ТЕХНИКАЛЫК КӨМӨК
Мен сиздердин интернет барактагы аудиону кантип уга алам?
Көпчүлүк медиа ойногучтарды компютерге орнотууга болот. Компютериңиздин түзүлүшү ылайык келсе, сиз биз сунуштаган МРЗ форматындагы аудио-видео файлдарды көпчүлүк музыка ойногучтар аркылуу уга/көрө аласыз.
Эгер сиз Windows аракет системасын колдонсоңуз, анда Windows player ойноткучу адатта автоматтык түрдө орнотулат. Windows Media Player 9 же андан кийинки жаңы программаларды колдонуу абзел болоор эле.
Эгерде сиз Real Player программасын колдонсоңуз, анда анын 10-версиясын же андан да жаңы чыгарылыштарын колдонууңузду сунуштаар элек.
Сиз аудио материалды угуу үчүн компютериңизге аудио ойноткуч орнотушуңуз керек. Сиз Real Player же Windows Media Player программасын интернеттен компютериңизге жүктөй аласыз. Бул ойноткуч программаларды компютерге кантип орнотуу керектиги боюнча алардын интернет барактарындагы тийешелүү колдонмолорду караңыз.
Эгер мен аудионун шилтемесин басканда анын үнү чыкпаса эмне кылуум керек? Эгер сиздин аудио ойноткуч жаңыланган болсо жана анда жетишээрлик жыштык диапазону барболсо, анда медианы ачуу үчүн компьютердин тармактык коргонуу системасын өзгөртүүңүз керек. Тилекке каршы, бул тийешелүү кырдаалга ылайык гана оңдоого жаткан иш. Эгер сиз кызматтык кеңседе же интернет кафеде отурсаңыз, анда техникалык тейлөө кызматкерине көмөк сурап кайрылыңыз.
Кайсы веб-браузер колдонулат?”Азаттык үналгысынын” azattyk.kg интернет барагы дээрлик бардык эле браузерлерге ылайыкташкан, бирок интернет барактын өзү Internet Explorer 7.x жана Mozilla Firefox 1.x or 2.x. браузерлерине көбүрөөк ыңгайлаштырылган.
azattyk.kg интернет барагын кантип бетачаар барак кылуу керек?Эгерде Windows тармагында Internet Explorer 6 браузери же андан жогорураак программалык варианты колуңузда болсо, төмөнкүдөй тартипте иштеңиз:
- "Tools" (“Аспаптар”) куржунун ачып, андагы "Internet Options..." (“Интернеттик амал варианттары”) деген седепти басасыз.
- Андан “General” (“Жалпы”) дегенди тандап аласыз.
- Андан соң “Home Page” (“Бет ачаар барак”) деген сөз жазылган терезедеги дарек (“Address”) жазылчу жерге http://www.azattyk.kg/ деп тересиз.
- Терезенин ылдый жагындагы “OK" (“Жарайт”) дегенди басыңыз.
Эгерде Windows тармагында Firefox 2.x браузерин пайдаланып жатсаңыз, анда төмөнкү иштерди аткарыңыз :
- "Tools" (“Аспаптар”) куржунун ачып, "Options" (“Амал варианттары”) деген седепти табыңыз.
- Бул жерде “Main” (“Башкы”) дегенди таңдаңыз.
- “Home Page” (“Бет ачаар барак”) терезесинин ичине http://www.azattyk.kg/деп жазыңыз.
- Терезенин ылдый жагындагы "OК" дегенди басыңыз.
Эгерде MacOS X үлгүсүндөгү Firefox 2.x браузерин пайдаланып жатсаңыз, анда төмөнкү иштерди аткарыңыз :
- "Tools" (“Аспаптар”) куржунун ачып, "Options" (“Амал варианттары”) деген седепти табыңыз.
- Бул жактан “Main” (“Башкы”) дегенди тандаңыз.
- “Home Page” (“Бет ачаар барак”) терезесинин ичине http://www.azattyk.kg/ деп жазыңыз.
- Терезенин ылдый жагындагы "OК" дегенди басыңыз.
Эгерде кандайдыр-бир түйшүк чыгып жатса, анда биздин Webeditor@bureaumail.rferl.org жана web@rferl.org электрондук дарегибизге көмөк сурап кат жазыңыз