көрүнбөгөн белгилер түшүрүлүп, атайын даярдалган 38 таңгак кагаз алдыртылды. “Бул кагазды бурмалап жасоо мүмкүн эмес. Анын үстүнө БШКнын уруксатысыз бир дагы ашык бюллетень басылбайт. Бюллетень анын жасалма үлгүсүн чыгаруудан корголгон”, - деди Мельничук.

 
[news]
Шайлоо барагы
Алгы сөз
Кыргыз Республикасы
Саясатчылар
Саясий топтор
Депутаттыкка талапкерлер
Президенттикке талапкерлер
Президенттик шайлоо
Башмыйзам
Шайлоо мыйзамдары
Байкоочулар
Окуялар жадыбалы
Борбордук шайлоо комиссиясы


[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2008 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]