|
| |
Президенттик
шайлоо
|
1990 - жыл
Алгачкы президенттик шайлоо Кыргызстандын тарыхында 1990-жылдын октябрында өткөн. Ал айларда Өкмөт үйүнүн алдына 150дөй адам чыгып, коомунистердин бийликтен кетишин талап кылып, нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Андагы Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин 114 депутаты президенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Республиканын андагы биринчи катчысы, маркум Абсамат Масалиев ага макул болгон.
Алгач үч адам: Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы Абсамат Масалиев, Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин төрагасы Апас Жумагулов жана Ысыккөл облусунун андагы биринчи катчысы, маркум Жумгалбек Аманбаев президенттикке талапкер болуп катталышкан. Бирок шайлоонун жыйынтыгы көргөзгөндөй үчөөнүн эч кимиси талап кылынган 176 добуш топтой алган эмес.
Депутаттар кызуу талкуудан кийин шайлоону кайра өткөрөлү, бирок мурдагы талапкерлер бул ирет ага катышпасын деп чечишкен. Натыйжада 12 адам президенттикке талапкерлигин коюп, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында эки адам – Аскар Акаев жана маркум Насирдин Исанов (Ысыккөл облустук аткаруу комитетинин төрагасы) көп добуш топтошкон. Шайлоонун экинчи айлампасында Аскар Акаев жеңип чыккан, ал 179 добуш, ал эми Насирдин Исанов 62 добуш алган. Ошентип 1990-жылдын 27-октябрында Кыргызстандын тунгуч президенти болуп Аскар Акаев Кыргыз ССРинин парламенти тарабынан президенттикке шайланган.
1991 - жыл
1991-жылы 31-августта Кыргыз Республикасы эгемен мамлекет катары жарыяланган. Юристтер менен кеңешкенден кийин бийлик жалпы элдик шайлоо өткөрүүнү чечкен. 1991-жылы октябрда өткөн шайлоодо Аскар Акаевдин талапкерлиги альтернативасыз коюлуп, ал Кыргыз Республикасынын президенти катары өзүнүн бийлик-укуктарын мыйзамдаштырган.
1995 - жыл
1995-жылы 24-декабрда альтернативалуу президенттик шайлоо өткөн. Бул саясий өнөктүктүн да ушул күнгө белгилениши юристтер, саясатчылар арасында, коомчулукта бир катар талкуу-талаштарды жараткан. Анткени 1991-жылы октябрда өткөн альтернативасыз шайлоону эсепке алган саясатчылар шайлоо бир жылдан кийин - 1996-жылдын аягында өтөт деп турушкан. Ак үйдүн шайлоо өткөрүү боюнча чечими ошол себептен көпчүлүк үчүн күтүүсүз болгону жашыруун эмес.
Аскар Акаевдин атаандашы болуп “легендарлуу” парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов жана Кыргызстандын коммунисттик партиясынын экс-төрагасы, маркум Абсамат Масалиев чыгышкан. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда Аскар Акаев көп добуш топтогон, бирок оппозиция жана эларалык айрым уюмдар шайлоонун жыйынтыктары бурмаланганын айтышкан.
2000 - жыл
2000-жылы 29-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өткөн. Ага чейин Аскар Акаев өз талапкерлигин кое алабы же жокпу деген суроо кызуу талаш-тартыштарды жараткан. Анткени Конституцияда (43-берене, 2-пункт) бир эле адам президент болуп эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт деп жазылган. Талаштын башын ачып алыш үчүн Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Конституциялык сотко кайрылышкан. Чолпон Баекованын төрагалыгы менен өткөн жыйында Конституциялык сот Аскар Акаев шайлоого катыша алат деген чечим кабыл алган.
Бул ирет Аскар Акаевге беш адам атаандаш болуп чыккан: Алмаз Атамбаев, Турсунбек Акун, Турсунбай Бакир уулу, Өмүрбек Текебаев жана Мелис Эшимканов. Шайлоонун жыйынтыгына ылайык Аскар Акаев 75% добуш топтоп, президент болуп дагы бир мөөнөткө калган. Бирок Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму баштаган айрым эларалык уюмдар жана оппозиция бийлик бир катар мыйзам бузууларга барып, шайлоонун жыйынтыктары бурмаланганын билдирген.
2005 - жыл
Бул жылы президенттик шайлоо 2005-жылдын октярбь айында өтүшү керек эле. Бирок 24-марттагы элдик ынкылаптан улам бийлик алмашкан соң, өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүугө туура келди. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү алгач Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 26-июнга белгиледи. Бирок Жогорку Кеңештин жаңы чакырылыштагы депутаттары 7-апрелде 26-июнга белгиленген президенттик шайлоо күнүн 52 добуш менен жокко чыгарды. Жаңы Жогорку Кеңеш бул чечимди жокко чыгаруу боюнча добуш берүү легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов окуяларга өз баасын бергенден кийин болду. Шеримкулов тарыхый шарттарды эске алганда, бардык учурда акыркы чечим жарактуу деп табылат деп эсептеди. Ошондой эле экс-төрага президенттик шайлоону 30-октябрга белгилөө Конституцияга каршы келбей тургандыгын белгиледи.
Кыргызстан парламенти 11-апрелдеги отурумунда бийликтен четтетилген президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүү боюнча жазган арызынынын негизинде анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды. Жыйында айрым депутаттар бул маселени дагы эки аптага кийинкиге жылдырууну сунушташты. Добуш берүүгө келгенде залда отурган 62 депутаттын ичинен 38 депутат Акаевдин ыйгарым укуктарын токтотуу сунушун колдоду. Андан соң депутаттар Кыргыстанда президенттик шайлоону 2005-жылдын 10-июлунда өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды.
10-июлга белгиленген президенттик шайлоого 10дон ашуун талапкер көрсөтүлдү. Бирок аларлдын көпчүлүгү каттоого чейин эле талапкерлигин алып салышты. Айрым талапкерлерди ар кандай себептерден улам БШК каттаган жок. БШК талапкер болуу үчүн милдеттерди так аткарган жети талапкерди гана расмий түрдө каттады. Алар: Акбаралы Айтикеев, Курманбек Бакиев, Турсунбай Бакир уулу, Кеңешбек Дүйшөбаев, Жыпар Жекшеев , Жусупбек Шарипов жана Токтайым үмөталиева. Бирок кийинчерээк жети талапкердин бири - Жусупбек Шарипов өз талапкерлигин алып салды. Ошентип 10-июлдагы президенттик шайлоодо калган алты талапкер ат салыша турган болду.
Президенттик шайлоого байланыштуу айрым макалалар.
(“Азаттыктын” архивинен)
АСКАР АКАЕВ: «КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯСЫ МАГА ЖАҢЫ МӨӨНӨТКӨ МАНДАТ БЕРБЕЙТ»
Ошентип көптөн бери коомчулуктун көңүлүн бурдуртуп келген Өнөктөштүк форуму же төртүнчү жолку тегерек стол өз ишин аяктады. Ага көпчүлүк оппозиция өкүлдөрү чакырылбагандыктан, жыйын учурунда анчалык талаш-тартыштуу жагдайлар жаралган жок. Форумда мамлекет башчысы Аскар Акаев келээрки президенттик шайлоодо талапкердигин койбостугун, ага Конституциянын жаңы редакциясы жол бербей турганын дагы бир жолу ачыктады. Ал бийлик өкүлдөрүнүн журналисттер менен соттошуусуна каршы эместигин билдирип, ошондой эле президент Феликс Кулов саясый жагдайдан улам абакта жатпаганы тууралуу пикирин да баса айтты. Бирок, президенттин ойлору менен макул болбогондор да аз эмес.
(Ишемби, 19-июль 2003) http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2003/07/E58E5197-E4CC-4C46-872E-B9B2B9B3CD77.asp
МЕДЕТКАН ШЕРИМКУЛОВ: «ДАГЫ ИШТЕП БЕРИҢИЗ ДЕП АСКАР АКАЕВДИ ТУУРА ЭМЕС АХЫВАЛГА КАЛТЫРГАНЫБЫЗ БОЛБОЙТ»
Жогорку Кеңештин 1990-1995-жылдардагы төрагасы Медеткан Шеримкулов менен болгон маектин экинчи бөлүгүндө өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштүн абалы, Алатоо аянтындагы В. Лениндин эстелигинин башка жерге көчүрүлүшү, Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтү сыяктуу маселелер козголду.
(Бейшемби, 21-август 2003) http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2003/08/6CA2DC20-C5B1-4F46-B252-E1771BD273DB.asp
А.АКАЕВДИН КЕЛЕРКИ МӨӨНӨТҮ ТУУРАЛУУ СӨЗ КАЙРАДАН КОЗГОЛО БАШТАДЫ
Ишемби күнү Ишкерлер ассоциациясынын II курултайы өттү. Бул 2005-жылкы президенттик шайлоого катышууну Аскар Акаевге ачык сунуштаган алгачкы салабаттуу жыйын болду. Бирок президенттин катышуусунда өткөн бул курултайдын жыйынтык документине ал сунуш кирген жок. Оппозициячыл көз караштагы саясатчылар болсо бул окуяны президенттин мөөнөтүн узартуу максатында бийлик тарабынан атайын уюштурулган өнөктүк катары баалашууда.
(Дүйшөмбү, 29-сентябрь 2003) http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2003/09/CAF2B7D7-55D2-49AB-8A91-3563607D7C47.asp
ЖУМГАЛБЕК АМАНБАЕВ: «А. АКАЕВДИН КИЙИНКИ МӨӨНӨТТӨН БАШ ТАРТКАНЫН КОЛДОЙМ, БИРОК АГА ТЕҢ КЕЛЕ ТУРГАН САЯСАТЧЫ ЖОК»
Кыргызстанга белгилүү инсандардын бири Жумгалбек Аманбаев президент Аскар Акаев бийликке жаңыдан келген жылдары аны менен чогуу иштешип, вице-премьерлик кызматка чейин көтөрүлгөн. Бирок кийин президенттин жүргүзүп жаткан саясатына нааразылык билдирип, Өкмөт Үйүнүн 7-кабатында ачкачылык жарыялап, бийликтен кеткен болчу. 1998-жылдан бери Жумгалбек Аманбаев мырза мамлекеттик «Буудай» ишканасын жетектейт. Ал жакында «Азаттык» радиосуна маек куруп берди.
(Дүйшөмбү, 27-октябрь 2003) http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2003/10/EA3C70EF-C0C0-42B7-882D-C2256DEDDFF9.asp
ЖОРЖ СОРОС: "МЕНИН ОЮМЧА, АСКАР АКАЕВ КИЙИНКИ ШАЙЛООГО КАТЫШПАЙТ..."
Журналисттер Жорж Сороско "Кыргызстанда 2005-жылы бийлик алмашышы мүмкүнбү?" деген суроону да жолдошту. Ага ал "Аскар Акаев мындан кийинки шайлоолорго өзүнүн талапкерлигин койбойт деп ойлойм", деген жообун берди.
(Шейшемби, 27-апрель 2004) http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2004/04/0DF0D2F5-0E47-43A6-B903-473573572878.asp
ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: «ЭЛДИН КӨБҮ МИХАИЛ СААКАШВИЛИ ТАРАПТА»
Кыргызстандын оппозициячыл маанайдагы бир катар саясатчылары учурда Грузиядагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүп жатышат. Алардын бири Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Атамекен» социалисттик партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев «Азаттыктын» Бишкектеги бюросуна телефон аркылуу маек куруп берди.
(Жекшемби, 4-январь 2004)
http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2004/01/8D9682FE-6AEC-4CDA-8ACB-13299F3DD5BD.asp
КУРМАНБЕК БАКИЕВ: "ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛИГИМДИ КОЕМ"
Экс-премьер-министр, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев "Азаттык" радиосунун Бишкек бюросуна маек куруп берип, азыркы саясий жагдай тууралуу кызыктуу маек куруп берди.
-Курманбек мырза, Кыргызстанды экономикалык кризистен алып чыгуу боюнча өзүңүздүн программаңыз барбы?
-Бул абдан чоң суроо. Кеңири жооп бериш керек эле. Бирок кыскача айта турган болсом, элдин турмушун оңдоо деген сөз-бул экономиканы өнүктүрүү. Өндүрүштү өстүрмөйүнчө элдин турмушун эч качан оңдой албайбыз. Экономикалык кризистен чыгуу боюнча программа иштеп чыккам. Ал программа тууралуу «Жолду баскан арбытат» деген китебимде кыскача баяндагам. Азыр анын үстүндө иштеп жатам.
(Жекшемби, 22-февраль 2004) http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2004/02/A3D2C39D-B83C-4434-98BF-814DD7EDE894.asp
КУРМАНБЕК БАКИЕВ: «ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТЫШАМ...»
Кыргызстанда президенттик шайлоого бир жылдан ашуун убакыт бар. Учурда саналуу гана адамдар шайлоого өз талапкерлигин койоорун билдирди. Алардын бири - Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Курманбек Бакиев. Алдыдагы шайлоолор, анын адилет өтүүсү, учурда Курманбек Бакиевдин айланасында болуп жаткан ар кандай пикирлер тууралуу маекти сунуш кылмакчыбыз.
(Дүйшөмбү, 26-июль 2004) http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2004/07/C066740A-5716-456E-A1F9-FA04850C8BC6.asp
РИЧАРД АРМИТИЖ БИШКЕКТЕ ДА, ДҮЙШӨМБҮДӨ ДА ШАЙЛООЛОРДУН ТАЗА ӨТҮШҮ БОЮНЧА МАСЕЛЕНИ КОЗГОДУ
АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитиж Борбор Азиядагы сапарынын алкагында акыркы күндөрдө Кыргызстанда жана Тажикстанда болду. Ошол эле учурда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Европа жана ЕврАзия боюнча орун басарынын жардамчысы Элизабет Жоунс Казакстанга жана Өзбекстанга келди. АКШнын жогорку даражалуу эки элчиси тең Борбор Азиядагы төрт мамлекеттин бийликтерин алдыдагы күтүлүп жаткан шайлоолорду таза жана адилет өткөрүүгө чакырды. Айрым талдоочулар Кошмо Штаттары геосаясий кызыкчылыгына караганда аймакта адам укуктары менен демократиянын сакталышын жогору коюуда деген пикирлерин айтышууда.
(Жекшемби, 18-июль 2004) http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2004/07/1D75AA11-4CE1-4601-899E-D8C672FA7020.asp
МИСИР АШЫРКУЛОВ 2005-ЖЫЛДАГЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТЫШПАЙ ТУРГАНЫН БИЛДИРДИ
Бүгүн «Форум» өндүрүштүк тобунун имаратында «Адилет шайлоо үчүн» бирикмесинин төрагасы Мисир Ашыркулов маалымат жыйынын өткөрдү. Анда бирикменин келечекте жасай турган иштери тууралуу маалымат берилди. Ашыркулов 2005-жылдагы президенттик шайлоого катышпайм деп билдирди.
(Бейшемби, 8-июль 2004) http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2004/07/5070D6AA-B139-4B49-BF87-74242155AC22.asp
СТИВЕН ЯНГ: "КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИ ӨЗ ЭЛИНИН КОЛУНДА"
Сиздердин назарыңыздарды Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Стивен Янг менен Кыргызстандын саясий турмушундагы акыркы окуяларга карата анын мамилеси жана эмдиги жылы боло турган парламенттик жана президенттик шайлоого даярдыктар жөнүндө пикири боюнча маекке бурабыз.
(Бейшемби, 29-июль 2004) http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2004/07/603DC370-749D-4B14-83E2-8267995EB699.asp
КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨРНӨГҮ КОҢШУЛАРГА ҮЛГҮ БОЛОБУ?
Ишембиде Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысынын орунбасары Ричард Армитижди Кыргызстандын президенти Аскар Акаев кабыл алды. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык кызматташуу маселелери талкууланды. Ушул эле күнү журналисттер үчүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында А.Акаев кезектеги президенттик шайлоого катышпастыгын ырастап, Р.Армитиж Кыргызстан демократиялык өнүгүү жолунан тайбастыгына ынанганын айтты.
(Ишемби, 17-июль 2004) http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2004/07/3CB1BBCA-3DAE-4280-8928-5ADDE7B8D59E.asp
|
|
|