Шейшемби, Февраль 07, 2012 Бишкек убакыты: 14:04

RSS деген эмне?


RSS – бул шарттуу кыскартуу. Анын англисче толук окулушу - Really Simple Syndication (“Маалыматты өтө жөнөкөй усулда кабылдоо”). Бул технология биздин интернет барагыбыздагы маалыматты сизге өтө ыңгайлуу жол менен алууңузга мүмкүндүк жаратат. Ар жолу тийешелүү бир темадагы окуяларды издеп машакаттанып отурбастан, сиз атайын программа түзүп, сиз кызыккан мындай кабарлар интернетке жарыяланаар замат өзүнөн-өзү эле компютериңизге интернеттен көчүрүлүп турушуна жетише аласыз.

Сиз RSS каналын колдонууга кантип кирише аласыз?

Жалпысынан, сиз news reader (“жаңылык окугуч”) деп аталган нерсеге муктажсыз. Бул программалык жабдуу RSS каналдарын “көздөн кечирип”, аларга жаңыдан катталган интернеттик макалаларды сизге жеткирип турат. Анын көптөгөн ар кыл варианттары бар, маселен, бул макалалардын кээ бирлери браузерлерди (интернет барактарын иликтөөчү программаларды) колдонуу аркылуу, башкалары компютерге жүктөө аркылуу колго тийет. Браузерге таянган жаңылык окугучтар сиз алдын-ала жазылып койгон маалымат топтомун маалымат жүктөгүч программасы бар ар кандай эле компютерден RSS каналдары аркылуу окушуңузга мүмкүндүк түзөт. Сиз өзүңүздүн электрондук каттарыңызды компютериңизге Outlook аркылуу кандайча жүктөп алсаңыз, же болбосо Hotmail сыяктуу интернеттик тейлөө кызматтарын колдонуу менен мындай каттарды интернет мейкиндигинде кандайча сактап келсеңиз, бул жерде деле дал ошого окшош усул колдонулат.

Көз карандысыз программалар

Сиз Google интернет барагын да колдоно аласыз, анын колдонулуш ыкмасы өтө жөнөкөй. Сиз, ошондой эле, интернет аркылуу жеңил-желпи издөө аркылуу башка да ар кыл тилдердеги жаңылык окугучтарды табышыңыз мүмкүн. Кайсы бир жаңылык окугучту тандаганыңыздан соң, сиз аткара турган иш - бирөө гана. Бул - өзүңүз кызыккан RSS каналдарын таап жана алардагы темаларга жазылуу аркылуу жаңылык окугучуңуз кайсы мазмундагы интернет кабарларын сизге сунуштап турушу жаатында бир чечимге келишиңиз.

Браузерлер аркылуу сунушталчу RSS каналы

Mozilla Firefox, Microsoft Internet Explorer 7 жана Opera сыяктуу браузерлер да RSS каналын интернет иликтөө жаатында пайдалануу усулун колдоого алат. Эгерде сиз өзүңүзгө ынаган кайсы бир RSS каналынын белгисин бассаңыз, анда алиги браузер дароо эле бул RSS каналын ачып берет. Анын интернет бетинин төр жагында Сизге “бул RSS каналына жазылгыңыз келеби жана аны кайсы жакка жайгаштыруу керек?” деген суроолор берилет.
Firefox браузери ушул тапта эч сурап отурбастан эле Live Bookmarks, Bloglines, My Yahoo жана Google сыяктуу программалар менен иштеше алат.
Сиз RSS каналы аркылуу “Азаттык үналгысынын” интернет барагынын тийешелүү тематикадагы маалыматтарына жазылсаңыз, андан соң сиз каалаган кабарлар жана башка материалдар интернет барагыбызга жарыяланаар замат сиздин өздүк компютериңизге жүктөлүп же экраныңыздагы интернет барагынан көрүнүп турат.