Ак-Сайды сагынуу
Нарындагы айтылуу Ак-Сай жайлоосунун керемет сырларын аталган жерде туулуп-өскөн Аксайбек мырза менен Өмөр аксакал айтып берди. Алар убакыт өткөн сайын Ак-Сайдын экологиясы бузулуп, аңчылардын айынан аркар-кулжа азайып баратканына кейишет. Тасманы бир катар даректүү тасмалардын автору, кинорежиссер Тилек Мураталиев тарткан.