Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

Мариуполду аткылоонун кесепети

Акыркы маалыматтар боюнча Мариуполдо 20 адам өлүп, 87си ар кандай жаракат алды. Шаардын чыгыш тарабындагы турак жайлар, мектеп, базар, дүкөндөр талкаланды. Бул тууралуу Украинанын ИИМнин Донецктеги башкармалыгынын начальниги Вячеслав Аброськин билдирди.

Буга чейин Украин бийлиги шаар “Град” аскердик дүрмөтү менен атылганын маалымдаган. Киев бул боюнча жоопкерчиликти жикчилдерге жүктөдү. Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин башчысы Александр Турчинов Мариуполду аткылоо жикчилдердин украин аскерлерин чегиндирүү аракети ийгиликсиз болуп калгандан кийин башталган.


XS
SM
MD
LG