Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Акын келбес сапарга аттанды

Кыргыз Эл акыны, Токтогул сыйлыгынын ээси, белгилүү акын Сооронбай Жусуевди акыркы сапарга узатуу тажыясы бүгүн Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрында өтүп жатат. Акын менен коштошууга мамлекеттик жетекчилер, депутаттар, акын-жазуучулар жана башка коомчулук өкүлдөрү катышууда. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар кыштагында төрөлгөн. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында армияга кетип, Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда кызмат өтөгөн. Алгачкы «Эмгек күүсү» аттуу ыр жыйнагы 1950-жылы басмадан чыккан. Андан бери акындын 30дан ашык китеби кыргыз тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. (Айрым сүрөттөрдү Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жиберген).

XS
SM
MD
LG