|
| |
Байкоочулар
|
Парламенттик шайлоого эларалык үч жүзгө жакын, жергиликтүү эки миңдей байкоочулар көз салышат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда алардын арасында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө жана башка өлкөлөрдөн 170, КМШдан жүзгө жакын, Шанхай кызматташтык уюмунан беш, ал эми жергиликтүү «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынан 170 байкоочу катышат. Байкоочулар шайлоонун кандай өткөндүгү тууралуу шайлоо өткөрүлгөн күндөн кийин бир аптанын ичинде коомчулукка маалымат беришет.
Борбордук шайлоо комиссиясы 2005-жылдын 27-февралында өтө турган парламенттик шайлоого көзөмөл кылуучу эларалык байкоочулардын тизмесин жарыялады.
Орусия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынан жиберилгендер, КМШнын атынан:
Большаков Сергей, Зумакулов Борис, Горячкина Марина, Селянин Владимир, Смирнов Виктор, Гулькевич Светлана, Степенко Галина, Балтрушевич Юрий, Обернибесов Александр, Перевозчиков Всеволод
Армения Республикасы, КМШнын атынан:
Абрамян Гамлет, Гаспарян Карен, Погосян Артур
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу:
Улуу Британия: Кросби Зилла, Джоплинг Джеин, Фаун Фрэдерик, Стивенс Кристофер, Сандер Маикл, Кронин Ребекка, Уиллис Маргарет, Парфитт Алан, Куиллен Рэичел, Ларти Абиана, Стоддарт Николет, Барнес Ричард, Пол Стивен, Фэллон Пол, Янсон Адриан, Фруин Дэвид
Канада: Клутье Марсель, Клутье Линда
Швеция: Лит Ева
Германия: Адерхолд Эльтье, Баиер Дитер, Бернштаил Фритц, Бьокманн Маттиас, Деррик Йури, Гамбе Аннабель, Хельдт Ханс-Йохим, Хофштаттер Рольф, Иодика Клаудия, Керл Анке
Люкас Дафне,
Раинер Норберт,
Раитмюллер Дорит,
Рохманн Барбара Мария,
Шмидт Ева Катинка,
вон Девивьер Биате,
Вебер Андреа
Финляндия: Ала – Ханнула Эско,
Нуутинен Пекка
Чехия: Рамбоускова Цимболинцова Яна
Австрия: Махль Сабина
Шанхай кызматташтыгы уюмунун байкоочулар: Чжан Дэгуан - Кытай Элдик Республикасы,
Ду Вей - Кытай Элдик Республикасы,
Трифонов Виктор - Орусия Федерациясы,
Хашимов Абдулла - Өзбекстан,
Умаров Рустам - Өзбекстан
Эркин байкоочулар:
Крумм Райнхард - Фридрих Эберт атындагы фонд, Германия
Резяпова Наиля - Фридрих Эберт атындагы фонд, Өзбекстан
Искакова Чинара - Фридрих Эберт атындагы фонд, Кыргызстан
Клиф Роберт Джордан – КР Лондондогу элчилиги, Улуу Британия
Арыкан Ибраим - КР Лондондогу элчилиги, Түркия
Гюнай Мустафа - КР Лондондогу элчилиги, Түркия
Кайсаров Уалихан – Парламенттин сенаты, Казакстан
Чороев Кубан – Эларалык Республикалык Институт, Кыргызстан
Өмүралиева Чолпон - Эларалык Республикалык Институт, Кыргызстан
Жолдошев Канат - Эларалык Республикалык Институт, Кыргызстан
Паномарева Мария - Эларалык Республикалык Институт, Кыргызстан
Төмөндө байкоочуларга байланыштуу “Азаттыктын” архивинен алынган айрым макалалар сунуш кылынды:
СУЛАЙМАН ИМАНБАЕВ ЭЛАРАЛЫК УЮМДАР ШАЙЛООГО КИЙЛИГИШЕТ ДЕП ТЫНЧСЫЗДАНАТ
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев чет мамлекеттердин өлкөдөгү элчилери менен өткөн жумада жолугушкан маалда чет элдик уюмдардын шайлоо процесстерине тымызын кийлигишүүсүнөн улам өлкөдө кыйын кырдаал түзүлгөнү тынчсыздандырат деп билдирди. Төраганын мындай билдирүүсү чет өлкөлүк уюмдар менен иштешкен өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын нааразылыгын жаратты. http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2005/01/39C43EFE-D2D8-43C0-9C80-9BC8851A23AE.asp
ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК БАЙКООЧУЛАР ИШКЕ КИРДИ
18-январдан тарта Бишкекте Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулары иштей баштады. Аларды Словакиянын элчиси Любомир Копай жетектөөдө.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Кыргызстанда 2000-жылы өткөн парламенттик жана президенттик шайлоолорго да байкоо жүргүзгөн. Уюмдун отчетунда шайлоо эларалык стандартка жооп бербей, демократиялык талаптарды бузуу менен өткөрүлдү деп белгилеген.
Бул жолу ЕККУ 27-февралга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 170 байкоочуну чакырууда. Шейшемби күнү өткөрүлгөн маалымат жыйынында айтылганга караганда, учурда ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу миссиясын Бишкекте ачты. Анда 12 кызматкер иштей баштады. Жакынкы күндөрдө бир катар өлкөлөрдөн узак мөөнөттүк 18 байкоочу келмекчи. Алар өлкөнүн региондорунда иш жүргүзөт. Элчи Любомир Копайдын айтымында, “байкоочулар миссиянын көзү жана кулагы болмокчу”. Алар өлкөнүн бардык аймагында шайлоо алдындагы үгүт иштерине, өнөктүккө даярдыкка көз салып, шайлоого баа берет. Ал эми кыска мөөнөткө 170 байкоочу келет. Алар добуш берүүнүн өзүнө, бюллетендерди саноого, жыйынтыктарды чыгарууга байкоо салат.
Өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри, “Жаңы багыт” коомдук-саясий кыймылынын лидери Муратбек Иманалиевдин пикиринде, “байкоочулар - деген өтө позитивдүү фактор”. Алар шайлоонун адилет өтүшүнө жардам берет. “Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюронун байкоочулары абдан даярдалган адистер. Алар Борбордук шайлоо комиссиясына, мамлекеттик администрацияга жана өкмөткө таасир көргөзө алат,” – дейт Иманалиев.
27-февралдагы парламенттик шайлоого көз салууга жергиликтүү байкоочулар да даярдык көрүүдө. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясы 1,5 миңдей байкоочу коюуга аракет кылып жатат. Коалициянын президенти Эдил Байсалов Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары аркылуу эларалык коомчулук, Европа, АКШ Кыргызстандагы шайлоо жөнүндө маалымат алышат жана анын баасын жетекчиликке алышат дейт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынын жетекчиси Нина Мухинанын айтымында, 2000-жылдагы шайлоого чет өлкөлүк 250 байкоочу көз салган. “Быйыл да ошонун тегерегинде болушу ыктымал, анын ичинде КМШ мамлекеттеринен отуздун тегерегинде байкоочу келет”, деп билдирди Нина Мухина.
Айданбек Акмат уулу, Бишкек, Шаршемби, 19-январь 2005-жыл
КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНӨН КЕЛГЕН БАЙКООЧУЛАРГА ИШЕНҮҮГӨ БОЛОБУ?
Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) аткаруу комитет төрагасы Владимир Рушайлонун маалыматына караганда, Кыргызстандагы парламенттик шайлоого шериктештикке кирген өлкөлөрдөн узак мөөнөткө үч, ал эми кыска мөөнөткө 100 өкүл байкоочулук кылат.
Үч байкоочу 28-январдан баштап Кыргызстанда иш жүргүзө баштады. Ал эми калган байкоочулар Кыргызстанга шайлоого эки күн калганда келишип, добуш берүүнүн кандай өткөндүгүнө көзөмөл кылышат жана анын жыйынтыгында коомчулукка маалымат беришет.
Владимир Рушайло КМШ өлкөлөрүнөн келишкен өкүлдөр Кыргызстандагы шайлоого адилет байкоо жүргүзөт деген оюн ортого салды:
КМШ өлкөлөрүнөн келишкен байкоочулар өз милдеттерин так аткарышат жана алар парламенттик шайлоого даярдыктарды, шайлоонун кандай өткөндүгүнө адилеттүү баа беришет.
КМШ өлкөлөрүнөн келе турган байкоочулар тууралуу Владимир Рушайлонун жогорудагыдай пикирине БШК төрагасы Сулайман Иманбаев буларды кошумчалады:
КМШ өлкөлөрүнөн келе турган байкоочулар биздин тилибизге котормосу жок түшүнүшөт. Алар менен биздин маданиятыбыз, улуттук менталитетибиз окшош. Ошондуктан КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар келээрки парламенттик шайлоодо эң бир адилеттүү байкоочулук кылышат деп ойлойм. Ал эми тилекке каршы, котормочу менен келген байкоочулар биздин тилди толук түшүнбөй калышы ыктымал.
Маалымат жыйынында айрым журналистер Владимир Рушайло жетектеген КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары буга чейин Өзбекстан, Белорус, Украина, Грузияда өткөн шайлоолорго байкоочулук кылышып, ал өлкөлөрдүн авторитардык бийлигин колдоп келишкендигин белгилешти. “Эмне үчүн соңку мезгилде КМШ өлкөлөрүнүн байкоочуларына коомчулуктун ишеними кете баштады”, деген суроого Владимир Рушайло жооп берүүдөн баш тартты.
Ал эми ушундай эле суроого “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын башчысы Эдил Байсалов мындайча жооп берди:
КМШдан келген миссия Акаевге, Каримовго, Лукащенкого баш ийген, ошолор тарабынан каржыланган байкоочулар. Булар өздөрүнүн калыс эместигин буга чейин башка өлкөлөрдө эле көрсөтүштү. Булар калыс эмес. Аларга ишениш да керек эмес.
Бакыт Аманбаев, Бишкек, Жума, 28-январь 2005-жыл
БАЙКООЧУЛАР БАА БЕРЕТ
Кыргызстан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө өлкө катары бир катар эларалык келишим, алардын ичинде шайлоолорду ачык, эркин өткөрүү боюнча да макулдашууларга кол коюп, эларалык коомчулуктун алдында тиешелүү милдеттенмелерди алган.
КМШ аймагындагы өлкөлөрдөгү соңку саясий жараяндарга көз салып турган дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанда февраль айында өтө турган шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө эларалык уюмдардын байкоочуларынан маалымат алат. “Атуулдук коом корупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова бул демократиялык өлкөлөрдө орун алган көрүнүштөрдүн бири. Эгерде Кыргызстан шайлоолорду ачык, эркин өткөрө алса, анда ал демократиялык өлкө экендигин дүйнөлүк коомчулукка айгинелеп бере алат, дейт.
Айрым адамдар эларалык байкоочуларды Грузиядагыдай же Украинадагыдай ыңкылап жасоого аракеттениши ыктымал деген ойдо. “Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын” төрайымы Токтайым Уметалиева мындай деди:
Албетте, эларалык уюмдардан өкүлдөр Кыргызстандагы шайлоого байкоо жүргүзүүгө келгендиги жакшы. Бирок эгерде алар башка максат менен, мисалы, Грузияда “роза революциясы”, Украинада “саргыч ыңкылап” жасашкан сыяктуу Кыргызстанда да “жоогазын ыңкылабын” жасайбыз деген саясий пландар менен келишсе, анда бул туура эмес. Байкоочулукка жамынып алып, башка максаттар менен келип калышы мүмкүн деген да тынчсыздануубуз бар. Анткени, мисалга алсак, Украинадан ЕККУнун атынан байкоочу болуп келген адамдар кандай иш жүргүзөөрү белгилүү да
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев дагы эларалык уюмдар Кыргызстандагы шайлоо жараяндарына тымызын кийилигишүүсү мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирген.
Айрым бейөкмөт уюмдар болсо, Кыргызстанда парламенттик шайлоонун ачык, эркин, адилет өтүшү өлкө атуулдарынын шайлоого карата мамилесине гана көз каранды деген көз карашта. Анткени, эларалык уюмдардын өкүлдөрүнүн байкоочу катары катышуусу гана Кыргызстандагы шайлоолордун ачык өтүшүнө кепилдик бере албайт. Буга байланыштуу “Демократия жана атуулдук коом үчүн” бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Эдил Байсаловдун көз карашы мындай:
Менин пикиримде шайлоонун ачык, адилет өтүшү эларалык уюмдардын ишине байланыштуу эмес. Эркин, ачык шайлоо өткөрүү - өз элибиздин колунда. Бул биздин бийликтин, Борбордук шайлоо комиссиясынын, өкмөттүн, депутаттыкка талапкерлердин мыйзам чегинде иш жүргүзүшүнө көз каранды. Ал эми эларалык уюмдардын өкүлдөрү болсо, болгону, канчалык деңгээлде Кыргызстанда шайлоо адилет өттү, эларалык стандарттарга ылайык болдубу – ушул тууралуу маалыматтарды гана чет өлкөлөргө таратышат, - дейт Эдил Байсалов.
27-февралга чейин Кыргызстанга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун 170ке жакын байкоочусунун келиши күтүлүүдө.
Азиза Турдуева, Бишкек, Бейшемби, 20-январь 2005-жыл http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2005/01/40BFEDB4-278A-4817-992C-90C0C7BF8334.asp
МАРКУС МЮЛЛЕР: «АСКАР АКАЕВ УБАДАСЫНА ТУРУП, ШАЙЛООГО КАТЫШПАЙТ ДЕП ОЙЛОЙМ»
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ) мүчө өлкөлөрдүн элчилеринин Кыргызстандагы эки күндүк иш сапары карыды. Алар шейшемби күнү журналистер үчүн маалымат жыйынын өткөрүштү. Уюмдун Кыргызстандагы борборунун жетекчиси Маркус Мюллер президент Аскар Акаевдин быйыл бийликтен кетээрине ишене турганын билдирди.
«Жолугушуу учурунда биз парламенттик шайлоого даярдыктар жана өлкөдөгү саясий кырдаал менен толук кабардар болууга аракет жасадык», - деди ЕККУнун Кыргызстандагы борборунун жетекчиси Маркус Мюллер.
Уюмдун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча бюросунун Кыргызстандагы шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча миссиясынын жетекчиси Копай Любомир шайлоого даярдык жөнүндө мындай деди:
Биз Кыргызстандагы шайлоого алдын ала баа бере албайбыз. Шайлоо тууралуу кандайдыр бир маалыматты шайлоо аяктагандан кийин гана беребиз. Эгерде биз шайлоого чейин кандайдыр бир билдирүү жасай турган болсок, ал шайлоо жараянына кийлигишүү болуп калышы ыктымал. Айтып кетүүчү нерсе, биз шайлоого даярдыкка абдан дыкаттык менен байкоо жасадык. Мурдагы элчилердин шайлоого катыштырылбай калышына, айрым оппозиция лидерлери соттолуп, аларга администртивдик айып салынгандыгы жана башка ушу сыяктуу көрүнүштөргө күбө болдук. Мунун барын биз шайлоо бүткөндөн кийин жасаган отчетубузга жазып, коомчулукка жарыялайбыз.
Парламенттик шайлоого бир катар элчилердин катыша албай калышына уюмдун Кыргызстандагы борборунун жетекчиси Маркус Мюллер мындайча оюн билдирди:
Менин оюмча, бул маселе өлкө мыйзамына ылайык чечилди. Тагыраак айтканда, парламент ушундай мыйзам кабыл алган, биз ага кийлигише албайбыз.
Маркус Мюллер мырза «Азаттык» радиосунун «Кыргызстанда быйыл бийлик алмашабы?» деген суроосуна мындайча жооп берди:
Аскар Акаев мага өзү «мен президенттик шайлоого катышпайм» деп айткан. Ушундай эле убадасын ал Германияда жана башка жерлерде дайыма эле кайталап жүрөт. Ошондуктан мен Аскар Акаев чындыкты сүйлөгөн адам деп эсептейм жана өз сөзүнө туруп, келечекте шайлоого катышайт деп ишенем.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда өтүүчү парламенттик шайлоого Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунан узак мөөнөткө 34, кыска мөөнөткө 170, ал эми КМШ өлкөлөрүнөн кыска мөөнөткө жүзгө жакын байкоочу катышат.
Бакыт Аманбаев, Бишкек, Шейшемби, 1-февраль 2005-жыл
|
|
|