Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24
Биздин тарых

Майдандан кайтпаган ата-бала

"Азаттыктын" "Биздин тарых" долбооруна Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Бакыян айылынын тургуну Нурдин Усупбеков Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан чоң аталарынын сүрөттөрүн, алар тууралуу маалыматтарды жиберген.

Бакыян айылынын тургундары, бир туугандар Сарымсак жана Моту Усупбековдор кан майданга аттанып, бири жаракат алып, кийин мекенине келсе, экинчиси кайтпай калган экен. Алардын атасы Усупбек Конгантиев да согушка чакырылып, жашы өтүп калгандыктан жумушчу батальондо Уралда кызмат өтөгөн. Бирок ал да ошол бойдон Ата Журтуна кайтып келген эмес.

XS
SM
MD
LG