Алай районуна караштуу Сары-Могол айылында биринчи жолу өзгөчө үйлөнүү той өттү. 16-февралда баш кошкон түгөйлөр Таалай Турсунов менен Уулча Кошонова үйлөнүү тойго ат минип чыгышкан. Айыл тургундары башка жаштарды да ашыкча ысырапкорчулукка жол бербей, Таалай менен Уулчадан үлгү алууга чакырат.