“Юнона жана Авось” рок-балетинен үзүндү
7-10-ноябрь күндөрү Бишкекке Абай атындагы Казак мамлекеттик опера жана балет академиялык театры биринчи жолу гастролго келди. Коңшу мамлекеттин театры көрүүчүлөргө “Юнона жана Авось” рок-балетин, "Ромео жана Жулетта”, “Ак куулар көлү” балеттерин жана балет жылдыздарынын гала-концертин тартуулады.