Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Нарында республикалык спартакиада өтүүдө

Окуучулар арасында өткөрүлчү республикалык спартакиада бүгүн Нарын шаарында башталат. “Азаттыкка” өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдиришинче, 4 - 7-май күндөрү өтө турган спартакиадага жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 450дөй окуучу катышары күтүлүүдө. Мелдеш спорттун алты түрү боюнча өткөрүлөт: шахмат, улуттук күрөш, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, стол үстүндө теннис жана ордо. Спартакиада Нарын, Кочкор жана Ат-Башы райондорунда болот.

Иш-чара быйылкы Тарых жана маданият жылына, Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына карата уюштурулууда. ​

XS
SM
MD
LG